Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

«Жаңы Ала-Тоо» журналынан жаралган сөз


«Ала-Тоо» журналы 9 жылга созулган тыныгуудан соң «Жаңы Ала-Тоо» болуп чыга баштады. Ушул аптанын аягында жаңы басылманын бетачар аземи өттү. Ошол саат, ошол мүнөттөрдө жазуучулардын башка тобу жыйын куруп, биримдиктин жетекчилигин жаңылап ийишкени кабарланды.

«Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу адабий басылмаларга арналды. Ага «Байчечекей» журналынын башкы редактору, акын Токтосун Самудинов менен адабиятчы Садык Алахан катышты.

- Бүгүнкү кепти адабият жөнүндө баштап жатышыбыздын жөнү “Жаңы Ала-Тоо” журналынын бетачар аземине байланыштуу чыгууда. Жазуучулар кыйладан бери күтүп келаткан адабий журналдын чыгышы кандайынан келгенде да үлкөн маданий окуя. Мындан бираз мурда “Кыргызстан маданияты” чыга баштады. Андан тышкары “Адабий Ала-Тоо”, “Кыргыз адабияты” сындуу гезиттер жарык көрүүдө. Анткен менен китеп чыгаруу, аны элге жеткирүү проблемасы дагы эле кыйын иш бойдон калууда. Токтосун ага, жаңы журнал улут адабиятыбыздын өнүгүшүнө салымын кошо алат деген ишеним пайда болдубу сизде?

Токтосун Самудинов: - “Ала-Тоо” журналы кыйладан бери чыкпай калган. Жазылган чыгармаларды элге жеткирип турчу ушундай жүзачар журналдардын болушу зарыл нерсе. Кыйладан бери күтүп жаткан журналдын чыгышы кубанычтуу окуя. Биздин өзүбүздүн ички көйгөйлөрүбүздү адилет, калыс баяндап, талаш-тартыш менен, сын менен адабият таануунун маанилүү проблемаларын козгоп туруш үчүн мындай басылма сөзсүз керек. Жаңы басылманын бешик боосу бек болсун!

- Садык мырза, сиз “Жаңы Ала-Тоо” журналынын бетачар аземине катышып келдиңиз. Басылманын максат-милдеттери, анын келечеги тууралуу айта кетсеңиз.

Садык Алахан: - Эгемендик жылдарында жазуучулардын өзүнчө басылмасы жок аябай кыйналбадыкпы. Мына 1994-жылдан бери “Ала-Тоо” чыкпай калды. “Кыргызстан маданияты” чыгып-чыкпай келди, мына 3 айдан бери бул да чыгып жатат. 2008-жылдын күзүндө “Ала-Тоо +” деген журнал чыккан болчу. Ар бир басылманын жүзүн аныктоочу нерсе анын материалдарынын мазмуну, деңгээли го. Ал журналды көрүп мен бекерге корогон кагаз менен каражатка ичим ачышып тим болгом. “Ала-Тоонун” атына чайкоочулук ошентип башталып калган. “Жаңы Ала-Тоо” убагында чыкты. Журнал 200 беттен турат, кооздолушу мыкты. Журналга Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда. Кайыпкыз” романынан үзүндүлөр Самсак Станалиевдин котормосунда берилген. Поэзияда Омор Султановдун жаңы ырлары, анан классика болуп калган көзү өткөн жазуучубуз Мурза Гапаровдун эки аңгемеси “Эки ирет гүлдөөчү алмалар”, “Газала” кирген.

Сын жагынан болсо адабиятчы Болот Акматовдун кыргыз повесттери жөнүндөгү макаласына орун берилген. Философиялык эмгектерге да орун берилип, ыраматылык Кадырбек Матиевдин макаласы жарыяланган. Материалдар журналда жакшы тандалган. Журналды “Турар” басмасы чыгарган. “Кыргыз адабияты” деген гезитти да ошол басманын жетекчиси Тилек Мураталиев каржылап келатат. Эмдиги санынан тарта ал журналга чыккан материалдарга калем акы төлөнөөрүн айтты. Баарыбыз ыраазы болуп, калем акысы болбосо деле журнал үзгүлтүксүз чыгып турса ошого сүйүнөрүбүздү айттык. Ошол эле учурда үч адабий басылма “Кыргызстан маданияты”, “Адабий Ала-Тоо”, “Кыргыз адабияты” гезиттери чыгууда. Бул жакшы.

- Токтосун ага, жаңы журналдын чыгышы жакшы нерсе. Бирок анын бетачарына тушташ Улуттук жазуучулар биримдигинин жетекчилерин алмаштырып ийипсиздер. Ал журналдын ишине таасирин тийгизбейби?

Токтосун Самудинов:
- Аны так кесе айтыш кыйын. Бу жазуучу калктын оош-кыйышы көп болот. Заман өзгөрдү. Биз жаңы багыттарга умтулушубуз керек. Калемдештердин сөзүнө эл көп кулак төшөйт. Ошон үчүн мындай иште өтө этият болуш керек. Бөлүнүп-жаруучулукка жол бербей, майда-барат нерселерден өйдө болуп, тизгинди тартыш керек. Жазуучулар союзуна жетекчилик көпчүлүк добуш менен шайланып калды. Анын айланасында аркыл сөздөр болушу мүмкүн.

- Садык мырза, китептердин таралышы, окурмандарга жетиши жөнүндө кепке келсек. Биздин башкалаадагы “Нуска” китеп дүкөнү далдоо жерде, ага элдин көбү эле бара бербейт. Ошондон улам суроо. Жаңы журналдын нускасы 2000 экени айтылып жатат. Эми анын таратылыш кандай болот экен?

Садык Алахан: - “Жаңы Ала-Тоонун” башкы редактору Тилек Мураталиевдин айтуусунда, “Ала-Тоо” күрүлдөп чыгып турганда нускасы 70 миңге чейин жеткен экен. Анан жаңы журналдын бир бөлүгү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга кетери айтылды. Ал жерде оголе көп кыргыздар жашап-иштеп жүрүшөт го. Бул жерде жакшы ойлонулган ишти уюштуруу бар окшойт. Журналдын таралыш маселесин тактап алгандан кийин жарыяланган материалдарга калем акы төлөйбүз деп жатышкан окшойт. Анан “Нуска” дүкөнү боюнча. Бир ирет мен укукчу адис инилеримди тартып, кантип жана кандайча Киев менен Эркин гүлбагынын кесилишиндеги китеп дүкөнү башка колго өтүп кеткенин текшерттик. Мындан эки жыл илгери. Азыр ал жерде үчүнчүбү же төртүнчүбү кожоюн иштеп жатканын көргөндөн кийин ал маселени жыйыштырып, китеп дүкөндү азыркы турган жеринен козгобой тургай эле деп ойлоп калдык. Ал эми өтүмдүү деген жердин маселесин чечүү өкмөттүн эле колунан келбесе, башканын колунан келиши кыйын. Анан жанагы жазуучулар жыйыны жөнүндө да оюмду айта кетейин. Журналдын бетачар аземинде биримдиктин азыркы төрагасы Омор Султановдун атына биртоп сунуш, каалоо-тилектер айтылган. Пленум, курултай өтпөй калганы белгиленди. О.Султанов быйыл 21-июнда жазуучулардын курултайы өтө турганын билдирген. Бирок курултайдын президенттик шайлоо алдына туш келип калганы туура эмес. Элди будуң-чаң кылбай, аны кийинкиге жылдырыппы, иши кылып бир мунасага келиш керек. Антпесе баягы 90-жылдардагыдай дагы бөлүндү-жарынды болуп кетишибиз толук ыктымал.

- Токтосун ага, журналдын таратылышы жөнүндө сизден да сурагым келип туру. “Байчечекейдин” ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чоң түйшүктү кыйла жылдардан бери көтөрүп келатасыз. Көп журналдар азыраак чыгып анан чыкпай калып калууда.

Токтосун Самудинов: - Бул абдан түйшүктүү татаал иш. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп мисалы, батышта басылманы чыгарыштан мурун аны кантип таратылышына көбүрөк башын оорутат экен. Биз болсо бая советтик кездегидей эле чыгарууну ойлоп, таратуу 2-3-маселе болуп калат. Оюн-чындан айтылган бир сөз бар “жазуучунун үч шору бар”, деген. “Жазуу, басуу анан сатуу”. Жазуудан тукулжурай элекпиз. Жазуучулар союзунун мүчөлөрү 700 кишиге жетти дейт. Басуудан мурун сатууну ойлошубуз керек. Мына Маданият министрлигинин 3 миңден ашуун китепканалары бар экен. Алардын китеп фондулары толукталбай калган. Эски китептери менен отурушат. Жогорку окуу жайлары бар. Баарын кошо келгенде бир 5 миңдей нуска ушул китеп жайларына кетет эле. Нусканы көтөрүүнүн ушундай жолдору бар. Бирок ага министрликтер баш оорутушпайт. Мисалы, Билим, илим, Маданият министрликтери. Китепканалар колдоп кетсе жакшы болот эле.

- Китеп демекчи, Садык мырза, сиз жаштар менен иштейсиз. Студент жаштар китеп окушабы? Кыргыз жазуучуларын.

Садык Алахан: - Бир баамдаганым, көпчүлүк жаштар Интернетке алымсынбай, китеп менен журналды эч нерсе алмаштырбасына түшүнүп калышты. Биздин факультеттин китепканалары үчүн адабий басылмаларга жазылуу маселесин ректорлук алдына коюп, ушул маселени чечип берүүнү өтүнүүдөбүз. Китептер менен камсыз кылсак азыркы жаштар деле кызыктуу китептерди, журналдарды тытып окушуна көзүм жетет.

- Мырзалар, талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG