Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

“Киностан” Кыргызстандын Голливуду боло алабы?


Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасынан бир көрүнүш.
Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасынан бир көрүнүш.

Тоң районунда “Кинематография-Киностан” маданий эркин экономикалык аймагын түзүү боюнча демилгени Жогорку Кеңештин үч комитети колдоду.

Адистердин айтымында, бул мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынып калса, кино өнөрүн өнүктүрүүгө, кыргыз маданиятынын жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүнө түрткү берерин белгилешүүдө.

Кино чеберлер кыргыздын мыкты тасмаларынын көпчүлүгү табийгаты төрт тарабынан төп келген ушул Тоң районунун аймагында тартылганын сыймык менен айтып калышат.

Каныбек Иманалиев Санкт-Петербургдагы конференцияда. 27-октябрь,2010-жыл.
Ошол себептүү кино өнөрүн өркүндөтүү жана улуттук маданияттын деңгээлин көтөрүү максатында парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Тоң районунда "Кинематография-Киностан" маданий эркин экономикалык аймагын түзүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде каралып, жактырылды.

- Кино тармагынын өнүгүүсү үчүн бийлик саясий-укуктук чечим чыгарып бериши керек. "Мына биз силерди колдойбуз. Кинону өзүңөр акча таап, тасма тарткыла",-деп. Ошол эркин экономикалык маданий "Киностан" аймагын түзүү ушуга багытталган.

Каныбек Иманалиев белгилегендей ушул кезге дейре Тоң районунда кол өнөрчүлүк, куш салуу, тайган агытуу, улуттук ат оюндары сакталып, аны өнүктүрүү аракеттери дагы жакшы жолго коюлган.

Ошол себептүү аталган мыйзам долбоорун режиссер Эрнис Абдыжапаров экөө иштеп чыгып, парламенттин экономикалык стратегия жана туризм боюнча, акча-насыялык саясат жана билим берүү, илим, маданият комитетине сунуштап, кызуу талкуудан кийин колдоого алынды.

Режиссер Эрнис Абдыжапаров өткөн доордун 80-жылдары көрүнүктүү кинорежиссер Төлөмүш Океев Орто Азиянын кино тармагын өндүрүү үчүн Тоң районунда Голливуд сыяктуу өзүнчө жай куруу сунушу менен СССРдин мамлекеттик кино дирекциясына расмий кайрылып, бирок колдоо таппай калганын, Океевдин ошол идеясын азыр ишке ашыруу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Тоңдо "Кинематография-Киностан" маданий эркин экономикалык аймагын түзүү мыйзамы кабыл алынып калса, чет өлкөлөрдөн келген киночеберлердин келүүсүнө кенен жол ачылып, инвестиция тартууга өтө жакшы шарт түзүлөт эле.

- Бул мыйзамдын биринчи кадамы, жогорку деңгээлдеги техникалар менен камсыз болуп, анан чет мамлекеттен келген киночулар ошол жерден өздөрүнүн тасмаларын тартып, ижара акысын да төлөп кетишет. Экинчи кадам, ошол чет мамлекеттен инвестициялар келип, өздөрүнүн киностудияларын куруп, киноиндустрияны өндүрүп чыгара баштайт. Үчүнчү кадам бул жерде бара-бара маданий борборго айланып калат. Кинофестивалдарды, улуттук оюндарды, түрк оюндарын, көргөзмөлөрдү, бизнес-форумдарды уюштурууга жол ачылып, жакшы шарттар түзүлөт.

Эрнис Абдыжапаров "Кинематография-Киностан" маданий эркин экономикалык аймагы аркылуу ишкерлердин же чиновниктердин кандайдыр бир пайда көрүүсүнө, коррупциялык иштерге жол берилбестигин кошумчалады.

Кинорежиссер Замир Эралиев.
Ал эми “Кыргызкино” улуттук концернинин мурдагы жетекчиси, режиссер Замир Эралиев жогорудагы мыйзам долбоорун колдоорун белгилеп, бирок буга чейин кыргыз киносун өнүктүрүү боюнча кабыл алынган мыйзамдар сыяктуу, турмушка ашырылбай, кагазда жазылган боюнча чаң басып калуу коркунучу бар деп эсептейт.

- 2001-жылы кино тармагы жөнүндө бизде мыйзам кабыл алынган. Бирок ал мыйзам ушул күнгө чейин аткарылбай келатат. Ошол мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин 0,01 пайызы кино тартууга бөлүнүп туруусу каралган. Ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин иштебей жатат. Кыргызстанда мыйзамдар аткарылбагандыгы үчүн кинотармагы да башка тармактар сыяктуу эле жылбагандай сезилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев болсо жакын арада "Кинематография-Киностан" маданий эркин экономикалык аймагы боюнча мыйзам долбоорун Тоң районунун эли жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде талкуулашарын билдирип, алардан колдоо табарына ишеними бар экендигин айтты.
XS
SM
MD
LG