Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Тасманын тилин таптаган чебер


Темиркан Дүйшөкеев
Темиркан Дүйшөкеев

Кинорежиссер жана спорт ишмери Темиркан Дүйшөкеевдин сөөгү Чоң-Арыктагы мүрзөгө коюлду.

Маркум айтылуу “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” аттуу тасмаларда эмгек жолун баштап, кыргыз киносундагы режиссерлордун үч мууну менен иштешип келген. Замандаштары маркумду акыркы сапарга узатып жатып, анын улуттук кино өнөрүндө кыргыз тилинин туура сүйлөнүшүнө жана Көк бөрү федерациясынын түптөлүшүнө кошкон салымы жогору болгонун белгилешти.

Темиркан Дүйшөкеев 1970-жылдардан тарта бүгүнкү күнгө чейин “Кыргызфильм” киностудиясында режиссерлордун дээрлик бардыгы менен иштешти. Жакында аягына чыккан Эрнст Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасын тартууга катышып, Темир Бирназаровдун “Буюк” тасмасына кол кабыш кылып жаткан болчу.

Кыргыз кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси Таалай Кулмендеев Темиркан Дүйшөкеев тасма жаратууда кадр сыртында туруп, кыргыз киносуна зор салым кошкон инсандардын бири болгонун айтып берди:

- Болот Шамшиевдин бардык тасмаларында, Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму”, Артык Сүйүндүковдун “Кайчылаш жол”, Бакыт Карагуловдун да бир нече тасмаларында иштеди. Кыргыз киносун жараткан экинчи толкундун өкүлдөрү Актан Арым Кубаттын “Свет-аке”, “Кентавр”, Нурбек Эгендин “Аталар керээзи” тасмаларында иштеди. Акыркы жылдары тартылган тарыхый-эпикалык чыгарма “Курманжан даткада”, Темир Бирназаровдун жакында тартылып бүтүп калган “Буюк”, Эрнст Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмаларында редактор катары иштеп келген. Чынында Темир агабыздын кыргыз киносундагы орду зор эле.

Кулмендеев Дүйшөкеев жогоруда аталган тасмалардын биринде экинчи режиссер катары эмгектенсе, айрымдарында редактор кызматын аткарып, айрыкча сценарийлерди кыргызчалап, диалог түзүп, кино тилин жаратууда адабий кеңешчи катары мыкты адис болгонун кеп кылды.

Режиссер Садык-Шердин айтымында, улуттук кинодо кыргыз тилин бузбай колдонуу, сөздөрдү жагдайга жараша туура басым коюп сүйлөө тасманы көркүнө чыгара турган негизги боёктордун бири. Андыктан орус тилинде билим алган, орусча ойлонгон кыргыз кереметин жараткан режиссерлордон баштап, азыркы муундагы режиссерлордун тасмасына чейин сөздөрдүн туура айтылуусун тактоодо Дүйшөкеев көп эмгек кылгандардын бири:

- Кинонун диалогун кыргыз жыттанган сөздөр менен сүйлөөгө жеткирүүдө Темир агабыздын эмгеги зор. Мындай адистер биздин тасмаларды кыргызча ойлонууга, кыргызча туура сүйлөөгө жардам берип турат. Мисалы, кыргыз тилинде “кел” деген эле сөздү маанайга жараша жыйырмадан ашык үн кубулушу менен айтса болот. Ал ошол басым коюлуп айтылышына карата тасманын мазмунун, маанайын түшүндүрөт. Тактап айтканда сөздөрдү туура, так колдонууга Темир агалардай редакторлор зор салым кошот.

"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш.
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш.

Режиссер Темир Бирназаров маркумду жерге берип келатып "эми мындан кийин улуттук кинодо кыргыз тилин туура колдонуу боюнча атайын адис чыкпай калат го" деп түйшөлүп баратты:

- Азыр болбой эле “күлкүмүштүү” деген сөздү колдонуп жүрүшөт. “Дары” деген сөздү “даары” деп айтып калышат. Диалог түзүүдө сөздү, тексттерди ашыкча адабиятташтырып жиберип, ал дагы сүйлөп жатканда актерлордун тилине жатпай калууда. Сөз деген ар бир каармандын мүнөзүнө жараша ылайыкташыш керек.

Бирназаров адистердин жетишпестигинен улам кээ бир тасмаларда кыргыз тили туура эмес колдонулуп жатканы коомчулуктун сынына кабылып келерин кыстарды.

Көк бөрү
Көк бөрү

Темиркан Дүйшөкеев Көк бөрү федерациясын түптөгөн демилгечилердин бири болуп, узак жылдар бою анын баш катчысы катары эмгектенип келген. Бул тууралуу коомдук ишмер Аскар Салымбеков кеп салды:

- Темир Дүйшөкеевдин көк бөрүнүн жаңы эрежесин элге таратуу боюнча эмгеги зор. Болот Шамшиев менен Темир Дүйшөкеев 1997-жылы мага келишип, жаңы стадионду жаңы эрежелер менен баштаганбыз. Темике өзүнүн эмгекчилдиги менен кара жумуштун баарын жасаган адам болчу. Болот байке көбүнчө тапшырмаларды гана берип, ал эми негизги жумуштардын баарын Темике аткарды. Кагаз иштерин, уюштуруу маселелерин, стадионду салууну да ушу киши аткарды. Аттарды Астанага, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстанга алып барып, айтор бардык жерге өзү барып, жаңы эреже менен өткөн турнирлердин баарына катышып жүрдү.

Салымбеков учурда жемишин берип жаткан улуттук спорт түрү - көк бөрү анын демилгечилеринин эмгегинин үзүрү экенин белгиледи.

Темиркан Дүйшөкеев 1943-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 7-январда 74 жашында көз жумду. Сөөгү 9-январда Чоң-Арыктагы мүрзөгө коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG