Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

«Чернобыль» чакан сериал категориясында эң мыкты деп табылды


«Чернобыль» сериалынын командасы, Лос-Анжелес. 5-январь, 2020-жыл.
«Чернобыль» сериалынын командасы, Лос-Анжелес. 5-январь, 2020-жыл.

Лос-Анжелесте 5-январда «Алтын глобус» сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү аталды. HBO каналынын «Чернобыль» фильми чакан сериал категориясында эң мыкты болуп табылды. 5 сериядан турган фильм Чернобылдагы атомдук станцияда болгон апаатты жана трагедиянын кесепеттерин баяндайт. Сыйлыкты алып жатып, сериалдын авторлору жана башкы аткаруучулар жеңишин өзөктүк катастрофадан жабыркаган адамдарга арнай турганын айтышты.

Ал эми эң мыкты фильм деп Сэм Мендестин «1917» деген тарыхый драмасы табылды. Фильм Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы британиялык эки аскер жөнүндө баяндайт.

Эң мыкты комедия же мюзикл категориясында Квентин Тарантинонун «Илгери... Голливудда» фильми жеңди.

Чет тилдеги эң мыкты фильм үчүн сыйлык «Мителер» тасмасына ыйгарылды.

«Алтын глобус» 1944-жылдан бери Голливуддагы чет өлкөлүк басма сөз ассоциациясы тарабынан берилип келет. Сыйлык 25 номинацияда тапшырылат.

XS
SM
MD
LG