Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:20

“Кызыл өрүк” - бир муун аялдардын тагдыры


Иллюстрациялык сүрөт.

2000-жылы Женевага аялдардын укуктарына арналган бир чоң иш чарага жөнөр алдында колума Топчугүлдүн “Жан шерик” китеби тийип калды. Барактап көрсөм аңгемелеринин темалары жүрөккө жакын, мага жакты. Жолдон окуймун дедим да кол сумкеме салып алдым.

Ошондогу алыскы иш сапарымда “Жан шерик” мага чын эле жан шерик болду. Бараар барганча, келээр келгенче окуп келдим. Анан калса, Женева конференциясында козголгон азыркы замандын аялдарынын маселелери менен Топчугүлдун каармандары мойнуна көтөрүп алган кыргыз аялдарынын көйгөйлөрү жуурулушуп, көкүрөгүмө батпай, Бишкекке келээрим менен авторго телефон чалдым да: “Топчугүл, сенин китебиңден өзүмдү таптым, айылдагы жеңелеримди, эжекелеримди, сиңдилеримди көрдүм. Рахмат! Аялдын азыркы коомдогу акыбалын ушинтип көркөм чыгармалар аркылуу да элдин жүрөгүнө жеткирип, алардын аялга карата мамилесин, аң сезимин өзгөртсө болот тура”,- дедим.

Ошол күндөн ушул күнгө дейре Топчугул Шайдуллаева менен чыгармачылык кызматташ, аялдар кыймылында үзөнгүлөш, идеялаш болуп бир арабада келатабыз. Биздин “Аялдарды колдоо борбору” уюму өткөргөн гендердик мектептерде анын “Бала көтөргөн балалык”, “Отунчу кыз”, “Азапка салган айыз”, “Эрте жетилүү”, “Кыз жана водовозчу” сыяктуу бир канча аңгемелери угуучуларга окуу үчүн материал катары сунушталып келет. “Жан шерик” кийин КР Жазуучулар Союзунун “2000-жылдын эң мыкты китеби” деген сыйлыгын алганын уккам.

“Эрте жетилүү” - оюндан көзү өтүп карап калган кызын апасы акырын тилдеп койчу: “Сени кыз бала дейт, оболу жумушту бүтүр, анан ойнойсуң”. Бирок мунун иши такыр бүтчү эмес, таң эртеңден, кечке чейин, күн сайын. Тоо түбүндөгү айылдагы тиричилик энеси менен кызын баш көтөртпөйт эле. “Кыз жана водовозчу” - булардын үйүндө апасы экөөсүнөн башка эч ким сууга барбайт.

Улуу калемгер Э.Хемингуей: “Мен турган турпатым менен өз китебимдемин” деген экен. Мен Т.Шайдулаеваны да өзүнүн китептеринин ичинде жүргөн жазуучу дей алат элем. Айрыкча анын 2017-жылы жарык көргөн “Кызыл өрүк” китеби бул оюмду даана тастыктап турат. Автордун көз карашы, боорукерлиги, күчү, сабыры каармандарынын койгон кадамдарында, кабыл алган чечимдеринде, аялдык уяты менен намысында айдан ачык көрүнүп турат.

Энесиз калган балдарга өгөй эмес, “орунча эне” болгон Бүсара, карыган абышкаларга боору ооруп улам турмушка чыга берген Чыныгүл, “Өрүк энесине” таянып, өзүн өзү тикелеп жашаган жалгыз бой аял, кусалыгын иш менен ырдан чыгарган тракторчу келиндер, айыз эмне экенин билбей, коркуп, алапайын таппай калган секелек кыз, “кара жаздык” атка конуп, эл ичинде түрткүнчүк болуп калган Кайыргүл - Топчугулдүн “Кызыл өрүк” китебин окуган ким болбосун эсинен кетпей турган каармандар. Бул аңгемелердин көркөмдүк даремети туурасында адабиятчылар сөз кылаар.

Мен бул макалада Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебиндеги эсселерге токтолгум келди. “Кызыл өрүк” деп аталганы менен китепте өрүк жөнүндө дегеле сөз болбойт. Автор колхозчу аялдарды сабырдуу, чыдамкай, карапайым өрүк дарагына салыштырып, алардын совет доорундагы колхозчулук оор турмушун чагылдырат. “Кызыл өрүктү” мен колхозчу, “кызыл” аялдар деп түшүндүм. Демек, коммунизмди куруу жолундагы “кызыл” аялдардын, айрыкча репродуктивдик курактагы энелердин кечирген турмушун бүгүнкү укуктук демократиялык мамлекеттин мыйзамдарынын алкагынан карасак, кызылдай эле укук бузууларга жык толгонун, баарынан да таң калычтуусу - мунун баарын аялдар кадим жашоо турмуш катары кабылдап жашап келгени, моюн сунганы.

Колхозчулук жашоодон башка жашоону көрбөй көзү өтүп кеткен бир муун аялдардын тагдыры Т.Шайдуллаеванын бир үзүм эсселеринде даана чагылдырылган. Советтик идеологиянын күчүн, компартиянын укуругунун узундугун автордун “Коммунизмдин оттору”, “План”, “Бригаттин аты”, “Айран ичесиңерби?” деп аталган эсселерин окуганда жаның кашая сезесиң.

Үстү ачык машинада кыш бою кыштоодон мектепке каттап окуган колхозчулардын балдары кыш бою жөтөлүп, ысытмалап ооруп чыгышат. Бир да малчы ата-эне колхоздон балдарына жылуураак унаа талап кыла албайт, колхоздо үстү ачык машинадан башка унаасы да жок эле. Малчылардын эси-дарты төл планын, жүн планын, эт планын аткаруу, балдарынын , өздөрүнун жашоо ыңгайын ойломок кайда. “Таңкы, кечки аяздан беттери албырып кызарган окуучулар бала да машинеге чыкканда “Жүрөгүбүз коммунизм менен жалындай” деген ырын зоңкулдап ырдап коё беришет. Ырдап сууктан аз да болсо алаксышат. “Коммунизмдин оттору” ырына жылынышат”.

“Жүк машиненин үстүндө эмчектеги наристесин бооруна кыскан аялдардын арасында түн бою баласы менен алпурушуп уйкудан калган жаш келин да отурду. Машине чайпалган сайын жүрөгү айланып кускусу келип, колундагы ысытмадан от менен жалын болуп күйгөн уулунан өткөн тап келиндин көкүрөгүн куйкалап, өзү алда-немедей абалда бара жатты. Эртең менен аны бригат “Балам ооруп жатат” деп ыйлаганына карабай үйүнөн чөпкө айдады. “Сенин балаң ким экен! Карасаң, мунун баласы ысытмалап атат имиш, а колхоздун чөбү күйүп жатканы менен иши жок!” деген бригат бир нерсе айтайын деп энтеңдеп үйүнөн чыга калган келиндин карып калган кайын энесин да көзүнө илбей, атына камчы чаап атырылган бойдон кетип калды. Бригаттан корккон келин азыр чөп чабыкка баратат”.

Коммунизмдин оту ошентип ачык жүк машинеде мектепке каттап окуган балдар менен энеси чөп чабыкта, пахта теримде жүргөн наристелердин денесин каптап, канчасын набыт кылды. Коммунизмдин оту- күчтүү идеологиянын оту, суук өтмө катар өтүп, ооруп, ысытмалаган өспүрүм балдардын, наристелердин дене табынын оту. “Кызыл” жашоонун оту менен чогу Т.Шайдуллаеванын “Бригаттин аты” эссесинде да уланат.

“Бир айылдын эли топтолуп жыйналганча беш саат кайнаса да бышпай койгон этти колхозчулар колхозчулугунан унчукпай жешти. Кадырбек бригаттин аты өлгөнүн угушуп, ичтеринин көбү “ырас болуптур” деп табалап да жатышты. Эми жаңы ат алганча бир аз жаныбыз тынч алаар дешкен аялдар бригаттын камчы урула берип соорусу катып калган атынын таштай катуу этин ооздоруна салып эптеп чайнамыш болушканы менен эт жегенге дегеле окшободу. Колхозчу аялдар ушул кара аттын тарсылдаган такасы угулганда дарбазага чыккандан заарканып турушчу. Ат үстүндөгү бригатка үйдөгү аялдын кечээ төрөгөнү да, наристенин ооруп жатканы да, кары-картаңдардын муктаждыгы да баари бир. Ага ошол үйдөгү келин жумушка чыгыш керек. Колхоздун чөбү орулуп, тыбыты таралып, тамекиси тизилип, пахтасы терилиш керек.

“Кызыл” жашоо канчалык оор болгону менен, колхоз колунан келишинче эзип иштетип турса да энелер балдарды удаама удаа төрөй беришкен. Колхоздо пландоо этке, сүткө, жүнгө, пахтага, төл алууга гана болгон экен. Үй-бүлөнү пландоо, эненин, наристенин ден соолугуна кам көрүү деген дегеле колхозчу энелерге буюрбаптыр. Аларга жада калса төрөтүнө байланыштуу жарытылуу отпуске, акча, тыйын да беришкен эмес.

Аялдардын көбү арга жогунан эле төрөй беришкен, алар бойдо болтурбоо жолдорун таптакыр билишкен эмес. Он эки баланы төрөп койгон энелерге “Баатыр эне” медалын ыйгарышкан. Бу сыйлыктын да акчалай коштоосу болгон эмес. Автордун “Айран ичесиңерби” деген эссеси ушул энелик эмгеги аз да болсо бааланган баатыр эне тууралуу. “Ал маалда бул медалды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сыйлануучуларга үйлөрүнө барып эле тапшырып койчу. Колунда барлар дасторкон жайып, коюн союп шаан-шөкөтү менен бу жетекчилерди тосуп алышчу. Колунда жоктор кайдан.

Биздин айылдык бир апа бул чоң наамга татыктуу болуп, “чоңдор” аны тапшырмакка үйүнө келишет. Аялы да, күйөөсү да колхозчу, көп балалуу, колунда жок. Баатыр эне бир аз мурду менен сүйлөчү дешет. Ошол күнү үйүнө капыл-тапыл кирип келген “чоңдорду” көрүп апа апкаарый түшөт. Анын колун кысып, төшүнө алтын жылдыздуу медалды тагып келгендер жөнөй беришет. Ошондо байкуш баатыр эне бул жогорку даражалуу меймандарга эмне сый көрсөтөөрүн билбей, ары-бери басып, сыймаланып, анан үйүнөн чыгып бараткандардын артынан өзүнө мүнөздүү болгон үнү менен шашкалактап: “Айран ичесиңерби?”- деп кыйкырган экен. Эсимде жок, “чоңдор” артына кайрылып айран ичишкенби, жокпу. Бирок бул баатыр эненин өз ысмы өчүп, бир топ мезгилге чейин “айран ичесиңерби” аталып калганы эсимде”.

Алтын жылдыз тагынганы менен баатыр энелер ошол бойдон өп-чап жашаган турмушунда кала беришкен. Анткени өкмөттөн балдарга берилген жөлөк пулдар чеке жылытарлык болгон эмес.

Колхозчулук “кызыл” жашоонун кыйынчылык жагын аялзаты көп көргөнүн, бирок ошол эле учурда аял укугу, анын адам катары укуктары тууралуу маселе эч кимдин эсине да, оюна келген эмес. Албетте, аялдар маселеси совет заманында чечилген деп эсептелген, анткени аялдар билим алууга, кесипке ээ болууга, ден соолугун сактоого укуктуулугу баары өлкөнүн негизги мыйзамында -Конституциясында белгиленген.

Топчугул Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китеби.
Топчугул Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китеби.

Эсимде, өткөн кылымдын 90-жылдарында Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда “Билим берүү жана аялдар” деген биринчи эл аралык конгресс өткөн. Дүйнөнүн булуң бурчтарынан окумуштуулар, журналисттер, эксперттер келишкен. Мен анда аталган окуу жайда проректор болуп иштейт элем. Ошондо чет жактан келген журналисттердин бири мага суроо узаткан:

-Силер Кыргызстанда аялдар укуктарын кандай коргойсуңар?

-Бизге аялдар укуктарын коргоонун кереги жок. Биз тең укуктуубуз, Конституциябызда жазылган деп жооп бердим.

-Конституцияда жазылса эле жетиштүү экен да деген ал күлүмүш болуп. Советтик аялдар, анын ичинде мага окшогон интеллигенция өкүлдөрү баш болуп, репродуктивдик, энелик укугу күн сайын, саат сайын бузулуп турган колхозчу аялдар баары тегиз мен ойлогондой ойлосо керек, ал кезде башкача ой жүгүртүү мүмкүн да эмес эле. Аялдын эне катары бөтөнчөлүгү, анын өзгөчө көңүл бурууга муктаж экени күнү бүгүнкүгө чейин эле чечилбей келатканы баарыбызга маалым.

“Кызыл өрүктөгү” эсселерди окуп отуруп, аялзатынын абалы ар дайым коомдун акыбалын чагылдырып турган күзгү экенине, коомдун өнүгүүсү аялзатынын өнүгүүсү менен өлчөнө турганына дагы бир ирет ынандым.

Ал эми аялдардын образдары көркөм чыгармаларда да оң каарман, күчтүү каарман катары сейрек жаралып келгени белгилүү. Бул жагынан алып карасак, Топчугүл Шайдуллаева “Кызыл өрүк” эсселер топтомунда колхозчу аялдардын карапайымдыгын, момундугун гана чагылдырбастан, алардын күчүн, эркин, кайратын да ачып бере алган. Дегеле автордун бардык чыгармаларында аялзатынын күчтүү образын жаратууга болгон далалаты көрүнүп турат. Мен муну, кыргыз коомунда кыз-келиндердин акыбалын көркөм чыгармаларда татыктуу чагылдыруу ага карата коомдук аң сезимди өзгөртүүнүн, пикир жаратуунун таасирдүү куралдарынын бири деп эсептейт элем.

Розетта Айтматова

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG