Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

"Кара сүйүү" министрдин каарына калды


Өзбекстанда "Кара сүйүү" сериалын күтүп көргөндөр да, сындагандар да бар.
Өзбекстанда "Кара сүйүү" сериалын күтүп көргөндөр да, сындагандар да бар.

Өзбекстанда премьер-министр Абдулла Арипов "Кара сүйүү" деп аталган түрк сериалын көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды.

Көпчүлүк өзбек телекөрүүчүлөрүнө жаккан бул сериал былтыр жыл башында да көрсөтүлбөй калган. Анда да өзбек өкмөт башчысы каршы чыккан. Премьерге динчил жарандар, дин аалымдары да кошул-ташыл болгон. Сериал шариятка жана өзбек элинин кулк-мүнөзүнө каршы келет деген мазмундагы дооматтар айтылган.

"Zor TV" телеканалы түрктөрдүн "Кара сүйүү" деп аталган сериалын 27-июлдан тарта кайра көрсөтө баштаган. Программалардын жадыбалына ылайык, тасманын кезектеги сериясы 31-июлда Ташкент убактысы боюнча кечки саат 8де көрсөтүлмөк. Бирок эч себепсиз, түшүндүрмөсүз эле эфирге чыккан жок.

"Азаттыктын" өзбек кызматына өзүн "Zor TV" телеканалынын программалык продюссери деп тааныштырган адам түрк сериалы "динчил телекөрүүчүлөрдүн талабы" менен токтогонун билдирди.

"Өздөрүн "абийир сакчылары" деп ойлогондор, биздин ишибизге көз арткандар социалдык тармактарда кол топтоп, президенттик порталга арызданышыптыр. Алар максатына жетип тынды. Бирок сериалды эл күтүп көрүп жаткан. Ашынган динчилдердин айынан бир топ көрүүчүлөр сүйүктүү сериалынан куру калышты. Анткени алар тынымсыз каршылык көрсөтүп туруп алышты".

Атын атагысы келбеген аткаминерлердин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына премьер-министр Абдулла Арипов 30-июлда өкмөттүн жыйынында "Кара сүйүү" сериалынын көрсөтүлүшүнө тыюу салганын айтып берди жана тасма талкууланып жаткан учурда тартылган сүрөт, аудио да жөнөттү.

Ага ылайык, жыйында өзбек премьер-министри Абдулла Арипов Ташкент шаарынын мэри, «Zor TV» телеканалынын негиздөөчүсү Жахонгир Артыкхожаевди катуу жемелеген:

"Бизде айрым аткаминерлер премьер-министрдин сөзүнө кулак салбайт, өкмөттүн чечимин аткарбайт. Оюна эмне келсе, ошону жасайт. Мен ким тууралуу айтып жатканымды баарыңар эле түшүндүңөр. Алар буга чейин тыюу салынган телесериалды кайрадан көрсөтө баштаптыр. Сериалды бүгүн токтоткула деп буйрук берем! Силер премьер-министрдин сөзүн, өкмөттүн чечимин уруп да ойнобойсуңар. Бирок элдин пикирин эмне кыласыңар? Элдин баары бул сериалдын көрсөтүлгөнүнө нааразы болуп жатат. Силер бул тууралуу ойлодуңарбы?".

Былтыр февраль айында да премьер-министр Абдулла Арипов өкмөттүн жыйында "Кара сүйүү" сериалы тууралуу сөз кылган. Анда да тасманы катуу сынга алып, токтотуу тууралуу буйрук берген.

Ташкенттеги «Zor TV» телеканалы "Кара сүйүү" сериалын түркчөдөн которуп, 2017-жылдын аягынан тарта көрсөтө баштаган. Былтыр февраль айында 120-сериясы көрсөтүлгөндөн кийин эле эфирге чыкпай калган. Анын алдында Azon.uz ислам сайтында бул тасмага каршы бир канча макала жарыяланган. Сериалды түркчөдөн өзбекчеге которгондо үн коштогон актер-актрисаларды коркуткандар да чыккан.

"Кара сүйүү" сериалы Түркияда 2015-жылы көрсөтүлгөн жана 50дөн ашык тилге которулган.

Өмүрүн бай ишкер менен байлагысы келбеген, жарды чачтарачтын уулун сүйгөн, башынан түрдүү кыйынчылыктарды өткөргөн кыз тууралуу баяндаган сериалды дүйнөнүн 70 мамлекетинде, анын ичинде Кыргызстанда да көрүшөт.

Кыргызстанда телесериалга байланыштуу талаш-талкуу ушул жылдын башында чыккан.

Бир катар укук коргоочулар Коомдук телеканалдагы “Ак шоола” сериалын "ала качууну даңазалайт" деп сындап чыгышкан. Анда күйөөсү ала качып алган, жакындары ынандыргандан кийин тагдырына моюн сунуп жашап калган келиндин таржымалы баяндалган.

Тасманы тарткандар болсо "кыз ала качуу - кыргыз элинин байыртан калган салты" деген жүйө келтиришкен.

Мындан төрт жыл мурун Кыргызстанда укук коргоочулар жана жарандык активисттер Коомдук телеканалда көрсөтүлүп жаткан “Келин” аттуу индиялык сериалга каршы чыгышкан. Анда тасма эртелеп күйөөгө тийүүгө үндөйт деген чочулоону айтышкан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG