Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

«Мителер» Голливудду багындырды


"Мителер" тасмасынын режиссёру Пон Чжун Хо (ортодо) жана тасманын актёрлору. Булак: Мэтт Петит (Matt Petit), A.M.P.A.S., "Reuters" агенттиги.
"Мителер" тасмасынын режиссёру Пон Чжун Хо (ортодо) жана тасманын актёрлору. Булак: Мэтт Петит (Matt Petit), A.M.P.A.S., "Reuters" агенттиги.

"Оскар" киносыйлыгынын тарыхында биринчи жолу чет тилде тартылган тасма баш байгени жеңип алды. Түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун "Мителер" аттуу тасмасы «Эң мыкты фильм» деп табылды. Лос-Анжелесте 9-февралда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде бул тасма дагы үч "Оскарга" ээ болду.

Байлар менен кембагалдардын ортосундагы ажырымды өзгөчө жол менен чагылдырган корей тилиндеги "Мителер" ("Parasite") тасмасы тарыхка кирди. Ал "Оскар" сыйлыгынын 92 жылдык тарыхында "Эң мыкты фильм" номинациясын жеңип алган чет тилдеги биринчи тасма болуп калды.

Социалдык сатира жанрындагы бул фильм «Эң мыкты чет элдик тасма» жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыктарына да ээ болду. Режиссёру Пон Чжун Хо кореялыктардын ичинен биринчи болуп "Эң мыкты режиссёр" наамын жеңип алды.

"Мыкты чет элдик тасма наамын жеңип алгандан кийин ушуну менен бүттү го, эс ала берейин деп ойлогом", - деп билдирди Голливудду багындырган Пон Чжун Хо.

50 жаштагы режиссёр Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинин алдында тасмалардын кайсы тилде чыкканы эмес, сапаты маанилүү экенин, Голливуддун эшиги чет өлкөлүк фильмдерге ачылып баратканын белгилеген.

"Мителер": Басмырлоо жана ач көздүк

"Мителер" тасмасындагы жарым-жартылай жер төлөөдө жашаган үй-бүлө.
"Мителер" тасмасындагы жарым-жартылай жер төлөөдө жашаган үй-бүлө.

132 мүнөттүк "Мителер" тасмасы корей коомундагы класстык басмырлоо менен ач көздүктү ашкере бай жана кедей эки үй-бүлөнүн адаттан тыш мамилеси аркылуу чагылдырат. Көз жоосун алган хансарайда жашагандар менен таштандыга толгон, кир, быкы-чыкы конуштагы жарым-жартылай жер төлөөдө күн кечиргендердин кулк-мүнөзүн жана бири-бирине мамилесин көрсөтөт. Ал түгүл жакырчылыктан да жаман шартта, бомбадан башкалкалоо үчүн курулган, күн нуру жетпеген терең жер төлөөдө "көрүнчү" сымал жашагандар бар экенин ишара кылат. Тасмада чириген байлардын жакырларга жийиркенүүсү гана эмес, жакыр үй-бүлөнү жакыр кылып турган кулк-мүнөзү, балким өлүмгө чейин алып келген ач көздүгү, кембагалдар ортосундагы жашоо үчүн күрөш сатира жанрында көрсөтүлгөн.

Мындай тасманын Батыш коомундагы башты айланткан ийгилигине корей жарандарынын көбү сыймыктанса, айрымдары өлкөсүнүн жаман жактарын дүйнө эли көргөнүнө намыстанганын жашырышкан жок.

"Бул фильм күнүмдүк күрөштү баяндайт. Биздин өлкө жөнүндө, жергиликтүү коомчулук, турмуш жөнүндө көп фильм тартса болот деп ойлойм. Эми «Мителер» сыяктуу тасмалар көп чыгат деген үмүттөмүн", - деди Сеулдун тургуну Ким Чандоң.

"Эми чет элдик аудитория биздин мамлекеттин жаман тарабын билип калды. Бул үчүн мен бир намыстанып, уялып жатам. Бирок башка өлкөлөр Түштүк Корея тууралуу көбүрөөк нерсе билгени деле маанилүү", - сеулдуктардын бири Ю-Юн Хо.

Дүйшөмбү күнү Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да тасманы тарткан команданы Голливуддагы ийгилиги менен куттуктады. "Мителер" тасмасы өткөн жылы Канн кинофестивалынын баш байгесин, "Алтын глобустун" "Эң мыкты чет элдик фильм" номинациясын жеңип алган.

"1917", "Жокер", Брэд Питт

«Жокер» тасмасындагы ролу үчүн Хоакин Феникс «Эң мыкты актёр» наамын алды.
«Жокер» тасмасындагы ролу үчүн Хоакин Феникс «Эң мыкты актёр» наамын алды.

11 миллион доллардай каражат сарпталып, азырынча 167 миллион АКШ долларындай киреше алып келген бул тасма 9-февралда Лос-Анжелесте өткөн сыйлык тапшыруу аземинде эң көп номинацияда сыйлык алган тасма болуп калды.

"Мыкты фильм" номинациясында корей фильми менен атаандашкан фавориттердин бири, Дүйнөлүк биринчи согушту чагылдырган "1917" тасмасы "Эң мыкты кинематография" сыяктуу үч техникалык номинацияда гана сыйлыкка жетишти.

«Жокер» тасмасындагы ролу үчүн Хоакин Феникс «Эң мыкты актёр» деп табылды. «Эң мыкты актриса» номинациясын «Жуди» фильминдеги образы үчүн Рене Зеллвегер алды. Брэд Питт менен Лора Дерн "экинчи пландагы мыкты актер жана актриса" наамына ээ болушту. "Илгери-илгери Голливудда" тасмасында роль жараткан Питт 30 жылдан ашкан карьерасында актёрлук үчүн биринчи жолу "Оскар" сыйлыгын алды.

«Эң мыкты кыска метраждуу фильм» деп «Туштагы терезе» «Эң мыкты анимациялык фильм» деп «Оюнчуктардын тарыхы - 4» тасмалары табылды.

Тажикстанда өскөн Дарья Кащееванын «Кызым» мультфильми «Оскар» сыйлыгынын «Kыска метраждуу анимациялык фильм» категориясына көрсөтүлгөн. Бирок ал "Оскарга" ээ боло алган жок.

Кино тармагындагы эң абройлуу «Оскар» сыйлыгын жыл сайын АКШнын Кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарып, жеңүүчүлөр Лос-Анжелесте сыйланат. Сыйлык 1929-жылы негизделген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG