Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

"Кыштакча": Күнөстүү көркөм дүйнө жөнүндө керемет баян


Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров (1936–2002).
Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров (1936–2002).

Кыргыз адабиятынын классикасына арналган түрмөктүн кезектеги шиңгили кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун ажайып мурасынын бир бөлүгү - 1973-жылы жарык көргөн "Кыштакча" повестине арналат. Түрмөктү адабият таануучу Бекташ Шамшиев алып барууда.

Мурза Гапаров (1936–2002) турмуштун гармониясын, пенде баласынын те тереңде катылып жаткан асылдык дүйнөсүн лирикалуу, романтикалуу маанайда сүрөттөөнүн чебери эле. Ошонун аркасында анын каламынан чыккан чыгармасы окурмандардын кызыгын арттырып турчу.

Цензура

Мурза Гапаров кайталангыс сүрөткер экенин, ачып берген көркөм дүйнөсү өзгөчөлүү, дүйнө таанымы катарлаш каламдаштарынан башкача экенин, албетте, жакшы билген. Анын жарык көргөн кара сөз чыгармаларында, экрандан түшпөгөн кинотасмаларында, театрларда коюлган драмалык чыгармаларында сулуулукту эңсөө, асылдыкка кумарлануу, көркөмдүктү даңазалоо аракети турчу.

Ал дүйнөнүн кооздугун, асылдыгын, бийиктиги менен тереңдигин поэзиянын назик ыргактарына бөлөп, кара сөздү ырга айлантып койчу. Ошондуктан каламынан чыккан текст ушунчалык жөнөкөй, ошол эле кезде терең мааниге каныккан, жарыя кылынганга чейин эчен электен өтүп, сүрөткердин жан дүйнөсүнөн сыгылып чыкканы, ар бир сөзү эчен ойлонуп, толгонуудан жаралганы баамга урунчу. Мурза Гапаров өмүрүнүн соңунда агынан жарылып жакшы көргөн каламдашы Алым Токтомушев экөө сукбат куруп, эчен жыл ичте катып келген армандуу сырын мындайча сыпаттаган экен.

“Сөздүн нугун башкага бурбасак, эң жаман жери, баарыбыздын ичибизде кошо жатып, кошо турган, кошо жүргөн көрүнбөс редакторлорубуз, цензорубуз болор эле. Ошол редактор, ошол цензор бизге жалаң гана соцреализм китебин жаздыртып, киносун, сүрөтүн тартырттып, театрын койдуртуп, окурман, көрөрмандарга ошолорду гана тартуулатып келбедиби.”

А бирок Мурза Гапаров ошондой шартта деле окуган адамдын эсинен чыкпай, кызыгы арта берчү чыгармаларды жараткан. Коммунисттик идеологиянын куйкасын куруштурбай, социалдык курч проблемаларды козгобой, жашоо-турмуштун айтып бергис керемет сулуулугун күүгө салып, “күнөстүү аралды” байырлап, жазуучунун милдети асылдык дүйнөсүн ачуу экенин иш жүзүндө ырастап, чыгармачылыгы аркылуу анысын далилдеп кетти.

Мурза Гапаровдун каарманы кыялкеч, өз дүйнөсү менен жашоо-турмуштун жаркын барактарын ачып жашаган сезимтал жаш адам. Ал ушундай чыгармаларды көп жазды.

Жашоо-турмуштун улам кулпуруп ачыла берчү кереметин, окуяга караганда ички сезимди, пенде баласынын асылдык дүйнөсүн кемелине келтирип ачып бериши жагынан ал катарындагы каламдаштарынан кадимкидей айырмаланган, көркөм сүрөттөөнүн таанымал чебери болчу.

Ушул ыңгайда жазуучунун Памирде жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун сүрөттөгөн айтылуу “Кыштакча” повести тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Негизи Памир темасына Мурза Гапаров “Кара-Көлдүн каздары”, “Жолдогу кырсык” дагы башка аңгемелерин арнаган. 1962-жылы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин ал өзү суранып мына ушул алыскы тоо арасында мугалим болуп иштеп келген.

Ал кезде жогорку билимдүү кадрлар аз, анын үстүнө Фрунзеден Памирге келген адисти Мургап (Мургаб) райондук билим берүү бөлүмүндөгүлөр бир мектепке директор кылып жөнөтүүнү чечишет. Ага макул болбой катардагы мугалим болуп иштейт. Токтомуш деген айылдагы Токтогул атындагы мектепке ишке орношот.

Ал жерде бир жыл иштеп, шаарга кайтып, кийин дагы бир жолу Памирге барган экен. Иши кылып, дүйнөнүн чокусу эсептелген бийик жер жазуучунун кызыгуусун арттырып, чыгармачылык ышкысын козгогон. Анысы жазуучунун айтылуу “Кыштакча” повестинде кемелине жеткире сүрөттөлгөн.

Ак поюз

Биз студент кезде Мурза Гапаровдун “Кыштакча” повести “Ала-Тоо” журналына жарыяланып калды. Баарыбыз жабыла кызыктуу чыгарманы окуп, андагы ар бир сөз, окуя, Памир тоолорунун арасындагы кыргыз кыштагынын нака турмушу баарыбызды таң калтырып, катуу таасирленткен.

Башында чыгармага автор “Ак поезд” деген ат берген экен, журналга чыгарында “Кыштакча” болуп өзгөрүп, а бирок баштапкы автордук ой чыпчыргасы коробой сакталган.

Повестте символикалык маани-мазмун алып кеткен кызыктуу эпизод бар. Эриккенден Акун өзү жашаган үйдү актап салат. Айылдын бир түстүү жалпак үйлөрүнүн катарында акталган үй кадимкидей бөлүнүп, көзгө биринчи урунат.

“Бешим ченде үйүмдү бүтүрүп, бешимде өз классымды алып, тезек терип келгени бардык. Мугалимдер алмак-салмак интернатка дежур болуп турушат. Алар балдардын тамак-ашына, сабак окугандарына, жатып-тургандарына көз салышат. Бүгүн менин кезегим эле. Үйүмдү актап бүтүп, ашканага келсем, ашпоз аял, кечки оокатты бышырганга отун жок деп айтты. Мен дароо балдарга бирден кап таптырдым да, күн отургуча кыштактын жака-белинен тезек тердирдим. Тезек терип жүрүп, кокусунан, балдардын бирөө, көрсө, Унсун экен:

- Карагыла! Акун агайдын үйү ак паровозго окшоп калыптыр! – деп балалык кубанычы менен кыйкырып калды.

Биз дөң жерде болчубуз, кыштактын үйлөрү ылдый жагыбыздагы түздө жамырап жаткан. Карасам, менин актап койгон үйүм, чын эле өзүнүн актыгы менен жанындагы тамдардан даана бөлүнүп, бир нече боппоз, көрксүз вагондорду сүйрөп бараткан паровозго окшоп калыптыр.”

Жалгыз ак үй балдарга абдан катуу таасир этет, кыялкеч тестирелерге ал бопбоз окшош тамдарды чиркеп алып бир жакка багыт алган поюзду элестетип иет. Анан алар чиркешкен вагондорго түшүп алып, ким кайсы жерге баргысы келгенин кеп кыла башташат.

Памирдин жарым жыл ашуун убакытка созулган суугунан тажаган балдардын бири ысык жер Африкага, экинчиси мөмөсү көп түзгө, башкасы Фрунзеге – баарысы бийик тоо арасынан кеткиси келишет. Алардын арасынан класстан көчпөй калган Паиз деген бала гана эч жакка кетпей турганы билинет.

Пайиз “бир жакка кетип калса, Толубай мергендин кызы өмүр бою эрсиз калбайбы” дейт Садык.

Акын Мамасалы Сатаров - Тажикстандын Мургап районунан болот. 2010-жылдын 16-декабры.
Акын Мамасалы Сатаров - Тажикстандын Мургап районунан болот. 2010-жылдын 16-декабры.

Бук

Акун мектеп ишине көнүп, жамаатка аралашып калганда көңүлүн кайт кылган бир окуя болуп өтөт. Мергенчи Толубайдын кызынын боюнда болуп калганы билинип, мектеп директору аны Акундан көрө баштайт. Акыйкатка жетиш үчүн Маман депутат жолдоштук сот чакырып, ошол жерде көпчүлүктүн көзүнчө Карачач Пайизди көрсөтүп, ошол эле күнү депутат ал экөөнү топозго мингизип тоого алып кетет.

Директор менен жаш мугалимдин ортосундагы сабакты өтүү тууралуу пикири келишпестиктерин эсепке албаганда чыгармада чыңалган социалдык конфликт деле жок.

Бийик тоо арасындагы айыл элинин жашоо-турмушу, каада-салты, суукка, бийиктикке маани бербей күн өткөрүп атышканы турмуштук кызыктуу окуялардын тутумунда баяндалат.

Тоо арасындагы бир кыл жашоо ырааты, анан да узактан узакка созулган кышы Акунду тажатып, эриктирет, шаарда калган кызын эстеп бук болот.

Мургаптык уздар. 2021-жылдын 20-июлу. Ж.Жусубжан тарткан.
Мургаптык уздар. 2021-жылдын 20-июлу. Ж.Жусубжан тарткан.

Ошондой көңүл чөгөт кезинде кышкы төлдүн түйшүгүнөн кыйналып жаткан депутат Маманга оюна келе калган пикирин ачык айтат.

Боз үйдө үшүп отурган наристелер. Түнкүсүн тууган койлорду таап, козусун телчиктирип, боз үйгө алып кирип жылуу жерде кармайм деп уйкудан калган койчулар.

“ – Эй, Маман, дедим. – Эмне үчүн ушу каргыш тийген Памирди таштап, башка жакка көчүп кетпейсиңер?

Депутат ишин токтотуп мени таң калып карап калды.

- Памирди таштап? А эмне үчүн?

- Мм... Бир жакшыраак, өзүңөргө туруктуу үй-жай куруп, жер айдап, эгин-тегин эге турган жерге барып отурукташпайсыңарбы?

Депутат мурда эч качан мындай сөздү укпаса керек, баштагыдай мени аңкайып карап тура берди.”

Депутат мындай суроого эмне деп жооп бермек. Туулган жерин таштоо оюна келбей, тапшырылган ишти оор, кыйын дебей, суукка кайыл иштеп атышкан, кетишти эч ким ойлобосо. Минтип шаардан мектепке иштөөгө келген жаш мугалим депутат досуна ылым санап кичине мас болуп калганда калаты суроосун узатып отурбайбы.

Маман болсо кадырлуу мейманына эмне деп жооп бермек: “Билбейм... Бирок, мен, эмне үчүн бул жерди таштап кетишибиз керек экенин да билбейм”, - дейт.

Жазуучунун калемдеши Кеңеш Жусупов: ““Кыштакча” повестиндеги Акундун башынан өткөзгөнү, атүгүл комендант, анын кызынын жоруктары, айрыкча Акундун студенттик кези, анын Маманга жолугуусу негизги чындыктан алынган. Жазуучунун чеберчилиги ушунда турат: ал бүтүндөй чындыкты сулп гана ошол калыбында шилтей салбайт. Автор окуяларды чыгарманын жалпы жигине карата өзгөртүп, жик билгизбей, керектүү жерге сулуулап, кынаптап, өтө чеберчилик менен жаза билет. Анысы чыгарманын мазмунуна, көркөмдүгүнө жамаачыдай оркоюп көрүнбөстөн, кайра ага бап келип, ажарын ачып турат. Көрсө, ошол бизге майда-чүйдө көрүнгөн окуя жазуучуга оңбогондой олжо, табылга тура”, - дейт.

“Кыштакча” повести окурмандардын сүймөнчүгүнө арзып, адабий сында мактоого арзыды.

Кыргыз прозасына стили, көркөм ойлоосу каламдаштарынан кескин айырмаланган жазуучунун чеберчилиги артыла баштаганын ырастады. Буга чейинки “Кара-Көлдүн каздары”, “Эки ирет гүлдөөчү алмалар”, “Газала”, “Наташа Ростованын биринчи балы”, “Жол кырсыгы” дагы башка аңгемелердин чебери катары таанылган сүрөткердин көлөмдүү эпикалык формадагы ийгилиги алыскы Памирден тамыр алган.

“Кыштакча” повестинен кийин сүрөттөөнүн үнөмдүүлүгү, адабиятта лаконизм деген ыкма күчөй баштады. Майда турмуштук деталдардан үлкөн көркөм маани таап чыгуу аракети жанданды.

Жазуучунун кийинки “Дарыялардын шоокуму”, “Күнөстүү арал”, “Кызыл беде”, “Сүйүүнүн кайыгы” повесттеринде мына ушул жаңычыл көрүнүш дагы тереңдеди.

Мурза Гапаровдун чебер калеминен кыргыз адабиятында биртоп жерлер, атап айтканда, Айгүл тоо, Зардалы, Памир, Арстанбап, Каралма сындуу керемет жайлар адабий “каттоого” алынды. Табияттын кооздугу, реалдуулук менен жомок дүйнө, символикалык шарттуулук менен учкул кыялдын синтези өзгөчө бир көркөм дүйнөнү түздү.

Мургаптык турмуштун үзүмү. 2012-жылдын 20-июлу. Ж.Жусубжан тарткан сүрөт.
Мургаптык турмуштун үзүмү. 2012-жылдын 20-июлу. Ж.Жусубжан тарткан сүрөт.

Бийик тоо арасында жашаган карапайым калктын кыйынчылык, оорчулуктарга карабай турмуш-тиричилигин жүргүзүп, эч кимге догун артпай жашап жатышканы “Кыштакчанын” кызыктуулугун арттырып турат.

Бийик тоонун кереметин, андагы жөнөкөй адамдардын жупуну турмушун жазуучу өзгөчө бир ынтаа менен күүгө салган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG