Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Сузакта Санпа каргашасы эскерилди


Санпадагы окуяларды эскерүү.
Санпадагы окуяларды эскерүү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Белдеги монумент алдында 2010-жылдагы июнь окуялары эскерилди.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты. Жалал-Абаддагы эскерүү жыл сайын 13-июнда ушул жерде өтөт.

Санпадагы эскерүү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Акылай Таштанова мында 9 жыл мурунку коогалаңда атасын жоготкон. Ал сыяктуу жабырлануучулар бүгүн окуяны эскериш үчүн Санпадагы эстеликтин алдына келишти.

Акылай Таштанова.
Акылай Таштанова.

«Ушул жерде менин атам да жолдо баратып бейкүнөө каза тапкан, - деди ал. - Эч кимдин жакыны жоголбосун. Өзбек эли да, кыргыз эли да мындан сабак алышыбыз керек. Эч качан уруш болбосун, элибиз ынтымакта жашасын. Окуянын курмандыктары унутта калбай дайыма эскерилип турсун деп тилейм».

Иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты. Жалал-Абаддагы эскерүү жыл сайын ушул жерде өтөт.

«Улуттар арасындагы жаңжал эч кимге кереги жок экенин түшүндүк, - деди облустун жетекчиси. - Бир топ күчтөр өз кызыкчылыктарына жетиш үчүн ушул кадамга барышкан. Бул жерде карапайым калк гана азап чекти. Баштаган адамдар ошол күнү жок болушту, анткени аларга элдин жана жердин бүтүндүгү керек эмес эле. Азыр да чагымчыл күчтөр бар, бирок биз - жергиликтүү бийлик жана күч кызматтары - аларга жол бербейбиз. Социалдык тармактардагы ар түрдүү туура эмес чакырыктарга азгырылбашыбыз керек».

2010-жылдын 12-июнь күнү Ош-Бишкек жолундагы «Санпа» пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам курман болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле тогуз машине өрттөлгөнү айтылган. Санпа окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. «Санпа шейиттери» коомунун мүчөсү Аскар Сариев коогалаңда бир тууган инисин жоготкон. Ал жабыркагандарга жеткиликтүү деңгээлде социалдык колдоо болбой жатканын айтты:

Аскар Сариев.
Аскар Сариев.

«Муң-кайгы унутулганы менен жүрөктөгү так эч качан кетпейт экен. Менин айтайын дегеним - ата-энесинен ажыраган жетим балдарга үй курууда жер тилкеси жагынан жардамды эртелетип берсеңер. Каргашада абдан катуу жабыр тартышты, психологиялык жактан запкы жешти. Ошол үй-бүлөлөргө эс алууга курорт-санаторийлерге да жолдомолор берилсе болмок. Биз - Манас атабыздын урпактары - айкөл эл экенбиз. Бардык улуттарды койнубузга батырып, ынтымакта жашап жатабыз. Алар да ошол жагдайды унутушпаса».

Санпадагы эскерүүгө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышааары айтылып жаткан. Бирок айрым себептерге байланыштуу ал бул иш-чарага катышпай турганы белгилүү болду.

Сузак районунун тургуну Садыржан Шарапидинов небересин ээрчитип, анын атасын эскерүүгө келди. Ал дайыма уул-кыздарына жана неберелерине тынчтык жана улуттар арасындагы ынтымак тууралуу көп айтып турарын билдирди:

Садыкжан Шарапидинов небереси менен.
Садыкжан Шарапидинов небереси менен.

«Бул дүйнөдө тынчтык болмоюнча жакшы жашоо да болбойт. Мен бул коогалаңда күйөө баламдан айрылганмын. Бул неберем атасы каза болгондон кийин төрөлүп, азыр 9 жашка чыгып калды. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн Кудай Кыргызстанда жашаган бардык элге тынчтык, аманчылык берсин. Биз, көп улуттуу калк, бул окуялардан сабак алып, биримдикти мындан ары да бекемдейли».

Бирок коогалаңда жабыр тарткандар үчүн эскерүү иш-чараларынан мурда тополоңду баштагандар жана кылмышка күнөөлүүлөрдү жазага тартуу көбүрөөк маанилүү болуп жаткан өңдүү. 2010-жылдын июнь айындагы урушта жакындарын жоготкондор бул багытта бийлик жана күч кызматтары жетиштүү иш жүргүзбөй жатат деп капа болуп турушат. «Санпа шейиттери» коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов мындай деди:

Сырдаш Мамарасулов.
Сырдаш Мамарасулов.

«Учурунда 2010-жылы окуяга тиешеси бар адамдар чет жактарга качып кетишкен. Азыр алар Кыргызстанга келе баштады. Жакында эле Базар-Коргондо маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси бар деп издөөдө жүргөн Мукидин Юлдашев деген тургун кармалган. Облустук милиция тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берген. Бирок тергөө иштери мурункудай болбой, жеңил беренелер менен айып коюлуптур. Биз буга нааразыбыз».

Июнь коогалаңында облуста 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган.

Облустук милициянын басма сөз кызматы ушул жылдын март айында Орусиядан Кыргызстанга келген учурда Базар-Коргон районунун тургуну кармалганын билдирди. Учурда диний кастыкты козутуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча айыбы угузулган адамдын иши соттун кароосунда жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG