Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:15

Кыргыз киночулардын кыялындагы «Оскар»


"Түнкү кырсык" тасмасынан кадр.

«Оскар» сыйлыгына кыргыз кинотасмаларынын ичинен талапкерлерди аныктоо сынагы жүрүп жатат. Ага 2018-жылдын 1-октябрынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин жүгүртүүгө чыккан фильмдер катыша алат.

Кыргызстандагы Оскар комитети 2014-жылдан бери бул сыйлыкка он чакты тасма жөнөтүп, бирок кыска тизмеге алардын бири да илинген эмес. Жалпысынан Кыргызстанда жыл сайын Оскар кино сыйлыгына эки-үч гана тасма сунушталып, жергиликтүү Оскар комитетинин жыйынтыгы менен алардын бирөө гана конкурска ат салышууга жөнөтүлөт.

Жергиликтүү комитеттер Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгы боюнча бөлүмүнүн талабы менен ар бир мамлекетте түзүлгөн. Кыргызстанда ага кыркка жакын таанымал киноишмер мүчө. Сыйлыкка тасмалар ошол комитеттердин сунушу менен гана кабыл алынат.

Бул тууралуу Бишкектеги Оскар комитетинин координатору Таалай Кулмендеев билдирди:

Таалай Кулмендеев.
Таалай Кулмендеев.

«Мисалы, былтыр эки фильм атаандаш болгон. Негизи бизге бул сыйлыкка талапкер катары эки-үч эле тасма келет. Былтыр Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» менен Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмалары атаандаш болуп, комитет карап чыккандан кийин Бирназаровдун тасмасына токтолгон. Ага чейин Актан Арым Кубаттын «Кентавр», Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмалары сунушталып, «Кентавр» фильми жөнөтүлгөн. Ага чейин «Ата керээзи» талкууга түшкөн. «Курманжан датка» тасмасы сунушталган кезде ага Марат Саруулунун «Көч» аттуу тасмасы атаандаш болгон».

Бирок, Кулмендеевдин айтымында, бул тасмалардын бири да сөз болуп жаткан кино сыйлыкка жакындай алган эмес. Адис жергиликтүү комитет тандалган тасмага сынакка катышат деген чечим даярдап берүүгө гана милдеттүү экенин, ошол фильмди сынакка катыштыруу авторлордун милдетине кире турганын айтты. Ал каржылык маселелерден улам сунушталган тасмалардын айрымдары конкурска жөнөтүлбөй калган учурлар да кездешкенин кеп кылды.

Бул маселе боюнча Кыргызстан Кинематографисттер уюмунун төрагасы Айбек Дайырбеков өз жүйөсүн келтирип, бул сыйлыкты көздөгөн тасма алгач Американын атактуу кино фестивалдарына катышууга умтулушу керек экенин эске салды.

Айбек Дайырбеков.
Айбек Дайырбеков.

«Биздин кино тууралуу мыйзамда «А» классындагы кино фестивалдарга өткөн кинолорго мамлекет колдоо көрсөтүшү керек экени жазылган. Колдоо дегенде жок дегенде Америкага барганга жол киресин төлөп берип дегендей... Негизи Оскар сыйлыгы боюнча өнөктүк жарым жыл мурда эле башталат. Биз болсо Кыргызстандан «Оскарга өттү» деген ат үчүн эле тасмаларды жөнөтүп коюп, андан ары иштебей жатабыз».

Дайырбеков башка өлкөлөрдө Оскарга көрсөтүлгөн тасманын жарнамалык бюджети эле кеминде 200 миң доллар болорун айтып, ал эми кыргыз кинолору үчүн чоң фестивалдарга жөнөтүлгөн тасмалардын жарнамасына жарты тыйын да коротулбай турганын билдирди.

Адис жыл сайын «Оскар» сыйлыгын алган тасмалар дүйнөлүк кино жүгүртүүгө чыгып, эң көп көрүлгөн тасмага айланып жатканын, азырынча бул тармактын сырын үйрөнүп жаткан кыргыз киночулары да бир учурда ушул ийгиликти багындырат деп үмүт артарын айтты.

Былтыр Кыргызстандан «Түнкү кырсык» аттуу тасмасы ушул сыйлыкка көрсөтүлгөн режиссер Темир Бирназаров «Оскар» сыйлыгын алуу азыр кыргыз режиссерлорунун кыялы экенин сөз кылып, фестиваль тууралуу өз пикирин кошумчалады:

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

«Бул улуттук кино сыйлык. Биздин «Ак илбирс» сыяктуу. Ар бир эле мамлекеттин өзүнүн улуттук кино сыйлыктары бар да. «Оскарда» кыска метраждуу тасмалардын бирине бериле турган жана чет элдик бир толук метраждуу тасмага бериле турган сыйлык бар. Кыска метраждуу тасма өздөрүнүкүбү же чет элдикиби, айырмасы жок. Анан чет мамлекеттик толук метраждуу бир тасмага берип коюшат. Калган сыйлыктар өздөрү үчүн. Чынында дүйнөдө «Оскар» албаган шедеврлер өтө көп. Ошондуктан бул сыйлыкка анча деле маани берүүнүн кереги жок. Бул деле ошол мамлекеттин өздөрүндөгү кино өндүрүштү пиарлоонун бир түрү болсо керек».

Жобо боюнча чет элден «Оскарга» сунуштала турган толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык тасманын көлөмү кырк мүнөттөн кем эмес болууга тийиш. Интернетке, жазма табактарга тарабашы керек жана жети күн кино жүгүртүүдөн түшпөй турушу зарыл.

2020-жылы 9-февралда Америка кинематографиясынын искусство жана илим академиясы өзүнүн 92-сыйлыгын тапшырат. Бул фестивалга жыл сайын токсонго жакын тасма түшүп, анын ичинен бирөө ушул абройлуу сыйлыкка ээ болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG