Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Интернеттен көрүүчү издеген кыргыз сериалдары


«Кошунаны тандабайт» сериалынын тартылып жаткан учуру. 2019-жыл. (Cүрөт «1.1TV» компаниясына таандык).
«Кошунаны тандабайт» сериалынын тартылып жаткан учуру. 2019-жыл. (Cүрөт «1.1TV» компаниясына таандык).

Кыргызча сериалдар «YouTube» каналында популярдуу болуп, чыккан күнү эле 100 миңден ашык көрүүчү топтоп жатат. Алардын дээрлик баарын жеке менчик компаниялар тартууда.

«Кошунаны тандабайт» - «Ютубдагы» кыргыз сегментиндеги эң популярдуу сериалдардын бири. Анын бир сериясын эле кеминде 1,5 миллионго жакын көрүүчү көрөт.

12 бөлүмдөн турган сериалды 2019-жылы «1.1TV» компаниясы тарта баштаган. 2020-жылы сериалдын экинчи сезону жарык көрдү. Тасмада шаарда жашаган кошуналардын жашоо-турмушу сүрөттөлөт.

Сериалдын режиссеру Радик Эшимов тасма демөөрчүлөр тарабынан каржыланарын айтып, буларга токтолду.

Радик Эшимов.
Радик Эшимов.

«Сериалга каражат киного караганда көбүрөөк кетет. Кинону бир сааттык кылып тартса, биз сериалды жарым сааттан бөлүп төрт сааттан ашык тартабыз. Мында эки эсе каражат кетет. Ал эми сериалды «Ютубга» чыгарганыбыздын бир себеби мында бир гана Кыргызстанда эмес, Орусияда, Америкада жашаган жарандарыбыз дагы көрө алат».

«Кошунаны тандабайт» сериалынын экинчи сезонунун трейлери.

Кыргызстанда 2020-жылы «Ютубда» кыргыз сериалдары козу карындай көбөйгөн.

Мисалы Орусияда тартылган «Мигранттар» сериалы - Санкт-Петербург шаарында жүргөн мигранттардын анын ичинен, Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырат.

Ал эми 7-каналдын менчик сериалы «Эфир» - телеканалдын ички турмушун көрсөтүп берет.

Аталган сериалдардан башка дагы кыргыз тилинде «Байкуш», «Таң алдында», «Мектеп шайлоо» аттуу сериалдар жарык көргөн. Тасмалардын дээрлик баарын жеке менчик компаниялар тарткан.

Айрым сериалдарда көбүнчө эки тилде, тагыраагы актёрлор бир эле учурда кыргыз, орус тилдеринде сүйлөшөт. Биз «Эфир» телесериалынын режисеру Нарбото Анарбаевди кепке тарттык.

Нарбото өзү жараткан сериалдын өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтты.

Нарбото Анарбаев.
Нарбото Анарбаев.

«Кыргыздар орусча аралаштырып сүйлөп көнүп калганбыз. Бүгүнкү күндө башка сериалдар ошол эле тил менен тартылып жатат. Биз «Эфир» телесериалын нукура кыргыз тилинде, бирок заманбап кылып тартууга аракет кылдык. Бирок нукура кыргызча сүйлөтүү өтө татаал экен. Себеби, биз айтып көнбөгөн да сөздөр бар экен. «Эфир» сериалы нукура кыргызча болгону үчүн да көрүүчүлөрдү тартып жатат деп ойлойм».

Жаш режиссер мамлекеттен колдоо болсо мыкты телесериалдарды жарата турган жаштар көп экенин кошумчалады.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери көп деле телесериалдар тартылган эмес. Акыркы жылдары анча-мынча чет элдик сериалдар кыргыз тилине которула баштаганын эсепке албаса, каналдарда көбүнчө орус тилине которулган сериалдар көрсөтүлүп келет.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдын башында «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Каражолтой» сыяктуу сериалдар тартылган.

Мамлекеттик телерадиокорпорациянын базасында түзүлгөн «Кыргыз сериал» студиясы көп өтпөй жабылып калган. 2018-жылы КТРК «Ак шоола» аттуу сериал тарткан.

2020-жылдын башында кыргыз өкмөтү кино тартууга 30 миллион сом бөлгөнүн, анын 10 миллион сомуна эки телесериал тартылары айтылган. Бирок ал акча азыркы күнгө чейин бөлүнө электигин Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков «Азаттыкка» билдирди.

Кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссер Айбек Дайырбеков кыргыз сериалдарынын Интернетке көчүү темпин мамлекеттик телеканалдарда сериал сатып алуу жагы жолго коюла электиги менен түшүндүрдү.

Айбек Дайырбеков.
Айбек Дайырбеков.

«Бул закон ченемдүү көрүнүш. Себеби биздеги телеканалдардын сериал сатып алганга каражаты жок. Ал эми «Ютубдан» акча түшөт. Азыр ар бир продакшн компания өз каналы үчүн иштеп жатат. Ал эми сериалдардын маанисине, сапатына эч ким көзөмөл сала албайт. Анткени мамлекет өзү сериал тартканга акча бөлбөй туруп, кантип жеке менчик продакшн компанияларды көзөмөлдөйт? Бизде азыр цензура жок. Ар бир канал эл көрө тургандай контент тартып берип жатат да».

«Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Кара жолтой» сыяктуу сериалдарды тарткан актер, режиссер Мурат Мамбетов кыргыз сериалдарынын көбөйгөнүнө сүйүнгөнү менен мамлекеттен колдоо болбой жатканына кейиди.

Мурат Мамбетов.
Мурат Мамбетов.

«Өкмөттөн эч кандай колдоо жок. Азыр сериал болуп жатабы, болбой жатабы аны менен мамлекеттин такыр иши жок», - деди ал. «Сериал бул идеология. Бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы. Сериал менен канча жаштарды тарбияласа болот. Ошондуктан сериалдар сөзсүз мамлекеттин көзөмөлүндө болуш керек. Сериалдар көбөйүп жатса демек эл көрөт экен, элге керек экен да. Мейли көп тартышканы дурус. Анткени начар сериалдар өзүнөн өзү эле жоголот. Он сериалдын ичинен бирөөсү жакшы чыкса - ошол чоң жетишкендик».

Сериал – заманбап телекөрсөтүүнүн бир бөлүгү. Кыргыз коомчулугуна Орусиянын жана коңшу өлкөлөрдүн телеканалдары аркылуу Бразилия менен Мексиканын телесериалдары, акыркы жылдарда кытай, корей жана түрк сериалдары кеңири жайылган. Кино адистери чет элдик сериалдар кыргыз коомунун калыптанышына өз таасирин тийгизип жатканын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG