Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Пандемияда кино тармагы кирешеден кол жууду


"Оскар" сыйлыгынын статуэткасы.
"Оскар" сыйлыгынын статуэткасы.

Кино өндүрүшүнүн алпы Голливуд марттын ортосунда эле 20 миллиарддай доллардан кол жууганын чет элдик басылмалар эсептеп чыгышкан эле.

Андан берки үч айда дүйнөлүк кино индустриясы пандемиядан улам канча чыгым тартканын экономисттер эсептей албай жаткан чагы.

Анткени билеттен тышкары попкорн жана суусундук саткандардын да иши токтоду.

Кино премьералардын баары белгисиз убакытка чейин жылдырылды.

Серепчилер дүйнөнүн эң ири кинотеатрлар тармагы катары таанымал AMC июндун аягында же июлда жабыларын болжолдошууда.

АКШдагы бул компания чыгашасын кыскартуу үчүн 600 башкаруучу адисин жана жалданып иштеген 25 миң кызматкерин таратууга аргасыз болду.

AMC тармагы 561 залы бар 62 кинотеатрга ээлик кылат, дүйнө боюнча 875 кинотеатрды (10 000 экран) ижарага алып иштетип келген.

Франциянын Канн шаарында жыл сайын өткөн сыйлык тапшыруу аземи да быйыл белгисиз убакытка жылдырылды.

Кыргызстанда болсо улуттук “Ак илбирс” сыйлыгы тапшырылбай калды. Эң ири кинотеатрлар тармагы – Cinematica өкмөттүн токтомуна баш ийип, 17-мартта жабылган бойдон качан ачылары белгисиз.

Март айында прокатка жаңы чыгып жаткан тасмалардын арасында актерлор Эмил Эсеналиев жана Болот Тентимишов катышкан “Супер кудалар” аттуу комедия да бар эле. Карантиндин айынан тасма көрүүчүлөргө толук жетпей калды.

Ал эми режиссер Данияр Абдыкеримов ушул жазда кастинг жарыялап, коркунучтуу жанрда сериал тартууга белсенген. Пандемиядан улам тилеги таш капты.

“Пилоттук сериясын тартууга киришкени жатканбыз. Карантин түздөн түз таасирин тийгизди, себеби сериалдын жарымы Борбор Азиядагы Америка университетинде тартылмак, окуу жай жабылып калды. Эми күзүндө ишке кайтып келүүнү күтүп жатабыз”, - деди Абдыкеримов.

Коронавирустун күчү кайта электе Бишкекте жаңы кастинг жарыяланды. Немис режиссеру Петер Барановски Кыргызстанда толук метраждуу тасма тартмай болуп учурда 25 жаштан 35 жашка чейинки айымды издеп жатат. Тасма канаттууларды изилдеген (орнитолог) айым тууралуу болот.

Кыргызстанда кино тартуу учурунда саламаттык сактоо шарттары, вирустан коргонуу чаралары кандай болору чыгармачыл топтун жана режиссерлордун өз жоопкерчилигинде. Саламаттык сактоо министрлиги же маданий мекемелер расмий түрдө тыюу салган эмес.

Ал эми Голливуд бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылып, атайын эрежелерди иштеп чыкканы белгилүү болду.

12-июнда Лос-Анжелесте чыгармачыл топтордун ишине уруксат берилди. Актерлор жана режиссерлор гильдиясы мүчөлүк кылган атайы Эмгек коопсуздугун тейлеген комитет Голливудда кино же телепрограмма тарткан чыгармачыл топторду көзөмөлдөөчү 37 беттик китеп чыгарган.

Анын ичинде төмөндөгүдөй эрежелер камтылган:

  • Чыгармачыл топ күн сайын симптомдорду онлайн түрдө текшерүүгө катышат. Адамдын дене табы күн сайын текшерилип, колу скринингден өтөт.
  • "Ар апталык тестирлөө маанилүү”. Актер же актриса өзүн жаман сезип жатса, жумушка чыкпашы зарыл. Эгер чыгармачыл топтун мүчөсү карантинге алынса, анын эмгек акысы толук төлөнүшү шарт.
  • Кагаздан баш тартуу. Кагаз түрүндөгү сценарийсиз иштөө мүмкүн болбосо, чыгармачыл топтун ар бир мүчөсүнө өзүнчө көчүрмө берилиши шарт. Топ ичинде жумушка катышкандар кол гигиенасын эстен чыгарбоого тийиш.
  • Топтун саламаттыгын көзөмөлдөгөн атайын бөлүм, анын ичинде менежер жана медициналык кызматкер болушу абзел.
  • Зоналарга бөлүү: А – курамы дистанцияны сактабайт, коргонуу каражаттарын колдонбостон иштешет. «А зонасы – эң аз корголгон, кооптуу жай». B зонасы – социалдык аралыкты сактап, беткап тагынышы кажет. С зонасы – тышкы чөйрө. А же B зоналарына тесттен өтпөгөндөр кире албайт. А зонасында иштегендер жалгыз гана B зонасындагылар менен байланышта болот.
  • Иш мөөнөтү болушунча кыскартылат. Жумуш 10 сааттык режимден ашпоосу зарыл, ашыкча иштөө сунушталбайт. Өндүрүш жайына чоочундардын киришине тыюу салынат. Жумуш шарттары мүмкүнчүлүк берсе, өндүрүшкө катышкандардын бардыгы беткап же коргоочу системаларды колдонушу зарыл.
  • Актерлор жана чыгармачыл топ кооптонууларын анонимдик түрдө бөлүшүү үчүн атайын түз байланыш линиялары түзүлөт.
  • Жеке жолушуулар кыскартылышы зарыл: эгер байланышты видеоконференция же телефон аркылуу аткаруу мүмкүн болсо, жолугушууга барбай эле койгон оң.
  • Көпчүлүк, массовка катышкан эпизоддорду азайтуу зарыл.
  • Актерлор кино тартуучу жайда көпкө кармалбоого тийиш: башка кишилер менен байланыш болушунча кыска, аз санда болгону дурус. Демек, аткаруучулар А зонасынан чыкпай бир визажист жана бир чач тарач менен жолугушкандай шарт түзүлөт.
  • Аткаруучулар сөзсүз тест тапшырат: айрыкча сүйүү, мушташ эпизоддоруна катышкандар, башкаларга караганда дыкат текшерүүдөн өтүшү абзел.
  • Жашы жете электер, айрыкча социалдык аралыкты, санитардык эрежени түшүнө элек бала-бакыра мүмкүн болсо имараттын тышында турганы оң. Аларды бир насаатчы жана бир ата-эне гана коштой алат.
  • Саякаттоо чектелет, анын ордуна жергиликтүү чыгармачыл топтор колдонулат. Эл аралык рейстерде актерлор жана чыгармачыл топтун мүчөлөрү, башка адамдар менен байланышты азайтуу үчүн биринчи класста гана учушат.
  • Көпчүлүк жүргөн жайларда, адамдардын кыймылын башкара албаган жагдайда иштөө мүмкүн болушунча чектелет. COVID-19 чыккан жерлерде иштөөгө тыюу салынат.

Айтор коронавирус пандемиясы маданий чөйрөдө мурда калыптанып калган бир топ эрежелерди өзгөртчүдөй. Айрыкча кино тармагы жакынкы жылдары тасма тартуунун жаңы, өзгөчө ыкмаларын сунушташы ыктымал. Ага чейин сак болуңуз жана жакындарыңызды сактаңыз дегим келет.

Канат Рыскулов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG