Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Өзбекстан "Кара сүйүү" сериалын көрсөтүүгө тыюу салды


"Кара сүйүү" сериалынын актерлору.
"Кара сүйүү" сериалынын актерлору.

Өзбекстанда премьер-министр Абдулла Арипов "Кара сүйүү" деп аталган түрк сериалын көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды.

Көпчүлүк өзбек телекөрүүчүлөрүнө жаккан бул сериал былтыр жыл башында да көрсөтүлбөй калган. Анда да өзбек өкмөт башчысы сериал шариятка жана өзбек элинин кулк-мүнөзүнө каршы келерин айтып чыккан.

"Азаттыктын" өзбек кызматына өзүн "Zor TV" телеканалынын программалык продюссери деп тааныштырган адам түрк сериалы "динчил телекөрүүчүлөрдүн талабы" менен токтогонун билдирди.

"Кара сүйүү" сериалы Түркияда 2015-жылы көрсөтүлгөн жана 50дөн ашык тилге которулган.

XS
SM
MD
LG