Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:42

Гумандуу коомду кургусу келген "Матисаков мектеби"


"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.
"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.

Фейсбукта “Матисаков мектеби” аттуу баракча бир жылдан бери адабияттын проза жанрына кызыккан, жазмалыкка шыгы бар жаш авторлордун аңгемесин байма-бай жарыялап келе жатат. Ага чыккан айрым аңгемелер соцтармактагы окурмандардын кызыгуусун жаратып, жакшы пикирлер жазылууда.

Бул адабий ийримди Кыргыз эл жазуучусу, КУУнун профессору Абдиламит Матисаков түптөгөн. “Матисаков мектеби” аталган адабий ийримдин жаралуу тарыхы, ишмердүүлүгү, анда тарбияланып жаткан жаш прозачылар тууралуу кеп кылабыз.

"Устатка айкөлдүк керек"

Адабий ийримди түптөгөн Абдиламит Матисаковдун айтымында прозачылар мектебин түзүү идеясы тээ өзү “Кыргыз Туусу” гезитинде баш редактор болуп турганда эле жаралып, бирок сааты чыкпай турган. 2006-жылдан жылдан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине окутуучу катары чакырылганда да жогорудагы тилеги күчүндө эле. Бирок туура он жыл сабак бергенден кийин анан бир тайпага таланттуу жаштардын мууну келип, 2017-жылы жаз айында "Матисаков мектеби" түзүлгөн.

Абдиламит Матисаков.
Абдиламит Матисаков.

“Улуттук университеттеги студенттерге мен негизи журналисттик ишмердүүлүктүн негиздери деген сабак өтөм. Анда жалаң гезиттик ишмердүүлүк жана журналистиканын жанрларын үйрөтөм. Ал эми чыгармачыл багыттагы сабагымды айтсам, биз жаңычылдыкка умтулуп жатабыз. Маселен, эски темаларга кайрылбайбыз. Учурдагы актуалдуу темаларды көтөрүп, ушул замандын адамдарына сунуштап жатабыз. Алар чыгармалардан өздөрүн көрүшсүн. Дал ушул темаларды көтөрүүгө ийримдеги жаштардын кудурети жетүүдө. Сөз, сюжет, идея менен иштеп жатышат. Мен ушуга кубанам. Азыр кандай гана тема бербейин, жазышат. Бирок албетте улам-улам иштешет, оңдошот, мен багыт берем. Анан аңгемелерди Фейсбукка чыгарганда жаш авторлордун өзүнө чоң дем болот экен. Жаңы чыгармачыл чабыттарга умтулушат экен. Окурмандардан көптөгөн пикирлер түшүп жатат, аларга да ыраазычылык айтам. Бирок социалдык тармакка аңгемени чыгарарда да иргеп, мыктыларын тандайбыз. Кээ бир окуучуларымдын калеми төшөлүп калды. Мен алардын айрымдарын алдыда Жазуучулар союзсуна мүчөлүккө сунуштайм, анткени булар келечектүү балдар” , – деди Абдиламит Матисаков.

Матисаковдун айтымында адабий ийримдин мүчөлөрү көбүнесе аңгемелеринде адам турмушуна кайрылып, башкалар менен мамиле түзүү, ыйман, кайрымдуулук, бирөөнүн кайгысын бөлүшө билүү өңдүү темаларга жакын болуп жатышат.

Калемгер шакирттеринин бул стихиясы мезгил иши экенине, убакыт өткөн сайын алардын көтөргөн темалары ар тармактуу өзгөрө турганына ишенет.

“Алар менин чыгармаларымды көп окушту да. Ошондуктан устаттын таасирлери окуучуларында калат экен. Анткени негизи эле устат өзү баары бир ичинде калган, кезинде кагазга түшүрө албай калган идеяны өз шакирттерине берет тура. Анткени ал идеялар азыр жаштыктын романтикасы менен кандай жазылары кызык. Албетте устат болуш үчүн айкөлдүк керек, мен теманы кызганбайм. Өзүңдүн чыгармаң чыкпай турса да, шакиртиңдики чыксын. Менин принцибим ушундай. Анан окуучуларымдын аңгемелеринде жүрөктү элжиреткен жакшы бир ой катылып турат. Муну окуган окурман да туят. Анан жаштыктын демиби билбейм, менин шакирттеримдин ичинде ички атаандаштык да күчтүү. Мен аны да сезем. Ошондуктан алардын көз карашын байкап туруш керек. Ар кимисинин бараткан жолдоруна жараша багыт берип, үн кошуп, жөлөк болуп турбаса, устаттыктан не пайда?”.

"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.
"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.

"Дээринде бар, мээнеткечтер гана жазуучу болот"

Эл жазуучусу Матисаков өзү бир топ такшылып калды деген айрым шакирттерин да кепке тарттык. Алардын бири – 26 жаштагы Арген Мажитов. Анын пикиринде агайы калыпка салынган лекцияны, тажатма теорияны өтпөстөн, өзүнүн жашоодогу жана кесиптеги тажрыйбасынан бөлүшүп, студенттерди кызыктырганы көп жаштардын жазмалык шыгын ойгото алды:

Арген Мажитов.
Арген Мажитов.

“Устатыбыз биринчи сабагынан баштап бизге ар кандай темаларды тапшырма кылып берип жатты. Эссе, дил баяндан башка эч нерсе жазбаган студенттердин баары кыска чыгармаларды тынымсыз жаза баштады. Жума сайын ар бирибиздин чыгармабызды окуп, жакшы берилген ойлорду, жаңы көз караштарды кызыл түстөгү калемсап менен сызып койчу эле. Ушундан кийин жазмакерликке болгон кызыгуу көпчүлүгүбүздө ойгонду. Тилекке каршы, агайыбыз жаңы жылга чейин 1-семестрде эле окутат экен. Анан биз агайдан сабагыбызды токтотпойлу деп сурандык, өзү да прозачылардын мектебин түптөгүсү келип жүрчү экен. Ошентип “Матисаков мектеби” алгач КУУдагы журналистика факультетинин ЖК-2-16 группасындагы студенттерден түптөлдү. Алгач эле 20 студент катышабыз деп топтолдук. Эми айрымдарыбыз окуу жайды бүтүп кетсек да, катарыбыз кайра жаңы муун менен толукталып жатат. Анан агай ийримдеги алгачкы эле сабакта “Баарыңар жазуучу болуп кетесиңер деп айта албайм, бирок бул мектеп адабиятты жакындан таанууга, жазуучулардын эмгегин баалоого себеп болот, анан дээринде бар, тынымсыз аракет көргөн мээнеткечтер гана жазуучу болот деп айтты”.

Антсе да Арген келечекте катардагы окурман болуп калбай, талбаган аракет, изденүүлөрдү кылып, калемгер болууну кыялданат. Өлкөдөгү телеканалдардын биринде журналист катары эмгектенип жаткан Мажитов чыгармаларында муундар ортосундагы мамилени, түшүнбөстүктөрдү көп жазат.

Анын “Эски там”, “Апамдын алканы”, “Кызыл алма”, “Үркөр” баштаган 20га чукул аңгемеси бар.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика институтунун алдындагы “Матисаков мектебинин” учурда (окуу жайды бүтүп кеткен жана окуп жаткан студенттерди кошкондо) 30дан ашык мүчөсү бар. 20дан ашыгы борбордо болуп, ийримге тынымсыз катышса, айрымдары аймактарда. Алар да социалдык тармак аркылуу байланышта болуп турушат.

Аймактагы ийрим мүчөлөрүнүн катарында Айжана Убайдиллаева да бар. Ал учурда Ошто жашайт:

Айжана Убайдиллаева.
Айжана Убайдиллаева.

“Мектеп жаңы түзүлгөндөн кийин эле 2017-жылы жаз айында агай биздин аңгемелерди “Жетиген” журналына чыгарып берди. Адабиятка кызыгып жүргөн биздин төбөбүз көккө жете кубандык. Ошентип ошол басылма чыгармачылыктагы тушообузду кести. Ага менин жашоодогу башымдан өткөргөн окуяларды камтыган “Издейм сени” аттуу аңгемем чыккан. Андан кийин да “Шаар жыты”, “Касиет”, “Сүмөлөк” аталышындагы аңгемелерим жарыяланды. Агай биз менен аптасына эки-үч ирет жолугуп, сабак берип турду. Анан 2-курсту бүткөндө Ошко турмушка чыгып кетип, окуумду ал жакка которуш керек болуп калды. Анан ийримдин Вотсаптагы тайпасына жазгандарыбызды салып, агай менен аралыктан байланышып турдук. Агай мага “Айжана, сен чыгармачылыгыңды улантышың керек” деп колдоп турду. Калемгерликтин тузун таткандан кийин баары бир алыстап кете албайт экенсиң. Жашооңдо деле тема, турмуштук сюжет издеп жүрөт экенсиң. Азыр жазуумду улантып жатам. Биздин чыгармалардын Фейсбуктагы баракчабызга чыгып жатканы да бизге чоң дем берип жатат”.

Айжана Убайдиллаева бала чагынан эле китепке жакын болуп, күндөлүк жазып жүрчү экен. Тепкедейинен жазмалыкка шыктуу чоң атасынан таасирленсе, эми устатынан тажрыйба алууда. Ал аңгемелериндеги сюжеттердин көбүн күнүмдүк турмуштан алат. Айыл эскиздери, балалыгынын сүртүмдөрү, позитив менен бүткөн окуялар анын негизги темасы болуп жатыптыр.

"Прозаны жандантпасак балдар мээримсиз коомдо чоңоёт"

Кыргызстандык адабий сынчылар, окурмандар журту соңку кезде адабияттын проза жанры аксап жатканын көп эле саймедиреп келишчү. Ушундай убакта “Матисаковдун мектеби” кандай алгылыктуу кызмат аркалап, болочоктун кандай калемгерлерин тарбиялай алат деген суроо туулат.

Адабий ийримдин мүчөсү Аден Турусбеков мындай пикирин бөлүштү:

Аден Турусбеков.
Аден Турусбеков.

“Адабияттын проза тармагын жандантпасак, биздин балдар мээримсиз коомдо бой жетет. Чындыгында жаш төкмө акындар, жаш ырчылар, жаш акындар, жаш манасчылардын учу куру эмес. Ошондой эле спорттун бардык тармагынын мыктылары өсүп чыгып, алды Олимпиданын байгелерин багындырганга жетишти. Албетте, бул чоң жетишкендик. Бирок ошол эле манасчылар баш болгон өнөр адамдарынын портреттик почерктерин калемгерлер жазып, кийинки муунга калтыруу керек го. Бүгүнкү биздин спортчуларды келекчектеги муунга каарман кылуу прозачылардын милдети. Мындан улам коомду адамгерчиликке чакырган заманбап аңгемелерди мамлекеттик деңгээлде колдоого убакыт келди. Азыркы учурда жаш жазуучулардын талаасы бош турат. Мындан улам Абдиламит Матисаков агай жети дубандан келген жаш студенттерден таланттарды тандап, өзүнүн чакан мектебин түздү. Агай азыр өз күчү менен жаш калемгерлерин кыргыз адабиятына салым кошууга чоң аракетин жумшап жатат. Бул стратегиялык жагынан туура кадам. Антпесек, азыркы эл жазуучуларынын ордун эртең ким басат? Калем кармамак турсун китеп бетин ачпаган жаштарды китепкөй кылып тарбиялоого баарыбыз биргеликте иш жасасак, өз жемишин берет. Бүгүнкү күндө биздин мектептин калемгерлери жазган чыгармаларды социалдык тармактар аркылуу жарыялап, адабиятка аз да болсо күч жумшап жатабыз. Себеби, адабият өнүксө, маданият өнүгөт. Ал эми маданиятуу жаштар өнүккөн өлкөнү курары бышык”.

Бүгүнкү күндөгү актуалдуу окуяларды жазганды жактырам деген Адендин “Ак чайнек”, “Уя”, “Күмбөз”, “Кредит”, “Өкүл ата” баштаган бир катар аңгемеси буга чейин социалдык тармактагы окурмандардын сынына коюлган.

"Мезгил сынына коюлган "Миң булак"

Жаш прозачыларды тарбиялайм деген эл жазуучусу Абдиламит Матисаков ийримде чыгармачыл талкууларды уюштуруудан сырткары шакирттерине шык болсун деген максатта айрым учурда жер-жерлерди кыдыртып, кээде улуу муундагы белгилүү калемгерлер менен жолугушууларды өткөрүп турарын айтты. Алар жакында эле Ысык-Көлдөгү Алыкул Осмоновдун үй-музейине зыярат кылып келишти.

"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.
"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.

Баса, алдыңкы аптада “Матисаков мектебинин” жаш калемгерлеринин аңгемелери топтолгон “Миң булак” аталышындагы китеп жарыкка чыкканы турат. Жыйнактын чыгышына Улуттук жазуучулар союзуна мамлекет былтыр бөлгөн каражаттын эсебинен 275 миң сом акча каралган.

"Миң булак" аталышындагы аңгемелер жыйнагы.
"Миң булак" аталышындагы аңгемелер жыйнагы.

Матисаков ушул 23-майда китептин бет ачары Улуттук университетте иш-чара, андан кийин Алматыда казакстандык жаш жазуучулар менен шакирттеринин жолугушуусун өткөрүү планы бар экенин айтат.

“Матисаков мектебинин” дагы бир мүчөсү Самара Каныбекова ийримдин алдыдагы максаттары тууралуу буларга токтолду:

Самара Каныбекова.
Самара Каныбекова.

“Алдыда, буюрса, көптөгөн максат-тилектерибиз, пландарыбыз бар. “Миң булак” китебинин ачылыш аземин өткөрүп алгандан кийин, буюрса, кийинки жарыкка чыга турчу китептерибиздин үстүндө иштейбиз деп турабыз. Куржунубузда кирбей калган дагы да көптөгөн аңгемелер бар. Азыркы тапта алардын үстүнөн иштеп жаткан кезибиз. Агайбыздын бизге арткан үмүтү аябай чоң. Мектептин ар бир мүчөсү ошол үмүттү актоо үчүн мээнеттенип жатат. Демек, муну менен “Матисаков мектеби” келечектен чоң нерсени үмүттөндүрөт деп айтсак туура болот го”.

“Миң булак” китебине Самаранын “Санта”, “Август”, “Данияр”, “Жүрөк жашы” баш болгон жети аңгемеси кирген. Ал мектептин башка мүчөлөрүнөн айырмаланып сүйүү темасына көбүрөөк кайрылат.

Каныбекова ийримдин мүчөлөрү алдыда кыргыз адабий айдыңында кандай атаандаштык жарата алат деген соболго Каныбекова мындайча жооп берди:

“Проза жанрында поэзия жанрындагыдай атаандаштык анчалык курч эмес го. Себеби, азыркы мезгилде бул жанрга кайрылгандар алдаганча аз. Демек, бизге окшогон жаш прозаиктер үчүн бул аянтчада мүмкүнчүлүктөр аябай эле көп. Мисалы Фейсбук баракчабызды эле алсак, ал жерде ар бир чыккан аңгемебиз кеминде 100-150дөй ой-пикир топтоп, талкуу жаратып келет. Бул да болсо кайсы бир деңгээлде жакшы көрсөткүч десек болот”.

"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.
"Матисаков мектебинин" тарбиялануучулары.

Абдиламит Матисаковдун айтымында алдыда күз айларында Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун каржылоосу менен “Матисаков мектебинин” экинчи китеби чыкканы турат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG