Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

«Чернобыль» сериалы «Эмми» сыйлыгын алды


«Чернобыль» сериалы чыныгы окуялардын негизинде тартылган.
«Чернобыль» сериалы чыныгы окуялардын негизинде тартылган.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында «Эмми» сыйлыгын 71-жолу тапшыруу аземинде «Чернобыль» чакан сериалы «жылдын мыктысы» деп табылды. Бул тасманы америкалык HBO жана британиялык «Sky» каналдары тарткан.

Сериал 1986-жылдагы СССРдин тушунда Чернобыль атомдук станциясындагы авариянын кесепетин жоюудагы чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына негизделген.

«Эң мыкты драмалык сериал» наамы «Тактылар оюну» сериалына ыйгарылды. Бул сериал жалпысынан 12 сыйлык алды. Тасмадагы Тирион Ланнистердин ролун ойногон Питер Питер Динклэжге «Экинчи пландагы эн мыкты драмалык актер» наамы берилди.

«Эң мыкты комедиялык сериал» наамындагы «Эммини» «Fleabag» сериалы алды.

«Эң мыкты драмалык актер» Билли Портер («Поза» сериалы) болду, ал эми «эң мыкты драмалык актриса» деп Жуди Комер («Еваны өлтүрүү» сериалы) табылды.

Америкалык телеакадемиянын «Эмми» сыйлыгы 1949-жылдан тартып берилет жана «Оскар» сыйлыгына теңата деп саналат.

XS
SM
MD
LG