Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Кыргызстанды “Корей толкуну” каптоодо


Жаштар арасында Кореянын музыкасы, сериалдары өзгөчө популярдуу болууда. Ал эми алардын каармандары кыргыз өспүрүмдөрүнүн кумирлерине айланууда.



Кореянын SS5 тобунун аткаруусундагы бул ыр Бишкектин миңдеген секелек кыздарынын уюлдук телефондорунан жаңырганын укса болот.

Корей өлкөсүнүн бир гана ырлары эмес, сериалдары, тамактары, кийинүү стили кыргыз жаштарынын арасында модага айланды.



Жөн гана угуп, көрүп тим болбостон арасында корей тилин үйрөнүп, маданиятына баш оту менен кирип кеткендер да бар. Айжамал алардын бири:

- Бардыгы музыкадан башталды. Угуп жүрүп эле корей тилине кызыгып калдым. Европада, Америкада, Индонезия, Австралия, айтор дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө корей музыкасынын фанаттары бар, алар менен интернет аркылуу байланышып турам.

“Халью” деген ат менен чыгыш өлкөлөрүн, тагыраак айтканда Жапония, Кытай, Тайланд жана жакынкы жылдардан бери Орто Азияны каптап келе жаткан бул толкундун Кыргызстанга жеткенине эки жылдай болуп калды. Ошондон бери корей сериалдарындагы жаш актер балдар келишимдүү келбеттери менен көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салып келет.

Аларды көргөн кыргыз жигиттери биз да кем калышпайлы дештиби, айтор, чачтарын көздөрүнө чейин өстүрүп, ичке ачык түстөгү шымдарды кийишип, бардык жагынан окшош болгонго аракет кылышууда.

“Бул жөн гана мезгилдин талабы, ар бир учурдун өз модасы болот” деген оюн билдирди стилист жана дизайнер Замира Молдошева:

- Ар бир мезгилдин өзүнүн модасы бар. Мисалы, бир кезде Митхун Чакрабортини туурап эркектер чачтарын тармалдатып жүрүшкөн эле. Эми азыр корей сериалдары өтө мода болуп, мага келип “Гу Жун Пёнукундай кылып чачымды жасап бер” дешет. Эми бул кадимки эле көрүнүш. Менимче, балдар кыздарга окшошуп калып атышат.

Корей толкуну каптагандан кийин Бишкекте корей кийимдерин саткан дүкөндөрдүн саны көбөйдү. Ушундай дүкөндөрдүн биринин сатуучусу Зарина кардарлар аз эмес деп билдирди.

- Көбүнчө жаш кыздар келишет, туникаларды сатып алышат. Ошондой эле каталог аркылуу заказ кылышат.

Манасчы Рыспай Исаков бул көрүнүштү жактыра бербейт:

- Учурунда кайсы нерсе көбүрөөк таасир берип жатса, жаштар ошону туурашат. Анан аларды деле күнөөлөй берүү болбойт. Өзүбүз балдарга тарбия берүүнү, кандай тасмаларды көрсөтүүнү билишибиз керек болчу.
XS
SM
MD
LG