Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Кыргызым деп өткөн кыраандын артында калтырган сабактары


Д.Садырбаевдин эстелиги
Д.Садырбаевдин эстелиги

30-майда Бишкекте кыргыздын туу туткан уулдарынын бири кинорежиссер, жазуучу, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземи өттү. Маркумдун эмгеги эскерилди. Дооронбек Садырбаевди жакындан билген ини, шакирт, каламдаш, замандаштарынын биртобу «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» уктуруусунда аны эскеришет.

- Докенин бул жалганды таштап кеткенден кийин туура бир жыл өттү. Улут турмушунда ал кишинин жоктугу сезилип жатабы?

Курманбек Турумбеков:
- Докеге окшоп акты-ак, караны-кара деп ачык айтчу аксакалдардын жоктугу сезилип эле жатат. Андай аксакалдар болсо мүмкүн сезилбей деле калар беле? А бирок ачык айткандар аз болгондон Докенин жоктугу сезилип жатат. Ал мамлекет турмушунан деле көрүнүп жатат. Доке кайтыш болгондон кийин башка эч кандай деле өзгөрүү болгон жок.

Дооронбек Садырбаев агабыздын артында калган адабий мурасынын элге жетиши кандай болуп жатат, дегенге келгенде мамлекет, министрликтер тарабынан кандайдыр бир иш-аракеттерди азырынча көрө элекпиз. Үй-бүлөсү, жакшы санаалаштары чогулуп, чыга элек чыгармаларын топтоп, чыгаруунун камылгасын көрүп жатышат. Мамлекеттик деңгээлде эч кандай аракет жок.


Улан Орозалиев:
- Жоктугу мага күндө сезилет. Анткени ошо кайтыш болордун алдында 3-4 күн мурун Докеге жолуккам. Ошондо «Эй, чоң солто, мен сени эч унутпагандай кылып кетем», деген. 28-май менин туулган күнүм. Доке ошол күнү кете берди. Биз Доке менен 1976-жылдан бери жолдош болуп жүргөнбүз. Анын жоктугу жалаң эле мен үчүн эмес, жалпы кыргыз элине сезилип турат. Анткени анын бир артыкчылыгы бар эле. Ал бардык нерседе таланттуу болчу. Режиссер катары, аткаруучу, жазуучу, жадесе депутат, саясий ишмер катары да. Көп кесиптин ээси катары чоң утуштарга жетишти. Ушул жерде көрүстөндө туруп Доке менен кошо Салижан Жигитов байкемди да эстеп жатам. Ушул экөө 20-кылымдын аягы, 21-кылымдын башында кыргыз интеллигенциясын алдыга сүрөп, чоң салым кошушту. Китептери менен эмес, жүргөн-турганы, сүйлөгөн сөздөрү менен. Булардан көп нерсени үйрөнүүгө болор эле. Докенин жоктугу дагы көпкө сезилет.

Доке өзү тартып кеткен тасмалары көп. Ошолорду эми кыргыз элине кайрадан тааныштырыш керек. Андан башка тартылбай калган фильмдердин сценарийлери бар. Андайлардан беш-алтоо. Алыкул Осмонов жөнүндө «Светлая боль моя» романы бар. Орус тилинде. Ошол негедир жазуучулар арасында кепке алынбады же саясий себептер болдубу иши кылып айтылбады. Ошону кыргыз эли бир убакта баалайт го деген ойдомун.

Анвар Артыков:
- Жоктугу сөзсүз сезилип жатат. Ар кандай кишилерди чогултуп, аларга аксакалдык сөзүн айтып турчу. Биз аны укчубуз. Азыр а киши жок ошол 2005-жылдын алдында чогулгандар ар жакка тарап кетишти. Анын үстүнө бул киши эч качан өзүнүн жыргалын ойлогон жок. Дайыма чындыкты издеп, ооруп жатса да аса таягын таянып жыйналыштарга келип туура сөзүн айтып жүрдү. Дагы жашап ишинин жемишин көрүп кетсе болот эле. Эми арбагы ыраазы болсун. Биз анын ишин улантабыз.

Ал эми Докенин чыгармаларына келсек. Кыргызча китептердин нускасы аз болуп өзүн-өзү актабай жатат. Буларды мамлекет жок дегенде жарым-жартылай каржысын мойнуна алып чыгартып, жаш муунга жеткирүүнүн амалын жасаса жакшы болор эле. Антпесе унутулуп кетет. Докем эмес башка классиктердин чыгармаларын алып окуш кымбат болуп калбадыбы.

Болот Шерниязов:
- Бизге өзгөчө сезилип жатат. Бир казактын акыны айткан ыр эсиме түштү.
- Жакшылар жакшымын деп айта албайды.
Жамандар жакшымын деп айхайлайды.
Биздин эл өз эрлерин өзү өлтирип,
Артынан ашын берип той тойлайды,- деп айткан.

Мүмкүн Докемден таланттуу, Докемден мыкты жазган акындар бар чыгар. Жакшы кино тарткан режиссерлор бардыр. Бирок Докеме окшоп бүт өмүрүн улуттун ар намысы, абийири үчүн болгон талантын жумшаган, улут деген адам аз. Докең үстөкө-босток «Полет» тартканда мен чочулайт элем. Докең өпкөсүнөн кеткен жок. Докең жүрөгүнөн кетти.

Бизде бийлик-оппозиция болуп бөлүнүп калбадыкпы. Мына Докеңди оппозиция деп бийликтегилер далысын салып жатышпайбы. Эртең эле алардын бирөө Докең менен чогуу болгонун айтып, эртең эле анын арбагынын аркасынан суу кечкенге аракет кылат. Тарых, убакыт деген бар. Баарын өз жайына коет. Таланттар өлбөйт. Бийлик мына ушул таланттарды колдоп, аларга көмөк көрсөтсө эл арасындагы кадыры бийик болор эле. Булар муну жакшы түшүнүшпөйт окшойт.

Алмаз Атамбаев:
- Албетте, сезилип жатат. Анткени Докебиздей аксакалыбыз жетишпей жатат. Дайыма эл үчүн, жер үчүн күйчү. Бул киши нака элдик киши болчу. Азыр элдик деген наам алып тойлордо байларды, бийликтегилерди мактап жүргөндөр көп. Үзөңгү-Кууш кеткенде, эл атылганда андайлар чындыкты айтпайт. Доке ошол чындыкты айтчу. Докени Бакай, Кошой бабаларыбызга теңесек болот. Оппозиция «Реформа үчүн» кыймылы чогулуп, 8 талап коюп эгер К.Бакиев аларды аткарса бийликке баралы, деп макулдашканда мага батасын берген. Эртеси биртобу чалкасынан кеткенде Доке мага «Балам, жалгыз болсоң да барышың керек» деп айткан. Жаманатты болуп калам го деп тайсалдасам Доке «эл-журт биримдиги үчүн өзүңдүн жеке тагдырыңан кечип коюшуң керек», деп айткан. Ушундай киши болчу Доке.

Совет заманында болобу, Акаев заманында болобу, Бакиев заманында болобу бийликти эле мактап жыргап жашап келаткан акын-жазуучулар көп. Доке элим-жерим деп жүрүп өттү. Эми Докем жок, биз менен Түпкө чогуу барчу Докем жок.

Дооронбек Садырбаевдин атын айылдагы көчөгө берип атабыз, деп жатышат. Ал деле туурадыр. Дооронбек аксакалдын атын Бишкектин бир көчөсүнө койсо деле жарашат. Ал ага татыктуу. Дооронбек аксакалдын эстелиги Бишкектин бир аянтында турса кандай жарашмак. Бул башкаларга үлгү болот. «Калыс сөзү болбосо карылардан не пайда» дейт элибиз. Ушул жагынан аксап жатабыз.

Бекболот Талгарбеков:
- Мына биз 20-кылымды узатканыбызга он жылга жакындап калды. 20-кылым биртоп эле оор болду. 16-жылдагы үркүн, согуш, СССРдин урашы. Турмуштун оорчулугуна карабай бу кылымда кыргыздын залкарлары көп болгон экен. Мына Саякбай Каралаевди алсак, эмне деген адам! И.Раззаков эмне деген адам! Чыңгыз атабыз кандай адам! Дооронбек Садырбаев ушулардын катарында турган адам. Адилеттик, чындык, эл-жер үчүн бул киши тынбай күрөшкөн адам. Эл жер деген саясатчылардын көбүнүн саясий же жеке кызыкчылыгы бар экенин көрүп эле жүрөбүз. Ал эми бул кишинин кызыкчылыгы чыныгы эл-жер күрөшү болчу. Эл-жер дегенде ооруп да калчу. Адилетсиздикке, жүзүкаралыкка чыдай албай бул киши эрте өтүп кетти. Коомдогу, мамлекетибиздеги адилетсиздикти далай көтөрүп, аягында көтөрө албай калды. Дооронбек аганын жоктугу кадимкидей сезилип жатат. Ал болсо азыркы коомдогу адилетсиздиктер аз болот эле. Ал киши башын сайып күрөшмөк. Биз эл турмушу экономика көтөрүлсө гана оңолот деп жүрөбүз. Андай эмес. Биринчи кезекте ушуга окшогон асыл түшүнүктөр керек. Кемчил болуп турабыз.

Бу кишинин артында калган эмгектери опол тоодой. Муну биз жаштарга таратышыбыз керек. Бул биринчи кезекте өкмөттүн милдети. Бул ишке баарыбыз кайдыгер карап турбашыбыз керек. Себеп дегенде Докеде жасалма нерсе жок. Анын түпкүрүндө элим, мекеним, жерим деген сүйүү турат. Ошол ичтен кайнап чыгат.

Дүйшөн Байтобетов:
- Э, бири кем дүйнө. Кыргыз ушинтип айтат. Бул арман кылып турганда, жан дүйнөңө бирдеме жетишпей турганда ушуну айтат окшойсуң. Кыргыздын азамат уулу Дооронбек агай да өз ишин мыкты жасап, кыргыз элинин келечеги, бактысы деп, ушул элдин да мыкты жашоого акысы бар, андай жашоого татыктуу деп жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетти. Кумга сиңген дарыя жүрүп-жүрүп олтуруп бир жерден чыгып көл пайда болот экен. Анын сыңарындай Доронбек агайдын чыгармалары да бир жерден чыгып, деңиз болуп толкуп-ташып, деңиз болуп күрпүлдөп агат го деп ойлойм. Арман кимде жок, армандуу дүйнө. Дооронбек агайдын жоктугу бир жылдын ичинде сезилип жатат. Бул кыргыздын бир баатыр адамы эле. Ал ичибизде жүрсө жакшы болот эле. Чындыкты айтып, аным бирөөгө жакпай калат экен, бирөөгө түшүнүксүз калат дебей, акыйкатты туу тутуп, чындыкты айтып жүрүп өттү. Дооронбек агай бекер жашаган жок. Элим-жерим-кыргызым деп өттү.

Ал кишинин мурастары кинолордо китептерде сакталып жатат. Кыргыз-орус тилинде бирдей мыкты жазган Дооронбек агайдын чыгармалары көп кишилердин үйлөрүндө, китепканасында бар. Менде да турат. Ал чыгармалар келечекте дагы чоң кызматтар өтөйт. Чоң-чоң кинолор жаралат. Агайдын жасап кеткен эмгектери эч качан көмүлүп калбайт.

XS
SM
MD
LG