Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:18

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук ишке тарткан тасмалары ийгиликтүү чыгууда.

Буга чейин аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү тарткан тасмалар кесипкөй режиссерлор арасында өткөн эл аралык киносынактарда ондогон сыйлыктарга татыган.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Нурсултан Станалиев дипломдук иши үчүн тандап алган темасында эмне тууралуу айткысы келгенин мындайча түшүндүрдү:

- Мен Мурза Гапаровдун “Байчечекей” деген аңгемесинин негизинде тасма тартып жатам. Мында тез өнүгүп, ааламдашып жаткан дүйнө менен өзүбүз туулуп өскөн айылдын мамилеси тууралуу сөз болот. “Ааламга жол айылдан башталат” деген сөз бар эмеспи. Менин тасмамда мындай мезгилде айылдан башталган жол кайда баратат деген суроого жооп изделет. Экрандан шаарда окуп чоңоюп, кареранын артынан жүрүп, мурдагы тамырын унутуп же андан оолактап калган каарманды көрөбүз.

Аңгеменин сюжетинде таенесинин колунда чоңоюп, кийин шаардан орун-очок алып, айылга аз каттап калган Кыяздын жан дүйнөсү тууралуу кеп болот. Башында карыган таянесинин ооруп жатканы, ага барып келиши зарыл экенин ойлонгон каарман жазыла элек диссертациясын ойлоп, айылга барбайт.

Таланттарды күткөн кыргыз киносу

Бүгүнкү күндө кино тармагында актерлор тартыш. Кино ишмерлери айрыкча башкы каармандын образын жарата турган жаш актерлор жана абышкалардын образын жарата турган улуу муундагы актерлорду табуу кыйын экенин айтышат.

Түн жарымда телефон аркылуу таенеси каза болгонун угуп айылына барууга аргасыз болот. Ата-энеси, бир туугандары, жакындарынын жанында ыйлаган түр көрсөтүп турат, Кыяздын көзүнөн ныпым жаш чыкпайт. Сезими сенек болуп калганына өзү да таң калат. Качан гана үйүнө кайткан кезде казылган мүрзөнүн топурагына аралашып жаткан байчечекейди чөнтөгүнө салып, аны учакта келатып көргөн соң балалыгын, таенесин жоктоп ыйлайт, көкүрөгү жибийт.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинде билим алган кино адистеринин насаатчысы Артык Сүйүндүковдун айтуусунда, студенттер дипломдук ишинде өздөрү каалаган теманы чагылдырса болот. Бирок эң негизги талап - студент тарта турган темасын ийне-жибине чейин тереңден билиш керек:

- Бир гана менин кааларым, сүрөткер өзү билген же башынан өткөн турмушту тартышы керек. Эгер студент кайсы бир темага кызыгып, аны тарткысы келип жатса, бирок өзү эмне тууралуу тарткысы келип жатканын жакшы билбесе, биз ал теманы терең изилдеп келүүгө жөнөтөбүз. Ал ошол теманы жакшы билгенден кийин гана тартканга уруксат беребиз. Эмнени кааласа, эмне тууралуу ойлосо, кайсы багытка көңүлү кетсе, тарта берет. Менимче, биздин окуу жайдын өзгөчөлүгү ушул - кино тарткан студенттер турмушту жакшы билет, кесипкөйлүк деңгээли мыкты.

Сүйүндүков кошумчалагандай, Молдосейит Мамбетакунов, Манас Мусаев, Абды Сатаров, Каныбек Өмүрбеков сындуу жергиликтүү кесипкөй насаатчылардын жана түрк окутуучулардын жетекчилигинде быйыл отузга чукул студенттин дипломдук иши корголот. Эреже боюнча тартылган тасмалар 20 мүнөттөн ашпаш керек.

Бекитилген темаларга көз жүгүртсөк, алардын он чактысы даректүү, он чактысы көркөм тасма. Анимациялык жанр боюнча үч студент дипломдук иш жактай турганын билдик. Бул жанрдагы дипломдук иштердин жетекчиси Каныбек Өмүрбеков “Азаттык” үналгысына буларды айтып берди:

- Анимация индустриясы Батышта жакшы өнүккөн. Алар бул жанрга искусство катары мамиле жасашып, көптөгөн олуттуу сынактарды өткөрүп турушат. Бизде бул индустрия өнүкпөгөндүктөнбү, адистер көп чыгышпайт. Чыккандары 2D, 3D менен иштегенди билгендер жарнама жасаганга адистешип кетет. Ооба, жакшы аниматорлор бар. Бирок алардын көбү оозго алына турган тасма жарата элек. Алар “Айтыш” кино студиясында башында жакшы эле иштей башташкан. Бирок буйрутма жоктугунан улам ар кайсы жакка тарап кетишти.

Өмүрбеков өзү жетекчилик кылып жаткан дипломдук иштерде авторлордун бири адамзаттын келечеги тууралуу кыялдануусун тартып жатса, бири адамдардын мүнөзү тууралуу философиялык ой жүгүртүп, бири балдарды туура тарбиялоо боюнча теманы тандап алганын кошумчалады.

Ар бир бүтүрүүчү тарта турган тасмага кете турган каражатты өзү табыш керек. Окуу жай техникалык жактан жардам берет. Бирок ал жетишсиз болуп калышы мүмкүн дейт Нурсултан Станалиев. Студент буга улай устаттарынын режиссерлук боюнча окутуу усулдарына да токтолду:

- Режиссерлук боюнча көбүнчө тасма көрүүгө туура келет. Бизде кинозал бар. Ал жерден ар кандай тасмаларды көрүп, талкуулайбыз. Менимче, жакшы фильм тартыш үчүн көп жакшы кино көрүп, аны анализ кыла билиш керек. Агайлар кино боюнча сабакта көбүнчө ушул тармакка багыт жасашат.

Станалиев учурда өзү жаратып жаткан “Байчечекей” тасмасы 15 мүнөт болорун, ага жалпы жонунан миң доллардын тегерегинде каражат жумшалганын, ар бир актердун бир эпизодго чыгып бериши үч миң сом болорун кыстарды. Фильм май айларында көрүүчүлөргө сунушталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG