Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Телеканал турмушу «Эфирде» көрсөтүлөт


Сериалдан алынган сүрөт.
Сериалдан алынган сүрөт.

«Жетинчи канал» 6-апрелде көрөрмандарга «Эфир» деп аталган кыргызча сериал тартуулай баштады.  

Тасмада коомдук-саясий турмуш, социалдык көйгөй, баалуулуктар, текеберлик менен адамгерчиликтин ортосундагы жарака, мамилелердин тиреши телеканал кызматкерлеринин ишмердиги аркылуу көрсөтүлгөн.

11 бөлүктөн турган сериал тартуу иштери 2019-жылы башталып, жети айга айга созулду.

Фильмдеги каармандардын ролун буга чейин элге кино же спектаклдер аркылуу таанылбаган кишилер аткарышты.

Пенсия курагындагы Сабира Муратова буга чейин тасма дүйнөсүнө аралашкан эмес. Ал тасмага түшүп жаткан небересин коштоп келип жүрүп, өзү да сериалдагы образдардын бирин экранга алып чыкты.

Сабира Муратова.
Сабира Муратова.

«Кино тарткандар уктабай да коёт экен. Тамакты да убагында ичпей, иштешет экен. Чыгармачыл топтун аракетчилдигин көрүп, аябай ыраазы болдум», - дейт ал.

Сериалдагы башкы каармандын бирин 11-класстын окуучусу Айдана Тыныбекова аткарды. Ал телеканалдагы интригалардын чордонунда калган 23 жаштагы алып баруучу кыздын образын жаратты.

«Режиссерлор адамды башкача көз менен көрөт окшойт, - дейт ал. - Мага ушул ролду ишенип тапшырышты. Ал эми жаш куракты бир аз улуу көрсөтүш үчүн грим кылышты. Бул сериалда ойноо жараянында өзүмдө да тележурналистикага кызыгуу пайда болуп калды».

«Эфир» сериалынан.
«Эфир» сериалынан.

Сериалдын режиссеру Нарбото Анарбаев, сценарийин Жыргал Сулайманов жазды. Идеянын автору, «Жетинчи каналдын» жетекчиси Алтынбек Жумаев бул долбоордо баш-аягы элүүдөй адам иштегенин айтып, «Эфир» сериалы жергиликтүү менчик телеканалда тартылган сапаттуу алгачкы тасма экенин белгиледи:

«Аймактагы таланттарды элге алып чыгуу, аларга колдоо көрсөтүү – менин негизги принциптеримдин бири. Башында көп ойлондум, бир канча чыгармаларды окуп, сценарийлерди карап чыктым. Бирок мага телевидениенин турмушу жөнүндө фильм тартуу жакыныраак болду. Өзүм ушул тармакта иштейм. Жеке менчик телеканалды түптөп, бутка тургузган, мамлекеттик телеканалда иштеп кеткен, бул тармакты ичинен билген адам катары мага ушул тема жакын болду. Коомдогу өйдө-төмөн окуяларды телевидениенин турмушу аркылуу чагылдырууну туура көрдүм».

Кыргызстанда көп деле телесериалдар тартылган эмес. Акыркы жылдары анча-мынча чет элдик сериалдар кыргыз тилине которула баштаганын эсепке албаса, каналдарда көбүнчө даяр которулган орус тилиндеги сериалдар берилет.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдын башында «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Каражолтой» сыяктуу сериалдар тартылган. Мамлекеттик телерадиокорпорациянын базасында түзүлгөн «Кыргыз сериал» студиясы көп өтпөй жабылып калган. 2018-жылы КТРК «Ак шоола» аттуу сериал тарткан.

2020-жылдын башында кыргыз өкмөтү быйыл кино тартууга 30 миллион сом бөлгөн. Анын 10 миллион сомуна эки телесериал тартылары айтылган.

Сериал – заманбап телекөрсөтүүнүн бир бөлүгү. Кыргыз коомчулугуна Орусиянын жана коңшу өлкөлөрдүн телеканалдары аркылуу Бразилия менен Мексиканын телесериалдары, акыркы жылдарда корей жана түрк сериалдары кеңири жайылган.

Ал арада казак, өзбек телеканалдары чет элдик сериалдарды сүрүп чыгарууга аракет кылышууда. «Жетинчи канал» тарткан «Эфир» сериалы кыргыз телеканалдарындагы ошол өксүктү толтуруп, андан ары кыргызча сериалдардын саны көбөйөт деп үмүт артып туралы.

Сериалдын саундтрегин АКШда жашаган ырчы Эрлан Андашев аткарды.

Алгач Жалал-Абадда түптөлгөн «Жетинчи каналдын» баш кеңсеси азыр Ош шаарында жайгашкан. Республикага көрсөтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG