Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:08

Арабөк калган аймактык кинотеатрлар


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыркка жакын мамлекеттик кинотеатр бар. Алардын көпчүлүгүндө кино дээрлик коюлбай калган. Ушундан улам айрым аймактык кинотеатрлар өзүн өзү каржылай албай ашканага, чайканага айланган.

Аймактык кино ишмерлери мындай көрүнүштү мамлекет бөлгөн каражаттын тартыштыгынан улам мекемени сактап калуу далалаты деп түшүндүрүшөт.

Кинематография департаменти учурда жогорудагы маселелерди чечүүнүн жолдору талкууланып жатканын билдирди. Серепчилер мамлекеттик кинотеатрлардын болушу бүгүнкү күндүн талаптарына туура келбейт деген пикирде.

Кече жакында социалдык тармактарда Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешинде аталган аймактагы «Алтын казык» кинотеатрын кафе катары пайдаланууга тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлгөнү маалымдалды. Бул тууралуу аталган кинотеатрдын жетекчиси Кубат Досалиевдин өз оозунан уктук.

«Кинотеатрдын бош жерлерине чайкана кылып, эл жеңил тамак-аш жей турган жер кылып уюштуруп, аларды ижарага берип келатабыз, - деди ал. - Ижарага бир жылдык келешим менен беребиз. Ошолордон түшкөн каражат менен кинотеатрдын капиталдык ремонтун жүргүзүп жатабыз. Май айында эле 450 миң сомду ижарачылардан чыгардык. Бирок бул кафе болобу, чайкана болобу, кинотеатрда коюлган киного же чогулуш болгонго эч кандай зыянын тийгизбейт».

Досалиев аталган кинотеатрга мамлекеттик кино өтө сейрек келерин, ал эми жеке режиссерлор өз тасмаларын башка мекемелер, мектептер менен келишим түзүп коюп жүргөнүн айтты. Сөз болуп жаткан кинотеатрда болсо учурда алты киши казынадан айлык алып иштейт. Мындан сырткары имаратты кармап турууга жылына 20-30 миң сом акча бөлүнүп турат.

Учурда республика боюнча мамлекеттик 38 кинотеатр бар. Алардын ичинен Бишкек, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош шаарларында жана Ноокат, Ала-Бука райондорунда жайгашкан он кинотеатр көп жылдык ижарага берилген. Адистердин айтымында, калган кинотеатрлардын абалы «Алтын казык» кинотеатрындай эле. Алардын ичинен ушу тапта мамлекеттин же сыркы инвесторлордун каражаты менен оңдоп-түзөлүп жатканы, каражат булагы табылбай кыйроо абалында турганы да бар. Эң башкысы - республиканын калкын тейлөө иштерин аткарып жатат деген 17 кинотеатрда деле дайыма кино көрсөтүлө бербейт.

Анын себебин Кинематография департаментинин өкүлү Жолдошбек Кыргызбаев мындайча түшүндүрдү:

Жолдошбек Кыргызбаев.
Жолдошбек Кыргызбаев.

«Негизги кинолор Бишкекте жана Ошто коюлуп атат. Жеке режиссерлор тарткан киносун бизге бербей, айрым убактарда гана бара калып облустардын же райондордун борборлорунда көрсөтүп кетип атат. Айылдарга чынында жетпей жатат. Аларды «прокатка бизге бергиле» десек «өзүбүз прокат кылабыз» деп беришпейт. Бул жерде мыйзамсыздык да жүрүп жатат. Жеке режиссерлор өздөрү тасма тартат, анан кинотеатрларга барып билет сатып көрсөтпөй, салык төлөбөй, өздөрү каалаган жерге барып коюп, жеке чөнтөктөрүнө иштеп жатат. Бул өкмөттүк деңгээлде көтөрүлө турган маселе».

Кыргызбаев мамлекеттин каражатына тартылган бирин-экин тасма аймактарга көрсөтүлгөндө өзүн актабай каларын, ошондуктан быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республикалык кино жүгүртүүнү өнүктүрүш үчүн коммерциялык тасма тартуу боюнча демилге көтөргөнүн кошумчалады.

Режиссер Темир Бирназаров азыркы тапта чоң шаарлардагы кинотеатрларда деле автордук тасмаларды көргөндөр аз экенин кеп кылып, аймактын кинотеатрларга көпчүлүккө жаккан тасмалар барбай жатканын эске салды:

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

«Кинотеатрлар автордук тасмаларды койдурбайт. Ага кишилер көп келбейт. Ага ошол мекеменин убактысы, электр энергиясы кетет. Аларга жеңил-желпи тасмаларды алып барыш керек. Негизи кинотеатрларга 25-30 жашка чейинкилер эле барат. Алар жеңил-желпи кинолорду көрүшөт. Голливуддукун көрүшөт дегендей. А биз «Түнкү кырсыкты» «Ала-Тоо» кинотеатрына койдук эле, эч ким келбей койду. Менден кийин Актан «Кентаврды» койду. Ага деле киши келбей койду».

Бирназаров мамлекеттик кинотеатрлар өздөрүнө кардар тартыш үчүн ижарага берилген кинотеатрлардын иштөө ыкмасын туураш керек деп сунуш кылууда.

Антсе да мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун пикиринде, учурда бул багытта СССРдин эски системасын кайрадан иштетүүнүн кажети жок.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

«Бул маселенин эки тарабы бар, - деди ал. - Мамлекетти кыйнап, кинотеарларды салып кереги жок. Ал баары бир иштетилбейт. Кайра эле талкаланып жок болот. Бул мурдагы эле советтик доорду кайталоо. Мурда бул боюнча өзүм да маселе койгом. Аймактагы кинотеатрларды ишкерлерге ижарага сунуш кылып көргөм. Эч ким албай койгон. Анткени аймактарда эл аз. Айылдар чачкын жайгашкан. Эл киного келген күндө да өзүн өзү актабайт».

Максүтов анан калса учурда кыргыз киносунун жылына 100гө жакын тасма тартылган мезгили өткөнүн, бул багытта башка бир жол издей турган учур келгенин кыстарды.

Буга чейин режиссер Таалай Кулмендеев «Азаттык» үналгысына кыргыз киносу кризиске туш болгонун белгилеп, ушу тапта мамлекеттик кино тармагы өндүрүш, башкаруу, кино жүгүртүү жаатында түп-тамырынан бери реформага муктаж экенин билдирген.

Кинематография департаментинин ЖКга берген быйылкы билдирүүсүндө Кара-Буура районундагы «Семетей», Кочкор районундагы «Чолпон», Өзгөн районундагы «Айчүрөк», Сокулук районундагы «Кыял», Жумгал районундагы «Соң-Көл» кинотеатрлары кыйроо абылына туш келип, кайра калыбына келтирүүгө жалпысынан 70 миллион сомго жакын каражат талап кылынары эсептелген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG