Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

“Жаңы Ала-Тоо” чыкты. Жазуучулар бөлүндү


Көптөн бери чыкпай калган “Ала-Тоо” журналы “Жаңы Ала-Тоо” деген аталыш менен кайрадан жарыкка чыкты. Ошол эле учурда Тарых музейинде 54 жазуучудан турган топ пленум өткөрүп, жазуучу Абдрахман Алымбаевди союздун төрагасы кылып шайлады.

Кыргызстан Жазуучулар союзунда өткөн жыйында союз төрагасы Омор Султанов алгач “Жаңы Ала-Тоо” журналынын жарык көрүшүнө токтолду:

- Бүгүн Кыргыз адабиятында чоң майрам. Себеби көптөн бери чыкпай калган “Ала-Тоо” журналыбыз “Жаңы Ала-Тоо” деген ат менен кайрадан чыгып отурат.

Андан кийин Омор Султанов жазуучулар дагы экиге бөлүнүп, ал тарап бүгүн мамлекеттик Тарых музейинде пленум өткөрүп, союзга жаңы төрага шайлоого ниеттенип жатышканын маалымдады:

- Бу биздин айрым таарынчак аксакалдар, мурдагы жетекчиликте иштеген мырзалар өздөрүнчө таарынышып, “путч” жарыялап Жазуучулар союзунун жаңы жетекчилигин түзгөнү жатышат. Ансыз да жазуучулар бөлүнө берип, элге ынтымаксыздыгыбыз менен көрүнүп калган элек.

Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев Омор Султанов жетектеген Улуттук жазуучулар союзу жазуучулар көксөгөн бир топ маселелерди ишке ашырганын белгиледи:

- Бул журналдын чыгышы менен сиздерди куттуктаймын. Журналдын чыгышын ишке ашыргандарга ырахмат. Анткени гезит менен журнал – бул кыргыз адабияты деген сөз. Мен уктум, жазуучулардын орто муун өкүлдөрү союзду биз жетектешибиз керек деп жатышыптыр. Бул туура эмес.

Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков болсо улуттук жазуучулар союзунун жетекчилиги төмөнкүдөй кемчиликтерди кетиргенин, аны тез арада жөндөп, пленум чакырып жана жазуучулар союзунун мөөнөтү өтүп кеткен курултайын өткөрүү керектигин айтты:

- Омор Султановдун бир чоң кемчилиги кетип калды. Пленумду өткөрбөй койду. Сизге чын ниеттен айткан сөзгө кулак төшөп жүрсөңүз. Пленум эле өз учурунда өтүп турганда, мындай иш болмок эмес. Калган иштер баары эле жакшы болчу. Мына эл айтып жатпайбы. Кемчилигиңиз – уставды бузуп койгондугуңуз болуп жатат. Пленумду өткөрбөй, съездди кечиктирип койгонуңуз союздун ынтымагын кетирип койду.

Ошентип Кыргызстан жазуучулар союзунун кезектеги курултайын 21-июнда өткөрүү белгиленди.

Ал эми бүгүн эле мамлекеттик Тарых музейинде Кыргызстан жазуучулар союзунун 54 мүчөсү катышкан пленум өтүп, алар бир добуштан союздун төрагалыгына жазуучу Абдрахман Алымбаевди шайлашты. Ал пленумга катышып, жаңы төраганын шайланышына добуш берген акын, “Кырчын” журналынын баш редактору Тынчтыкбек Нурмамбетов менен байланышканыбызда буларды маалымдады:

- Пленум болду. Кворум болду башкысы. Юристтер менен кеңешилди. Жыйындын жүрүшү протоколго жазылып жүрүп отурду. Бул жерде президиумдун 14үнүн 12 си кол коюп берип отурбайбы. Мурдагы жетекчи болсо, 35 кишинин добушу менен өткөн экен. Кворуму жок болгон. Пленумду башкармалыктын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин чакырганга акысы бар. Эми жаңы жетекчилик октябрдан кечиктирбей, курултай чакырат.



XS
SM
MD
LG