Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Орус тилдүүлөрдү "ооруткан" түрк сериалдары


"Даңазалуу доор" сериалы.
"Даңазалуу доор" сериалы.

Aкыркы он жыл ичинде түрк сериалдарынын сапаты жана көркөмдүүлүгү кыйла көтөрүлдү. Бул индустрияда иштегендер түрк сериалдарынын сценарийлери жана актёрлорунун аткаруучулук деңгээли көркөм фильмдер менен ат салышууга даяр экенин белгилешет. Муну менен бирге бул жааттагы өзгөрүүлөр чет өлкөлөргө сатылчу сериалдардын наркын көтөрүүдө.

Kотормочулук офистин директору Эмре Өзкан төрт жылдан ашуун түрк сериалдарын орус тилине котортуп, социалдык тармактар аркылуу көрүүчүлөргө сунуштайт. Иштин кандай башталганын Өзкан мындайча баяндады:

- Мен эң алгач китептерди, макалаларды түркчөдөн орусчага которуп жүрдүм. Беш жыл мурун Орусия жараны болгон Оксана менен таанышып экөөбүз баш коштук. Жубайым түркчө жакшы билбегендиктен ар күнү ал көргөн сериалдарды ага орусчага которууга туура келчү. Байкасам ал менден укканын жарым-жартылай өзүнүн досторуна да айтып берет экен. Андан соң мен бир сериалдын бир бөлүмүн которуп, субтитр жасап көрдүм. Орус социалдык тармактарына койдум, көрүүчүлөрүм пайда болду. Ошондон улам төрт жылдан бери кичинекей тобум менен миңдеген сериалдарды котордум. Чоң киреше алып келбесе да кызыктуу иш.

Таржымачылар 90 мүнөттүк бир бөлүмдү кыска убакытта которуп, аны редакторлорго бериши зарыл. Ушу тапта редакторлор түркчө, орусча мыкты билген котормочуларга муктаж.

Түркияда жашаган Мира Молдобаева өз иши болгону менен, кошумча киреше катары үйүндө отуруп алып котормочулук менен алектенет. Орус тилдүү көрүүчүлөргө сериалдын кандайча которулуп жатканын Мира айым мындайча түшүндүрдү:

- ВКонтакте социалдык тармагында түрк сериалдарын орусчага которгон топтор бар. Анда котормочулар, редакторлор, сабберлер (фильмге субтитр жасаган адис) жана модераторлор бирге иштешет. Биздин топто эки котормочу бар болчу. Сериалдын бөлүмү эфирге чыгары менен Ютубга түшөт. Биз ошол жерден аны бөлүшүп, 4-5 саат ичинде редакторго жиберебиз. Текст текшерилгенден кийин сабберге берилет. Саббер тексттен субтитр жасап, сайтка жүктөйт. Бардык иштер колдон келишинче ыкчам жасалат. Мисалы, бөлүм кечки саат ондо Түркияда эфирге чыкса, эртеси күнү күндүз он экиде котормосу менен көрүүчүлөргө сунушталат.

Которулган сериалдар миңдеген сайттар аркылуу көрсөтүлгөндүктөн анын тездиги, техникалык сапаты да чоң роль ойнойт. Котормочу Эмре Өзкан өз кезегинде бул иште кирешенин 100 пайызы жарнамадан түшөрүн белгилесе, Мира котормо үчүн көрүүчүлөрдөн да акча топтолорун айтты:

- Иштешкен топтун модератору каржылык иштер менен алек болот. Көрөрмандардан бөлүмдүн котормосу үчүн акча топтоп, топтун мүчөлөрүнө бөлүштүрөт. Эки сааттык бир бөлүм үчүн болжол менен 1500-2000 рубль топтолуп, иштегендерге банк аркылуу которуп жиберишет.

Интернеттин издөө баракчаларына "түрк сериалдарын көрүү" деп орусча жазганыбызда миңдеген ар түркүн сайттар чыгат. Ар бири Түркияда көрсөтүлүп жаткан сериалдарды орусча субтитр же болбосо орусча үнү коштолгон версияларын сунушташат. Мындан тышкары социалдык тармактарда түрк сериалдары, актёрлору туралуу маалыматтар камтылган миңдеген баракчалар бар. Интернеттен көрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо дискин сатып алып сериалды артынан кууп көргөн фанат көрүүчүлөр да кездешет.

Жайлоодо мал баккан Жыпар эженин жайында сериал көрүүгө убактысы болбогону менен, кыштын узак түндөрү дисктен бир сериалдын толук бөлүмдөрүн бир нече ирет көрүүгө жетишерин айтып берди.

- Эми баары эле базардан алган дисктерден көрүп жатышпайбы. Биз да абышкам менен “Даңазалуу доор” сериалын алгач ирет орусча көрүп, андан соң түрк сериалдарына кызыгып калдык. Жума сайын бирден бөлүмү чыгат, аны да билип алдык. Айылда бири-бирибизден сурап көрүп алат элек. Тарыхый темада болгон үчүн биздин курактагыларга ылайыктуу болчу. Акыркы алгандарыбыз эмнегедир жаштарга ылайыкталып тартылгандай. Андыктан көрбөй калдык. Кышында эрмек болуп үйдө отуруп көргөнгө жакшы экен.

“Даңазалуу доор” Түркиянын сериал индустриясындагы эң мыкты жана кирешелүү долбоор деп эсептелет. Анын бир бөлүмү 120 миң долларга сатылып, жалпы кирешеси 13 миллион долларга жеткен. Орусия, Иран баш болгон 42 өлкөгө расмий түрдө сатылып, 150 миллион киши көргөн.

Жыл өткөн сайын түрк продюсерлери жергиликтүү аудиторияга гана басым жасабастан, чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү да эске ала башташты. Сериалдын рейтингин белгилөөчү элементтерден мыкты сценарий, туура тандалган актёрлор менен катар Түркиянын маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын кошуу аракети жасалууда. Көбүнесе романтизм, сүйүү тууралуу баяндаган сценарийлер эң көп көрүүчү топтогон жанр катары белгиленип келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG