Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Орусияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өттү


Орусиянын баш калаасы Москвада 22-декабрда атактуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун эстелигине арналган кече өттү. Аны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштуруп өткөрдү.

Кече жүрөк сыздаткан ырдын коштоосу менен Айтматовдун өмүрү тууралуу тартылган кыскача тасманы көрүүдөн башталды.

Залга келгендер негизинен кыргыздар, болгондо да жаштар болгондуктан аны толгонуп угуп, көңүлдөрү жоошуй түшкөнү көрүнүп турду.

Москвада каржылык кризиси ким-кимди кокодон алып турганда маданий кечелерге баруу мурдагыдай болбой калган. Ошого карабай келген кишилер арасында башка улуттун да өкүлдөрү арбын болду. Кече башталар алдында ат арытып Ала-Тоодон келген залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековду кепке тартык:

Т.Касымбеков: - Чынгыз Төрөкуловичтин Москвада белгилеп койсун үчүн көркөм чыгармалары эмес кинолоруна барып келгиле деп калышты. «Барыңыз!» дешти, ошентип, келип калдык. Эми Чыкем жөнүндө жакшылап кеп айтабыз...

Кечеге келгендердин бири батыш адабияты боюнча сынчы Аркадий Анастасьев болду:

А.Анастасьев: - Менимче, Честерсон айткандай болду эле. Дараметтүү киши дайыма бир нече кездин алкагында жашайт деген. Бир эле өзү жашап аткан кез эмес ал төрөлө элекке чейинки кезде жана келе элек кезде жашай алат. Менчимче, Чынгыз Айтматов - аны менен мага жылуу алакада болуп, кайсы бир убакка «Иностранная литература» журналында чогуу иштөөгө туура келди - дал ошол, саны жагынан анча көп эмес, бир нече кезде бирдей жашай алган, тандалган инсандын бири болуучу. Ошон үчүн анын жазуучулук өсүшүндө «Жамиля», «Биринчи мугалим» сыяктуу повесттеринен дароо «Кылым карыткан бир күн» романына өтүшү мен үчүн таң каларлык көрүнүш эмес эле. Мындайча айтканда, ал жер шарынын энинде ой жүгүрткөн, жетишкендикте аны өздөштүрө алган инсан эле. Кандайдыр бир анын өзүнөн да, бизден да узак жашай алган каармандарды жарата алган. Ал XX кылымдын ири жазуучуларынын бири болгон.

«Космос» конок үйүнүн концерттик залында чогулган элдин алдында Айтматовду эскерүү кечесин ачып Кыргызстандын элчиси Раимкул Аттокуров сөз сүйлөдү:

- Чынгыз Айтматов эми арабызда жок, бирок анын кайталангыс добушу жана кубаты күч, таасирдүү чыгармалары мурдагысындай эле жаркын жана ачуу кыйкырык болуп ким-кимибизге угулууда.

Чыгып сүйлөгөндөр арасында «Жамиля» жана «Мен - Тянь-Шань» тасмаларын тарткан режиссер Ирина Поплавская болду. Анын баасында Кыргызстан укмуштуудай өлкө:

- Кыргызстанга барып калып сыпайы жана алгач жаралган ажайып жерди жолуктурдум. Билесиздерби, ал жерде мен байыркы кездин космос менен айкалышкан жышаанын сездим. Ошондой өлкөнү таптым. Жакшынакай өлкө мага ушул күнгө дейре түшүмө кирет.

Орусиялык эл достугу университетинин (РУДН) студенти Бермет Дордоеванын айтымында, атактуу жазуучу оозеки бардыгын мекенин сүйүүгө, эне тилин унутпоого үндөөр эле:

- Азыркы интеллектуалдар өз улутунун маданиятын сактоого тийиш дечү. Ошол эле учурда, ар жыл сайын орус сыйлыгынын жюрисин жетектеп, анын төрагасы болуп, мурдагы советтик республикаларда орусча чыгарма жазууну улантып аткандарды колдоого алып келатты эле.
XS
SM
MD
LG