Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

6-май: Тарых барактары


1998-жылы 6-майда Акмоло шаары Астана атына которулган
1998-жылы 6-майда Акмоло шаары Астана атына которулган

1994-жылдын 6-май күнү Мамлекеттик Улуттук Аскер лицейин уюштуруу туурасында Жардык чыккан. «Известия» газетасынын 1934-жылдын 6-май күнкү санында советтик жазуучулар союзунун уставы жарыяланган. Казакстандын жаңы борбору аталган Акмоло шары 1998-жылдын 6-май күнү «Астана» аталышына өзгөртүлгөн. Франция менен Англияны бириктирген Ла-Манш кысыгында казылган туннель 1994-жылдын 6-май күнү ачылган.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Бюросу 1961-жылдын 6-майында экинчи күнкү жыйынына чогулган. Партиялык жыйында республиканын элдик чарбасынын абалы жана Борбордук комитет Бюросунун ишкердиги талкууланган. Республикалык партия жыйынына катышкан КПСС Борбордук комитетинин секретары В. Н. Титов «Кыргызстандагы кырдаал КПСС Борбордук комитетин мурдатан тынчсыздандырып келгенине» токтолгон.

Анын айтымында Кыргызстан жетекчилиги чарба маселесинде, партиялык уюштуруу жана идеологиялык багытта, кадрларды даярдоо ишинде өксүктүктөрдү жоюш үчүн чара көрбөй калган. Эки күндүк талкуудан кийин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков менен Министрлер кеңешинин төрагасы Казы Дыйкамбаевдер ишинде кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген кызматтарынан алынган.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 6-май күнү Мамлекеттик Улуттук Аскер лицейин уюштуруу туурасында Жардык чыгарган. Жаңы окуу жайы мурдагы Республикалык орус тилин терең үйрөнө турган аскердик-дене тарбия даярдык мектеп-интернатынын базасында курулган. Андан мурда окуу жай Бишкектеги «Суворов» атындагы училище деп аталып келген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдуллах Гүл 2005-жылдын 6-майында Кыргызстандын президентинин милдеттерин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери тегерегинде пикир алышышкан.

Абдуллах Гүл «Ушул жылдын 10-июлда белгиленген президентик шайлоо Кыргызстан үчүн айрыкча маанилүү экендигин жана ал дүйнөлүк коомчулук алдындагы өлкөнүн жүзүн аныктай турган сынак катары кызмат кылаарын белгилеген. Ошондуктан алдыдагы сынакты ийигиликтүү өткөрүү зарыл»,-деген оюн билдирген.

Валентин Распутиндин «Жаша жана эсте» аттуу драмасынын негизинде коюлган спектаклдын бет ачаары 2005-жылдын 6-май күнү Бишкектеги Мамлекеттик академиялык орус драма театрында коюлган. Спектаклды айтылуу россиялык режиссер, «Алтын маска» улуттук театралдык премиянын лауреаты Алексей Песегов даярдаган. Режиссердун айтымында спектакль Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдык жеңишине утурлай коюлуп, ал Улуу жеңишке катышы бар адамдарга, согуш ветерандарына арналган.

Джузеппе Гарибальди 1860-жылдын 6-май күнү миң чамалуу ыктыярдуу кол топтоп Генуядан эки кеме менен Сицилияга багыт алган. «Мңдиктердин» жортуулу Түштүк Италияны боштондукка чыгарып, 1859-1860-жж. Италия революциясынын жеңишин камсыз кылган.
Жюль Ромен, Ришар Блок жана Жорж Дюгамельдин демилгеси менен 1927-жылдын 6-май күнү Париж шаарында Советтер Союзу менен кызматташууну көздөгөн француздук маданий ийримдин уюштуруу жыйыны өткөрүлгөн.

«Известия» газетасынын 1934-жылдын 6-май күнкү санында советтик жазуучулар Союзунун Уставы жарыяланган.
И. В. Сталин 1941-жылдын 6-май күнү Советтер Союзунун Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп, ал эми буга чейин он жарым жыл бул кызматты аркалаган В. М. Молотов тышкы иштер наркомдук кызматын сактап, аны менен бирге Элдик комиссарлар кеңеш төрагасынын биринчи орун басарылык кызматына дайындалган.

Бонн шаарында 1949-жылдын 6-май күнү өткөн парламент жыйынында Батыш Германиянын Конституциясы кабыл алынган.
Казакстандын жаңы борбору аталган Акмоло шары 1998-жылдын 6-май күнү «Астана» аталышына өзгөртүлгөн. Буга чейин шаар Акмолинск жана Целиноград деп аталып келген.

Азыркы Түркмөнстанга караштуу Ахалтекин жергеси 1881-жылдын 6-майында Россия империясынын курамына алынган.
Франция менен Англияны бириктирген Ла-Манш кысыгында казылган туннель 1994-жылдын 6-май күнү ачылган.
Улуу француздук революциянын көрүнүктүү ишмери, якобинчилердин жетекчиси Максмильен Робеспьер 1758-жылдын 6-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Австриялык атактуу психиатор жана врач Зигмунд Фрейд 1856-жылдын 6-майында туулган. Зигмунд Фрейд XX кылымдагы психологдор арасында айрыкча орунду ээлейт. Анын психологиялык социологиялык көз карашы искусство, социология, этнография жана психатрия илимдерине олуттуу таасир тийгизген.

Атактуу индиялык акын жана философ Рабиндранат Тагор 1861-жылдын 6-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG