Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Голливуддун "Клеопатрасы" дүйнө салды


Голливуд жылдызы Элизабет Тейлор Клеопатранын ролунда. 1963-жыл.
Голливуд жылдызы Элизабет Тейлор Клеопатранын ролунда. 1963-жыл.

XX кылымдын эң белгилүү Голливуд жылдызы Элизабет Тейлор 79 жашында дүйнө салды. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Тейлордун жүрөгү кармап, ооруканага жеткирилген. Тейлор 23-мартта Лос-Анжелестеги клиникада жүрөк оорусунан көз жумду.

1932-жылы Лондондо жарык дүйнөгө келген Элизабет Тейлор Американын символдорунун бири болуп калды. Актриса киного биринчи жолу 12 жашында эле тартылган. Атактуу “Клеопатра” тасмасына тартылып, Элизабет Тейлор миллион доллар гонорар алган алгачкы актриса катары тарыхта калды.

Элизабет Тейлор 1960-жылы “Баттерфилд, 8” аттуу тасмада, андан алты жылдан кийин “Виржиния Вулфтан ким коркот” деген тасмада жараткан ролу үчүн Оскар сыйлыгын алган.

Акыркы убактарда Элизабет Тейлор менен Майкл Жексондун достугу тууралуу бир топ кептер айтылып жүргөн.

1997-жылы британиялык абройлуу “Эмпайр” журналы Элизабет Тейлорду бардык убактардагы эң мыкты 100 актердун тизмесине кошкон.

Элизабет Тейлор тууралуу сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.
XS
SM
MD
LG