Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

«Феррарини» жеңген авточабандес


Бишкектеги «Россия» кинотеатрындагы «"Форд" "Феррариге" каршы» тасмасынын баннери.
Бишкектеги «Россия» кинотеатрындагы «"Форд" "Феррариге" каршы» тасмасынын баннери.

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов АКШ менен Францияда тартылган «"Форд" "Феррариге" каршы» тасмасына карата жеке талдоосун жүргүздү.

Режиссер Жеймс Мэнголддун «"Форд" "Феррариге" каршы» (аңглисче «Ford v Ferrari», орусча «Ford против Ferrari») деп аталган фильми - биографиялык драма. Башкы ролдорду белгилүү актерлер Кристиан Бейл менен Мэтт Деймон аткарган. Экинчи пландагы ролдор анча таанымал эмес, бирок кесипкөйлүгү кем калышпаган актриса Катрина Балфга, актер Жон Бернтал менен жаш актер Ноа Жупка тийген. Тасманын узактыгы 152 мүнөт.

97,6 миллион долларга тартылган чыгарма 2019-жылдын көп күтүлгөн фильмдеринин бири болчу. Кинонун бет ачары дүйнөдө сентябрь айында, ал эми Орусияда, Кыргызстанда 14-ноябрда болду. Учурда Бишкекте бир катар кинотеатрларда коюлуп жатат.

Расмий түшүндүрмөсүндө жазылгандай, фильм 1960-жылдардагы дүйнө чемпионаттарында «Ferrari» менен атаандаша ала турган жаңы спорттук автоунаа түзүп чыккан америкалык конструктор Кэрролл Шелби менен британиялык авточабандес Кен Майлздын өз ара мамилеси жөнүндө баяндайт. Башкача айтканда, фильм болгон окуяга негизделген.

Кадимки «Ford» компаниясынын ошол кездердеги кожоюну Генри Форд-экинчи банкроттукка кабылган «Ferrari» брендин сатып алуу жөнүндө сунушу үчүн анын ээси Энцо Феррариден катуу кагуу жейт. Ызасынан улам Форд-экинчи Франциянын Ле-Ман шаарындагы абройлуу деген 24 сааттык автожарышка өз брендин алып чыгуу дымагын алдына коёт. Мурда-кийин спорттук автоунаа жасоодо тажрыйбасы жок болгондуктан ал Шелбини кызматташууга тартат. Шелби болсо мыкты айдоочусуз мындай максатка жетүү мүмкүн эмес экенин түшүнөт да Майлзды жалпы топко имерет. Кыскасы, окуя ушул сюжеттик линияда уланат.

Албетте, реалдуу окуяларга түс да кошулган, алымча-кошумчалар болгон дегендей... Антпесе көркөм фильм болбой калбайбы?!

Жалпы жонунан мен келтирген текст кайсы бир деңгээлде спойлер өндөнүп калды. Бирок бул окуяны автосүйүүчүлөр жакшы билишет экен, ал тургай бүтүндөй бир китеп да жазылыптыр. Менимче кинону көрүүгө даярданган киши сюжетин Интернеттен деле окуп алса керек. Белгилегим келгени, кино жөнүндө сөз кылып жатып, анын сюжетин учкай айтпасаң калган кеп да түшүнүксүз болуп калчудай.

Демек, мындай караганда тасма автоышкыбоздор түшүнө тургандай же машине, жарыш менен «ооруган» адамдар үчүн гана кызыктуудай сезилиши мүмкүн. Бирок ишенип коюңуз, машинени айдагандан башкасын билбеген жана автожарыш тургай, ат чабыш да көрбөгөн мен үчүн да кызык фильм болду.

Маселе жок, көлүктөрдүн (авто) мелдеши фильмде көп бөлүктү камтыйт. Ошентсе да ал берилчү идеяларга курал катары кызмат кылат. Негизинен бизнестеги интригалар, адамдардын сезимдери, ата-баланын мамилеси, кесипкөйлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү, бюрократия менен күрөш, атаандашуунун жемиши мыкты берилген.

Соңку көрүнүш өзгөчө көркөмдүк менен ачылган. Керек болсо бүтүндөй окуянын кульминациясын түзгөн жеңиш да ушул атаандашуудан гана болуп жатат. Эгер Форд-экинчи «Ferrari» компаниясын жөн эле сатып алганда, дымагын ошону менен эле басып калмак. Анда айтылуу «Ford GT40» спорттук автоунаасы жаралмак эмес.

Фильмде чыныгы талантты көрө билген көсөмдүк, кыраакылык, позитивдүү фанатизм сыяктууу көрүнүштөр да ушунчалык сонун ачылган. Турмуштагы улуу жеңиштер оңойчулук менен келбей турганы, ага тынымсыз аракет жана сүйүү керек экендиги белгиленген.

Ооба, сүйүү. Кишинин кишиге болгон сүйүүсү жүздөгөн чыгармаларда берилген, мында болсо айрым фильмдер сыяктуу адамдын кайсы бир нерсеге сүйүүсү чеберчилик менен көрсөтүлгөн. Билбейм, аны кесип деп атайбызбы, өнөр же эрмек дейбизби, айтор адамдын жашоосунун маңызын түзгөн, ансыз жашоосунун тузу жок иши жөнүндө. Мэтт Деймондун каарманы Шелбинин сөзү менен айтканда «өз ишин туура тандаган киши өмүр бою иштебейт». Ал ишинен жөн гана рахат алып жашай берет.

Мисалга элестетсеңиз, бир адамга бизнес кылуу жакпайт, башка бирөө болсо ишкерлик үчүн жанын берет. Ушундай ишин сүйгөн ишкерлер бар, алар үчүн натыйжа – баюу маанилүү эмес, ошол иш менен алектенүү, ошону менен иштөө көбүрөөк маанилүү. Соңунда ал өзүнүн акысын алат, бирок ал үчүн процесстин өзү кызык.

Ушундай эле маселен дыйканчылыкты, мүнүшкөрлүктү, чабандестикти, сүрөтчүлүктү, спортту, жазуучулукту же поэзия сыяктуу ондогон өнөрлөрдү сүйгөн адамдар жашоодо миңдеп саналат. Мен өз иши менен айласыздан алектенгендер жөнүндө эмес, аны жан-дили менен сүйгөндөр жөнүндө айтып жатам. Чыныгы ишин тапкандар натыйжада кызыктуу жашоо кечиришет, депрессияга түшпөйт дегендей. Болбоду дегенде эле жумушсуз калышпайт.

Албетте, тандаган ишинде кесипкөй эместер да бар. Алар ошол ишин турмушунун маңызына айлантып алса, башкалардын пикири баары бир, кармаганынан колун үзүшпөйт. Ал эми кесипкөйлөрдүкү же ашкере фанаттардыкы андан бетер. Кристиан Бейл менен Мэтт Деймондун каармандары Кэрролл Шелби менен Кен Майлз мына ушул экинчи топко кирет экен.

"Форд Феррариге каршы" фильминин постери.
"Форд Феррариге каршы" фильминин постери.

Майлз ага чексиз ырахат тартуулаганы үчүн авто дүйнөсү менен жашайт. Ага аталган тармактан киреше таба албай жатканы да маанилүү эмес, жеңиш да маанилүү эмес. Ошого ал баса турган жерден педалды коё берип жатат. Авточабандеске абсолюттук чемпиондорду артта калтырып, карчылдашкан жарышта темир күлүктү катуу айдап, жер бетинде жармашып учуп бараткан машинеде бараткандын өзү гана бакыт. Ал автожарыш үчүн керек болсо өмүрүн да сайып койгонго даяр.

Жашоодо Шелби менен Майлздай адамдар көп. Алар утук үчүн күрөшпөсө да ышкыбоздугунун эсебинен соңунда баары бир жеңишке жетишет. Менимче дүйнө ушундай адамдар менен кармалып турат жана өнүгүп жатат.

Эгер биз кеп кылып жаткан фильмдин техникалык жагын алсак, ачык айтайын, мен көрүүчү, киносүйүүчү катары эч бир кемтик байкай албадым. Мурдараак бир нече фильмдери менен таанылган режиссер Жеймс Мэнголд «"Форд" "Феррариге" каршы» чыгармасын да жан дүйнөсүн берип тартыптыр.

Ал драма деген менен экшн, комедия жанрларынын элементтери сонун жалгашкан. Сценарий, оператордук иш, монтаж, музыка, актёрлордун чеберчилигинде да айып жок. Өзгөчө кадрлары керемет. Тасманы чоң экрандан көрсөнүз рулда олтуруп бараткандай же автоунаа менен чогуу учуп бараткандай сезим жаратат. Бул чыгарманы көргөн анча-мынча сезимтал жандар бир сыйра жашып алышы да мүмкүн, антпесе да, түшүнсө эле чоң таасирге кабылары талашсыз.

Дүйнөлүк сынчылар «"Форд" "Феррариге" каршы» тасмасы жылдын фаворити болгон «Жокер» фильмине башкы атаандаш катары «Оскар» сыйлыгынын бир нече номинациясына ыктымал талапкер болот деп баалап жатышат. Мен да ушул бүтүмгө кошулам.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG