Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:57

«Жамгырдан кийин» жарык бар


«Жамгырдан кийин» фильминин постери.

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов Кыргызстанда тартылган «Жамгырдан кийин» фильмине карата жеке талдоосун жүргүздү.

Америкалык, улуту корей режиссер, продюсер жана сценарист Юджиния Чаң менен кыргызстандык режиссер Чыңгыз Нарыновдун «Жамгырдан кийин» фильми драма жанрында. Ролдорду кыргызстандык актер-актрисалар Назбийке Айдарова, Уланбек Султангазиев, Сакын Карабаев, Таалайкан Абазова, Анвар Осмоналиев, Назым Меңдебаиров, Адилет Усубалиев, Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Өмүрбек Нурдиновдор аткарды. Тасманын узактыгы 1 саат 58 мүнөт.

Фильмдин бет ачары Бишкекте жана Ошто 26-сентябрда болду. Ошондон бери кинотеатрларда коюлуп келди. Бул аралыкта тасманын тегерегинде кызуу талаш-тартыштар болбосо да, пикирлер жетиштүү эле жазылып келди.

Менин байкоомдо фильмдин артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Бирок экинчиси көбүрөөк.

Алгач тасманын мыкты жактарын атап көрөйүн. Биринчи эле белгилей турган нерсе - режиссёрдун коюшу (постановка) жана оператордук иш. Голливуд же башка чет элдик кинолордогу кадрларга жетпесе да, ошого жеткирүү аракеттери аталган фильмде жакшы сезилип турат.

Маселен, кыздын талаада басып баратканы, каармандын жамгырда турганы, адам үстөлдө отурганда арт жагынан тартылганы, кишинин колу чынжырга байланып тургандагы кадрлар кооз берилген. Колу-буттагы билерик, тамекинин бүчөгү, гүлдөр же башка деталдар да кесипкөй деңгээлде чагылдырылган.

«Жамгырдан кийин» фильминдеги кадрлардан.
«Жамгырдан кийин» фильминдеги кадрлардан.

Адатта кыргыз киносун көрүүдө мен эки нерседен дайыма көңүлүм калат. Алар - пафос жана жасалмалуулук. «Кыргыз керемети» доорундагы тасмаларды эске албаганда азыркы коммерциялык же коммерциялык эмес фильмдердин дээрлик баарында ушул эки «оору» бар. Бирок «Жамгырдан кийин» тасмасында бул көрүнүштөр азыраак экен, жокко эсе десе да болот.

Бул режиссер мурда көбүнчө даректүү фильмдер менен көп иштегени үчүн же чет элдик продюсердин аракетинен улам болушу ыктымал. Болбосо актёрлордун кесипкөйлүгү деп атап туралы. Кыскасы жасалмалуулуктун жоктугун да тасманын артыкчылыгына коштум.

Жалпысынан аталган тасма жамгырдан кийин күн ачыларын, демек кыйынчылыктан кийин да жеңиш бар экенин айткысы келгендей.

Кемчиликтерге өтө турган болсок, эң чоң кемчилик - сценарийдин түзүлүшү. Өз интервьюсунда продюсер, сценарист тасма биринчи кезекте ала качууну айыптай турганын айтыптыр. Жети жыл мурда Кыргызстанга келип, кыргызча да үйрөнүп алган Юджиния Чаңды бул көрүнүш өтө жийиркенткен үчүн атайын аны фильм кылып чыгуу боюнча демилге көтөрүптүр.

Бирок Чаң өзү айткандай Кыргызстандан көргөн-уккан үй-бүлөдөгү зомбулук, аракечтик, мафия, жыныстык эзүү, милициянын кылмышкерлерге «калкан» болушу, коррупция жана башка мүшкүлдөрдү кошо кетиптир. Менимче жаңылыштык мына ушул жерде болгон.

Албетте, бул көрүнүштөрдү да берсе болот. Бирок башкы ой болбосо бул көрүнүштөр кинодо негизги сюжеттик линияны ачып бериш үчүн, жардамчы көрүнүш катары эле кызмат кылышы керек. Бирок фильмде ушунун баарын айтам деп жатып, негизги бере турган идеяны ача албай калышыптыр. Анткени кино көп суроого жооп берген эмес.

«Жамгырдан кийин» фильминин постери.
«Жамгырдан кийин» фильминин постери.

Кантип эле башында каршы болуп жаткан баш каарман кыз Сүйүн агасынын бир эле сөзү менен ала качкан жерде отуруп калсын? Анан эмне үчүн кыздын аракетин көрүп ата-энеси, башка агасы аны калтырып кетип жатат? Сүйрөп эле чыгып кетсе болбойбу? Эгер чындап кийин карындашы үчүн өмүрүн бергенге даяр болсо, агасы ала качкандарды чокуга бир коюп эле дароо алып кетпейби?!

Колоктоп, иш кылгысы келбеген, үй-бүлөсүн бакмак тургай өз курсагын тойгуза албаган эркектер көп. Маселе жок. Бирок жаңы үйлөнгөн жигит иш издеп кеткен аялы жоголуп кетсе кантип санааркабайт? Фильмдеги кыздын апасы айткандай «мал жоголсо деле издешет го». Анан элдин баары кызды издеп жүрсө, эмнеге кичүү байкеси үйүндө бейкапар жүрөт? Атасы мурда мамлекеттик кызматта иштесе анда эмнеге тааныштарын колдонгон жок?

Кайдан-жайдан эле криминал чыга калганы, анан эле алар милицияны коркутуп жатканы, ал эми ишти иликтеген тергөөчү кайра эле баш каармандын таанышы болуп калганы - кыскасы ушуга окшогон бири-бири менен байланышпаган жагдайлар арбын. Эгер мафия, кылмыш, атышуу аралашкан курч окуялуу тасма тарткысы келсе, анда кыздын агасы тишине чейин куралданган кылмышкерлерге акча менен эмес, куралданып кирип атышуусу керек болчу. Же аларды кырып же өзү өлүшү керек эле.

Болбосо ала качуунун кесепетин көргөзүүчү жөнөкөй эле социалдык же драмалык фильм тарткысы келсе, анда кызды сөзсүз кулчулукка, жыныстык эзүүгө салуунун кереги жок болчу. Менимче кыздын эрксиз турмушка чыккандан кийинки адилетсиз түйшүгүн, алыс-жакындын басымына тушукканын, зордук-зомбулукка кабылганын эле көргөзүп берсе анын терс жагы сезилмек. Берки көрүнүштөр - ал ар бир адам ар кайсы өлкөдө кабылып калуучу нерселер жана аны бере турган фильмдин идеясы да башкача болот.

Бир чети ушундай азап-тозокторду кошоктоп, тияк-биягын көркөмдөп, түрдүү ыкмада түшүндүрбөсө ала качуу түркөйлүк экенин кыргыз толук аңдабайт окшойт. Туура эмес экенин айтып атсаң салтка байланыштырып айла табат, кылмыш жоопкерчилигин эскертсең каржылык кыйынчылыгын шылтоолойт, «сүйүп албайсыңбы» десең кыз менен сүйлөшө албаганын айтып туруп берет. Азайды дегенде деле ушул күндө да ала качуу менен үйлөнүп жаткандар бар экенин кантип танабыз?

Бул көрүнүш токтошу үчүн сөзсүз адам өлүшү керек беле дейин десең, мына, Бурулай өлдү. Мурда да уурдалган кыздар асынып алган учурлары болгон. Бирок токтободу. Сөзсүз бирөө камалышы керекпи десең, камалгандар болду, бирок чекит коюлган жок.

Эми чет элдик продюсер өзү акча чогултуп, өзү кино тартып, ала качуу жапайылык экенин кыргыздарга кыргыз тилинде айтып жатат. Балким ушунусунда намыска келип, токтоторбуз?!

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Ала качуу гүлдөй кызды солутпасын»
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG