Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:25

Генийлер тиреши, сырдуу өлүм жана бажалар


Чет элдик «Токтордун согушу», «Бычак алуу» жана атамекендик «Бажарики 3» фильмдеринин постерлери.

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында чет элдик «Бычак алуу», «Токтордун согушу» жана атамекендик «Бажарики 3» фильмдери тууралуу баяндалат.

Харланды ким өлтүрдү?

Америкалык режиссёр Райан Жонсондун «Бычак алуу» (англисче «Knives Out», орусча «Достать ножи») 2019-жылы көрөрмандар күткөн фильмдердин бири болду.

Буга тасмада таанымал актерлор ойногону жана анын кызыктуу сюжетине байланыштуу эле. Башкы ролдорду Дэниел Крэйг, Ана де Армас, Крис Эванс, Жейми Ли Кёртис, Майкл Шеннон, Дон Жонсон, Тони Коллетт, Лакит Стэнфилд, Кристофер Пламмер, Кэтрин Лэнгфорд ойноду.

Детектив, комедия, драма, криминал жанрларынын элементтерин өзүнө камтыган чыгарма дээрлик 130 мүнөт убакытты алат. Тасманын дүйнөлүк бетачары 2019-жылдын сентябрь айында өтүп, кинотеатрларга ноябрдын аяктарында коюлду. 40 миллион долларлык бюджетке тартылган фильм соңку эсептерде өзүн беш-алты эсе актаганы кабарланды.

«Бычак алуу» фильминин сюжети классикалык детективдердикиндей - адам өлүмүнүн себебин издөө. Криминалдык романдардын автору, белгилүү жазуучу Харлан Тромбини 85 жылдык мааракесин белгилегенден кийин жансыз абалда табышат.

Иликтөөнү полициядан сырткары жылдыздуу жана кыраакы детектив Бенуа Блан (Дэниел Крэйг) жүргүзөт. Тергөөчү Харландын керт башынын кызыкчылыгын ойлогон үй-бүлө мүчөлөрү жана үй кызматкерлери жайган тордун түйүнүн чечип, “жазуучу суицидге бардыбы, же кимдир бирөө өлтүрдүбү?” суроого жооп табыш керек. Сюжет мына ушул линияда уланат.

Мындай караганда бай кишинин үй-бүлөсүндөгү ар бир адамдын өзүнүн мотиви бардай көрүнөт. Тасманын башынан тарта эле дал келбестиктер сунушталат да, карталар акырындан ачыла баштайт. Бир маалда окуя чындап чалкешип жатып калат.

Башкача айтканда тасмада детектив жанрынын дээрлик бардык мыйзамдары сакталат. Көрөрманды башынан ар бир каармандан шек саноого түртүп, окуяны өнүгүшү кызыктыруу менен уланып турат. Бирок маселенин өзөгү кинонун аягына чейин сыр бойдон кала берет.

Сценарий, деталь, костюм, юмор, оператордук иште да айып жок. Актёрлордун чеберчилигин айтпа. Киноөндүрүштүн мыкты өкүлдөрү тартылгандыктан көргөндөн рахат аласың. Мен кино сүйүүчү катары да детектив жана триллер жанрларын өзгөчө жактырам, кыскасы тасма мага кызыктуу болду.

«Бычак алуу» чыгармасында адамдар байлык дегенде көп нерсеге даяр экенин көргөзөт. Ачкөздүк, текеберлик сыяктуу адамдардын ар кыл кыял-жоруктарын, сапаттарын да жакшылап чагылдырат.

Биз кеп кылып жаткан тасма детектив жанрындагы акыркы жылдары чоң таасир жараткан «Чыгыш экспрессиндеги өлтүрүү» (англисче « Murder on the Orient Express», орусча «Убийство в Восточном экспрессе», 2017, режиссёр Кеннет Брана) фильминин ордун татыктуу ээлейт десек болот. «Бычак алуу» тасмасынын кинотеатрлардагы сеансы дээрлик бүтүп калды, жакын арада Интернетке чыгып калса керек.

Адатта кыска метраждуу тасмалар менен иштеген режиссёр Райан Жонсон «Убакыт айлампасы» (англисче «Looper », орусча «Петля времени», 2012) фильми менен таанылган.

2016-2017-жылдары айтылуу «Жылдыздар согушу» (англисче «Star Wars», орусча « Звёздные войны») тасмасынын эки эпизодун тарткан. Эми болсо ал «Бычак алуу» алуу тасмасы менен өзүн детективди да мыкты тарта аларын көрсөттү. Баса, Жонсон соңку фильминде өзү сценарист катары да, продюсёр катары иштеди.

Эдисон, Тесла жана Вестингауз

Режиссёр Альфонсо Гомес-Рехондун «Токтордун согушу» (англисче «The Current War», орусча «Война токов») тасмасынын бет ачары да узап бараткан жылы болду. Анда башкы ролдорду белгилүү актёрлер Бенедикт Камбербэтч, Майкл Шеннон, орточо таанымал актёрлер Николас Холт, Том Холланд жана башкалар аткарды. Продюсерлик милдетти Тимур Бекмамбетов менен Мартин Скорсезе аркалады.

Тарыхый-биографиялык фильм 2017-жылы тартылып, ошол эле жылы Канаданын Торонто шаарындагы фестивалда көрсөтүлгөн. Бирок алымча-кошумчалар менен кайрадан иштелип чыгып, 2019-жылдын аягында гана дүйнө көрөрмандарына жетти. Тасманын хронометражы 102 мүнөт.

Фильмдин өзөгүн XIX кылымдын аягындагы жана XX кылымдын баштарындагы АКШдагы окуялар түзөт. Болгон окуяга негизделген сюжеттин чордонунда «электр титандары» улуу ойлоп табуучулар, өндүрүшчүлөр, инженерлер: Томас Эдисон, Жорж Вестингауз жана Никола Тесланын ортосундагы карама-каршылык турат. Эдисон АКШда туруктуу токту жайылтууну көздөсө, Тесла менен Вестингауз өзгөрмө токко өтүүнү жакташат.

Дүйнөлүк тарыхта бул күрөш «токтордун согушу» деген аталыш алган экен жана ал дээрлик 100 жылга созулуптур. 2007-жылы Нью-Йорк шаарынын туруктуу токтон өзгөрмө токко өтүшү менен бул тиреш аяктады деп саналыптыр.

Мындай караганда фильм кайсы бир адистиктерге тиешелүүдөй же спецификалык чыгармадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок көбүбүз Эдисонду жана Тесланы гений катары тааныйт эмеспизби. Өзгөчө учурдагы миллиардер Илон Масктын «Tesla» компаниясы ракета курууда, электромобилдерди чыгарууда чоң ийгиликтерди жаратып жатканы да бул ысымдарга байланыштуу киного актуалдуулук тартуулайт. Ошол себептүү ой жүгүртө алган кишилер үчүн «Токтордун согушу» тасмасы кызыктуу болот деп ойлойм.

Албетте, береги тарыхый адамдардын чыныгы турмуштагы образдары башкачараак болушу ыктымал. Бир чети кинодогу каарман менен реалдуу адамдын образы эч бир тасмада 100% дал келбейт, анткени ал кино. Бирок менимче бул чыгармада каармандар өздөрүнө мүмкүн болушунча окшоштурулуп, кыял-жоруктары же аракеттери да жакындаштырылгандай.

Жалпылап айтканда генийлердин эпикалык кармашы, менин байкоомдо «Токтордун согушунда» жетиштүү ачылган. Алардын ойлоп табуучулугу, менежерлиги, өжөрлүгү чеберчилик менен чагылдырылган.

Айрыкча баш каармандардын атаандашуусу көркөм сүрөттөлгөн. Чиркин, бүтүн дүйнө так ушундай атаандашуулар менен кармалып турат жана ошо менен өнүгүп жатканы тарс эле айтылыптыр. Чын да, эгер ушундай генийлердин бири электр энергиясын ойлоп таап атса, бири лампанын үлгүсүн киргизип, кийин ага бирөө вольфрам тагып, андан да өнүктүргөн. Соңунда азыркы электр, азыркы жарык жана толтура гаджеттердин заманына келдик. Ушул мезгилдеги генийлердин атаандашуусу да бизди али кандай гана ачылыштарга алып бара турганы белгисиз.

Бир гана жагдай тасмадагы окуялар өтө курч өнүкпөйт. Ошол себептүү ал айрымдарга зеригиштүү сезилиши мүмкүн.

Стереотиптер жана бажалар

Кыргызстандык режиссёр Амантур Ормуковдун «Бажарики 3» тасмасы коомчулукка 2019-жылдын аягында сунушталды.

«Бажарики» (2016) жана «Бажарики 2» (2017) фильмдеринин уландысында да, биринчи-экинчилеринде тартылган Жамиля Сыдыкбаева, Жоробек Аралбаев, Атай Өмүрбеков, Шумкарбек Бейшеналиев, Максат Үсөнов, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Радик Эшимов жана башкалар роль жаратышты.

Фильмдин жанры комедия. Узактыгы 120 мүнөт. Тасманын алгачкы чыгарылыштарында берилгендей, негизги окуя уулу жок, бирок алты кызы бар Дамир аттуу баш каармандын тегерегинде жүрөт.

Түбү чүйлүк, өзү Бишкек шаарында жашаган кишинин кыздары калган алты облустун тургундарына турмушка чыгат. Биринчи фильмде окуя Дамирдин мааракеси, үйүн бузууга болгон аракеттер менен башталса, экинчи фильмде анын жубайы менен бермет тоюнун тегерегиндеги окуялар менен уланат. Үчүнчү айлампада болсо баш каармандардын бири каза болуп, анын тажиясына даярдыктар сюжеттин өзөгүн түзөт. Ал чындап мерт болобу-болбойбу, аны тасмадан гана көрө аласыз, бирок окуялар жалаң айылда тартылат.

«Бажарики» тасмалары башынан эле стереотиптер менен күрөшүүгө арналганы көрүнөт. Биринчиден, аймактар аралык жиктешүү, экинчиден, социалдык бөлүнүүлөр. Башкача айтканда кыздардын күйөөлөрү, ар бири ар башка облуска тиешелүү белгилерди, диалектилерди алып жүрөт. Ошол эле учурда алардын бири криминал, бири молдо, бири соодагер, бири спортчу, бири мамкызматкер жана бири студент болот.

Жашырганда эмне, Кыргызстандын ар бир аймактарына тиешелүү өзгөчөлүктөр бар жана жогоруда кеп болгон ар кайсы социалдык катмарлар ушул күндө кыйла эле актуалдуу.

Ал өзгөчөлүктөр кээде бөлүнүүгө же бири-бирин кемсинтүүгө таасир этип жатса, айрым учурларда башкача жыйынтыктарды берип калат. Бирок береги фильмдин жаратуучулары ушул көрүнүштөрдү күлкү менен карап, жеңил-желпи кабылдоого үндөйт.

Мындай ыкма дүйнөлүк киноискусстводо да колдонулат. Жаңылышпасам, бир өлкөнүн эле тургундары бөлүнгөнү жөнүндө америкалык фильмдерде, европалык кинолордо кездешет. Же англичандар менен француздардын ортосундагы мурдатан калган жектешүүнү алалы. Бул көрүнүш азыр кинодо көп чагылдырылат жана анда эки элдин өкүлдөрү көбүнчө бири-биринин өзгөчөлүктөрүн чымчылап, тамашалап, тийишип мамиле кылганы көрсөтүлөт. Бул ыкма бөлүнүүнү, жек көрүүчүлүктү шылдыңга айлантып, актуалдуулугун кетирет.

Ушул жагынан алганда «Бажарики» фильмдеринин максаты кайсы бир деңгээлде өзүн актайт. Билбейм, маселен Ош облусунун диалектисин, кулк-мүнөзүн күлкүгө алганына түбүм оштук катары чычалаган жокмун. Тескерисинче, чындап күлүп алдым.

Эгер башка кыргыз кинолору менен эмес, өзүнүн эле алгачкы чыгарылыштарына салыштырганда «Бажарики 3» фильминде деңгээл өскөндөй көрүндү. Кадрлары, тамашалары, кошумча каармандары жакшыргандай сезилди. Кээ бир мезгилде ал тургай тизе чаап күлө турган учурлар да бар.

Бирок стереотиптер менен күрөшүп жатып, кино жаратуучулар өздөрү да кээде стереотиптерге жол берип койгондой. Муну баткендик күйөө баланын автобуста келатканынан көрө алабыз. Баткен-Ош, Баткен-Бишкекте азыр андай автобустар калбай калган. Балким мындай жагдайларды деле биз ашкере сүрөттө аркылуу күлкү жаратуу катары кабылдап койсок деле болоор.

Албетте, мурдатан жазганымдай, биз коммерциялык фильмдерди автордук жана профессионалдык кинонун терезесинен карабайбыз. Ошол себептүү биз атакемендик фильмди өзүнүн гана алкагында талдоого аракет кылдык.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG