Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Оппозициянын утулганы – элдин утулганы...


Жума күнкү гезиттердин башкы темасы алдыдагы шайлоо жана президенттик күрөшкө аттанган А. Атамбаев жөнүндө болууда.

“Кыргыз руху” гезити Азима Акунованын “Эл күтпөгөн лидер” аттуу макаласын басып, Алмаз Атамбаевдин буга чейинки жолун сыдыргыдан өткөрүп олтуруп: “Кайрадан Бакиевдин тактыга ыплас жол менен келүүсү дале боло турган иш” деп белгилеп: “Бул жолу чоң тандоо болот. Коррупцияга баткан, адилеттикти четке каккан, караңгы бийлик менен мындан ары дагы жашай беребиз же келечекке ишеничти тандайбыз. Ошондуктан бүгүн биз жөн гана Бакиевди же Атамбаевди эмес, өзүбүздүн келечекти, өзүбүздүн заманыбызды, өзүбүздүн жолубузду тандайбыз. Эгерде бул шайлоодо оппозиция утулса, анда элдин утулганы” деп айткан Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү саясатчы Бакыт Бешимовдун сөзүн шилтеме кылып келтирген.

“Айгай” гезитинин баш макаласы “Эмне үчүн Атамбаев?” деп аталып: “Ошентип оппозициянын ичиндеги олку-солку болгондордун дээрлик көбү бирдиктүү кандидатты колдоону чечти. Бириккен Элдик Кыймылдын Атамбаевге токтоо тууралуу чечими абалды кескин өзгөртүп, жалпы коомчулукту ары же бери болууга чакырууда. Натыйжада бийликтин үйбүлөлүк башкаруусуна, акыйкаттын тепселишине, адам укугунун басмырланып, куугунтуктун күчөшүнө нааразы болгон эл эмне кыларын, кайда барарын билбей турганда бул бүтүм туннелдеги жарык сымалдай эле көрүндү” деп баа берген.

“Кыргыз туусу” гезити “Суу ресурсу – Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирүүчү фактор” аттуу макаланы, “Президенттин “Жаңылануу багыты”, “Биримдик аркылуу өнүгүүнүн” логикалык уландысы” деп аталган профессор Олжобай Каратаевдин маегин сунуштаган. Ушул эле санга Кыгыз республикасынын ордо кеңешинин мүчөсү С. Бекботоевдин “Улуттук идеологиябыз эчак калыптанган, калп эле “жок” деп алакан жая бербейли” деген макаласы окурмандардын ой элегине салынган. Автор “Улуттук идеологиябыз кыргыздын кылым карыткан макал-лакаптары менен учкул сөздөрүндө” деген бүтүмгө келген.

Буга улай эле “Улуттун жолу татаал – аны алдыга жетелөөчү макал” деп аталган Кадамжайлык юрист Абдинаби Назарбаевдин макаласы да басылып чыккан. Автор Манастын 7 осуятынын мамлекеттик идеология катары элге сиңбей калышынын себебин адеп-ахлактык өзөктүү түйүндөргө эмес, саясый өңүттөгү постулаттарга гана негизделип калганынан көрөт. “Ырыс алды – ынтымактын” тарбиялык мааниси өтө терең жана түбөлүктүү, ошондуктан өлкөнүн жалпы улуттук идеологиясы кылып “Ырыс алды – ынтымакты” негиз кылып алуу мезгилдин талабы деген сунушун кийирет.

“Ачык саясат” гезити “Шайлоонун шамалы же “шайтандын” амалы”, “Улуттук лидер издейбиз. А улутубуз ким өзү?” деген макалаларды, “Акжол” партиясынын төрага орунбасары Элмира Ибраимованын президент К. Бакиев менен “Акжол” партиясынын мүчөлөрүнө Кайрылуу катын басты. Ал эми “Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев саясатчыбы же?..” деген ат менен жарык көргөн макала А. Тагаевдин саясаттагы жүзүнүн сүрөтүн тартууга аракет жасаган.

“Эгерде Кыргызстанда Башмыйзамды туу тутуп, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеген бийлик болгондо Айтибай Тагаевге окшогон кишилер спикер эмес, депутат болуп келиши да арсар болучу. Азыр Кыргызстан мыйзам менен эмес, “понятиелер” менен жашаган өлкөгө айланбадыбы” деген жыйынтыкка келет автор. Андан ары журналист Абдувахаб Мониев белгилүү саясатчы Ө. Текебаев менен аңгемелешкен. Кабарчынын: ”Алмазбек Атамбаев кандай критерий менен негизги талапкер болуп тандалды?” деген суроосуна Текебаев: “Атамбаев белгилүү инсан. Албетте, бирөөгө жагышы, бирөөгө жакпашы мүмкүн. Ошондуктан бирибиздин кемчилигибизди экинчибиз толуктасак деген ниетте биз команда түрүндө күрөшкө чыгып атабыз. Бири-бирибизге кепил болуп атабыз” деп жооп берген.

“Кыргызстанда канча улут жашаса, ошолордун эң жаман жашаганы кыргыздар”. Мына ушундай оюн аталган гезит аркылуу белгилүү маданият ишмери, Кыргыз эл артиси Түгөлбай Казаков кеңири чечмелеп берген.

“Агым” гезити бүгүнкү санын белгилүү коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун “Биздин чиновниктер креслодо олтурганда унчукпайт...” деген аталыштагы интервьюсу менен ачты. Кабарчы Ж. Сааданбековго “ 23-июлга белгиленген президенттик шайлоону утурлай өкмөт же парламент “садагага” чабылышы айтылууда. Сиздин оюңузча мындан ким утат?” суроо салганда ал: “Аксакалдар биригип, “Ала Тоо ынтымагы” коомун түзүп, өлкө башчысына бир нече сунуштарды жолдодук. Биринчиден президент тиреше бербей демилгени өз колуна алышы керек.

Абсолюттук бийлик кандай гана адам бийликке келбесин, аны бузары талашсыз. Андыктан президент бийлигин башкалар менен бөлүшсүн. Апрель-май айларынын ичинде коалициялык өкмөт түзөлү деген сунушубуз бар. Сөз жок мындай кырдаалда Түндүк-Түштүк маселеси көтөрүлөт. Маселен, Конституциялык сот, Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин өзү түштүктүн кулуну. Өлкөнүн төт бийлик бутагынын башында Түндүктөн бирөө да жок. Ушул да калыстыкпы? Коалициялык өкмөт курамын бекитерде да тең салмактуулук сакталышы зарыл. Анын жыйынтыгында гана мамлекет башчысы шайлоого тынч аттана алат” деп айткан.

Мындан тышкары гезит кабарчысы Келдибек Назиров “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Ташполот Балтабаевге кайрылып: “Шайлоо таза өтпөйт” деп алдын ала жар салып чыктыңыздар. Бирок таза шайлоо өткөрүп, аны көзөмөлдөөгө оппозициянын да мүмкүнчүлүгү бар эмеспи” дегенине Т. Балтабаев: “Бийликчил парламент шайлоо кодексин өзгөртүп жиберди. Анын ичинде колду маркировкалоону алып салды.

Паспорт талап кылбай добуш бере турган деңгээлге жеткирди” деп белгиледи. Кабарчы өлкөнүнөнөр жай өндүрүшү жөнүндө сөз кылып: “Камбар Ата ГЭСинин курулушучу?” деп суроо бергенде Ташполот мырза: “Камбар Ата бул - популизим. Камбар Ата эч кандай пайда бербей турган пиар компания. Кечээ мунуа кадемик Мамытканов да эсептеп айтып чыкты. Ал эми Камбар Ата-1 курулса пайда бериши мүмкүн. Бирок анын эң жаман ага Орусия кожоюн болот” деп жооп берген.
XS
SM
MD
LG