Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Азамат Алтай “Азаттык” үналгысынын башатында турган


Азамат Алтай "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин менен. 2003-жылдын 5-июну
Азамат Алтай "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин менен. 2003-жылдын 5-июну

Мындан үч жыл мурда ушул күнү «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 86 жашында узакка созулган оорудан кийин Нью-Йоркто дүйнөдөн кайткан. Ал өмүрүн демократиялык жараянга арнаган инсан эле.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн 1960-жылы которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген.

2003-жылы Нью-Йоркто «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо маркум Азамат Алтай «Азаттык» үналгысын уюштурууга катышканы тууралуу мындай деген эле.

- АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Түркстандын атынан курдук. “Азаттык" радиосунун биринчи директору казак болду. Орун басары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле.Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.

Азамат Алтай чет жерде жүрсө да кыргыз деп жүрөгү согуп, Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, аны унутууга кыргыздардын акысы жоктугун Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов мындайча эскерет:

- Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом.

«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт.

Анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн кыргыз радио журналисттерине Азамат Алтай атындагы сыйлык уюштуруунун зарылдыгын, Бишкектен бир чоң көчөсүнө атын берип, музейин уюштуруп, Тоң районундагы өзү окуган мектебине ысымын берүү керек деген пикирин айтуу менен Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов мындай деп эскерет.

- Туз-насип буйруп, 1997- жылы АКШга барып, Азамат Алтайга кезигип, үч-төрт саат аңгемелешкен элек. Бул кишидей патриот, кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган.Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Көчөлөргө атын ыйгарып, музей уюштуруп, өзү окуган мектепке ысымын ыйгаруу зарыл эле. Бул кишини кадыр-баркын дале билбей жатабыз.

Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүндө болуп, анын өздүк архиви менен таанышып, китепканасынын айрым бөлүгүн Кыргызстанга алып келген Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев мындай дейт:

- Биз билебиз, ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады, ЦРУнун агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм. Азамат Алтай бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.

Азамат Алтай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абат университетине тартуулап, кийинчерээк Жалала-Абат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылган.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын стипендия берип келген.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Чек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.
Азамат Алтай 1953-жылы башкеңсеси Мюнхенде жайгашкан "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында «Азаттык» радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан. Ошондон тартып ал өмүрүнүн 40 жылын «Азаттык» үналгысына арнаган.
Кыргызча булактарды англисчеге которуп АКШ, Франция жана Германия окумуштууларына кыргыз маданиятын, тарыхын иликтешине өз салымын кошуп келген. Колумбия университетинде иштеп жүрүп окуу жайдын китепканасына жүздөгөн кыргызча китептерди топтогон.

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG