Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:18

Кыргыз байлары китеп окушпайт


Мурза Гапаровдун 20 жылдан кийин чыккан томдугу

Кара сөздүн таанымал чебери Мурза Гапаровдун китептери авторунун көзү тирүүсүндө деле сейрек жарыяланчу. Калемгердин жарык көргөн соңку китебинен бери 20 жыл өтүп, мына эми анын талантын сыйлагандардын аракети менен тандалма чыгармаларынын бир томдугу жарыкка чыкты.

"Азаттыктын" бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары - жазуучу Мелис Абакиров менен адабиятчы Осмонакун Ибраимов маданий турмушубуздагы мына ушул орчун окуя тууралуу ой бөлүшөт.

- Кара сөздүн таанымал чебери, классик жазуучу Мурза Гапаровдун “Экөө ээн бакта” тандамал чыгармаларынын бир томдугу чыкты. Сүрөткердин артында калтырган адабий мурасы жөнүндө өзүнчө кеп кылуунун кезеги келди. Мелис мырза, мына ушул китептин кандайча чыгып калышынын чоо-жайына токтоло кетсеңиз.

Мелис Абакиров: - Кыргыздын классик жазуучусу, мыкты стилист сүрөткердин китеби 20 жылдан бери чыкпай келиптир. Эң акыркы китебин мен “Адабият” басмасында иштеп турганда чыгарганбыз. 1989-жылы. Кыргыз эл жазуучусунун чыгармасы элге жетей калат деген бул өзү уят эле нерсе да. “Жаңгак токойдун жомоктору” деген китеп болчу. Мурза аке экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. 1999-жылы ушул китепти түзгөнбүз. Өзү мага айтып калды: “Меке, басма кызматкерисиң. Ушул китепти өзүң түзгүн” деп. Анан мынабу китепке кирген чыгармаларды экөөбүз чогуу тандаганбыз. Анан ал китеп он жыл туруп калбадыбы. Басмалар каражаты жок китеп чыгара албай, өкмөт карабай кетти. Китеп чыкпай токтоп калгандан кийин мен да Мырза аке да көрүнгөн байларга чуркадык, жаңычыкма байларга, башкаларга бардык. Жооп жакшы болбоду. Бир күнү Мурза аке айтып келди: “Меке, бизди кыргыз байлар окубай калыптыр. Жердеш деп Ноокаттык бирөөгө барсам “Мурзаке, китебиңизди ким окуйт? Мен да окубайм. Эл да окубайт. А көрөкчө машине, үй сурабайсызбы, алып берейин” деп айтат. Ой, мен өлдүм дейт. Көрсө мен тирүү эле өлгөн турбаймбы. Кыргыз байлар окубай калгандан кийин бизди, депутаттар окубай калгандан кийин бизди, өлгөн экенбиз” дейт. Бул өзү намыска тие турган сөз да. Чынында эле ошондой. Ал го көркөм чыгарма деп коелу. Атүгүл бизде окуу китептери да жетиштүү чыкпай жатпайбы.

Менин айылым башкалаадан 60 чакырым алыстыкта. Ошол жерде 1-класс үчүн 4 эле “Алиппе” бар экен. Алар да эски. Келип бул жерде биздин жер төлөдө жаткан китептерди сатып алып барып бердим. Бишкекке жакын жерде ушундай ахывал болгондо башка жакта эмне деген эми? Адабий китептерди чыгаруу жагын алсак, 2005-жылдан бери балдар үчүн 12 китеп чыгарылыптыр. Ныскасы 12 миң экен. 1000 балага бирден китеп туура келет. Бул элди атайылап сабатсыз кылууга жол берчү саясат да бул. Мобуреки биздин кыргыздын чоңдорунун балдары дүйнөлүк тилдерди билип, Оксфорд, Кембриджде окушу керек. А бул жердеги кыргыздарга кыргыз тилинин кереги жок, дешет окшойт.

- Осмонакун мырза, Бишкектеги жападан-жалгыз “Нуска” китеп дүкөнүндө толтура китептер турат. Мелис мырза болсо жакшы китептер жетиштүү чыккпай атканын айтып олтурат.

Осмонакун Ибраимов: - Биз кыйчалыш тарыхый доордо жашап жатабыз. 70 жыл ашуун социализмде жашадык. Анан бизден сурабай-этпей эле капитализмге келип калдык. Социализм учурунда китеп көп чыкчу. Анан ошо кезде, азыр мен атын атабай эле коеюн, Эл жазуучусу дегендин бирөөсүнүн 30 жакын китеби бар экен. Ошол отузга жакын китептин бирөөсүн кайра окууга жарар, калганы унутта калчу чыгармалар да. Деле совет адабиятынын 80% ошол кездеги идеологияга кызмат кылчу чыгармалар болчу. Мурза Гапаров жана мен айткан тирүү кезинде унутулуп калчу, саман-топонду эле жазып чыгарган жазуучулардын катарына кирбейт. Анын жазгандарынын көпчүлүгү адабий классикага кирди деп айтса болот. Мен бул кишини чоң ойчул, чоң философ деп айта албайм. Бирок мыкты сүрөткер эле. Көргөнүн көргөндөй, окуган кишинин көпкө чейин эсинен кетпей тургандай кылып жандуу элес жараткан сүрөткер болчу. Жазуучу катары, сүрөткер катары адабиятыбыздын төрүнөн орун алган киши болчу. Ушул сыяктуу эле Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов - булар заказ менен идеологиянын камчысын чаап, ошого ылайыктап жазган сүрөткерлер эмес. Өздөрү билген, өздөрүнүн жүрөктөрүн өйүгөн, өздөрүн толкуткан чыгармаларды жазышчу. Ошолордун арасынан Мурза Гапаровдун чыгармаларынын чыгышы биздин адабий-маданий турмушубуздагы чоң окуя.

- Мелис мырза, Мурза Гапаровдун көркөм дүйнөсү - өзүнчө ажайып, керемет дүйнө. Адамды арбаган, эсинде көпкө чейин сакталган укмуш сүрөттөрү бар дүйнө. Ал Арстанбап токою, Баткен тоолорунда калган Зардалы же Ноокаттын бадам каптаган адырлары, өрүкзары жөнүндө жазабы - баарынан Мурза Гапаровдун гана өзүнчөлүгүн көрө алабыз. Анын көркөм сөзгө киргизген жаңылыгы тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

Мелис Абакиров: - Эми Осмонакун мырза айтып атпайбы, бул ойчул эмес эле, философ эмес эле, деп. Мына Батыш адабиятында Вольтер жана башкалар философиялык чыгармаларды жазышкан. 2-3 кылымдан кийин алар ойчул катары калышты, бирок жазуучу катары калышкан жок. Андай дебеш керек. Сүрөткердин негизги кызматы далилдеп бериш эмес, көрсөтүп берүү. Мурза Гапаров дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн жакшы билчү. Дүйнөлүк адабий үлгүлөрдү өзүнө сиңирип, аны чыгармалчылыгында туюнта алган жазуучу. Адам сулуулугун, ички дүйнөсүн берүү жагынан мыкты чебер болчу. Зардалы, Айгүлтоо, Ноокаттын өрүкзары, Каракөлдүн каздарын жазабы - баарын таасын сүрөттөп берет. Анан да Мурза акенин ширин тили өзгөчө баага арзый турган көрүнүш. Түштүк диалектисин чыгармасына ыктуу колдонуп, окуган адамды тартып алат. Дагы бир өзгөчөлүгү кайсы жерден баштап, кайсы жерден бүтүрүүнү мыкты билгендиги. Ички редактору күчтүү. Артыкбаш эч нерсе жок.

Мисалы, бизде бир роман бар. Ошондо сельсовет мектеп директорун чакыртканга бирөөнү жумшайт. Эшегин кыдыңдатып директорду чакырып келгени 14 бетте сүрөтттөлгөн. Мурза акеде мындай жок. Ал абыдан чебер, мыкты стилдик чеберчиликке жетишкен. Мындай стиль чеберлери аз эле. Мукай Элебеаев, андан кийин Мурза Гапаров.

- Осмонакун мырза, Мурза Гапаровдун улттук көркөм сөз өнөрүндөгү өзгөчөлүгүн сиз кандай деп айтат элеңиз?

Осмонакун Ибраимов: - Мелис мырза туура белгилеп кетти. Анан ошол кездеги адабияттын 80% партиянын тапшырмасын аткарган көркөм чыгармалар болчу. Ал адабиятты кайра чыгарып, элге таратуунун зыяны жок, бирок пайдасы деле анча жокко деп эсептейм. Мына ушул Мурза Гапаров, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Байдылда Сарногоев сыяктуу элдин жүрөгүнө терең сиңген көркөм сөз чеберлеринин чыгармаларын чыгарып туруу мамлекеттин, элдин, ар бирибиздин милдетибиз. Мурза Гапаров наамдарды алып, көп деле сыйлыктарды алган жок. Бирок адабиятта бекем орун ээлеп, окурмандарга бекем тамырлаткан мыкты сүрөткер болчу. Көркөм элестери, тили, баяндоо ыкмасы өзгөчөлөнүп турган жазуучу болчу. Жакшы тилек – жарым ырыс. Ушинтип ар кимибиз эле кыймылдасак чыгат. Мисалы, Жапания менен Америкада китептер өкмөт токтому менен чыкпайт...

Мелис Абакиров: - Осмонакун мырза, Америка, Жапания, Орусия деп жатасың. Китеп окуучулардын санын эсепке алыш керек. Аз сандуу эл үчүн мамлекеттик колдоо болбосо таптакыр болбойт. Бу сен илгерки идеологияңды айтып чыктың го.

Осмонакун Ибраимов: - Жаңы идеологияга келип деле жыргап кеткенибиз жок го. Кеп анда эмес. Көп эле китептер бар. Сүрөөнчүлүк кылып канча китеп чыгардык. Авторунун колуна беребиз. Ал китептери өтпөй үйүнүн жерпайында жатат. Эл окубайт. Ал эми окуй турган китепти эл издеп таап окуп жатат.

- Мелис мырза, кийинки кездери китеп чыгаруу, аны элге жеткирүү кыйла жанданып калгандай сезилүүдө. Бул жаатта кандай проблемалар болууда?

Мелис Абакиров: - Бардык жерде эле классикалык чыгармалар өкмөттүн атайын бөлгөн каражаты менен чыгарылат. Бизде деле А.Токомбаевдин, М.Элебаевдин, К.Баялиновдун классикалык чыгармалары чыкпай эле калып жатпайбы. Кеп каржылоо жөнүндө болуп жатат. Туура, китептер көп эле чыгып жатат. Бирок анда топону толтура. Көп кишилердин чыгарган китептерин карасаң үй-бүлөлүк фото-альбом болуп калган.

- Мырзалар, убакты-саатыңарды бөлүп студияга келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG