Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Кыялкеч Мурза Гапаров


30-мартта Улуттук китепканада жазуучу Мурза Гапаровдын китеп көргөзмөсү ачылды. Кыргыз адабиятына жаңы стил менен кирген прозаик быйыл 75 жашка толмок.

Прозаик жана драматург Мурза Гапаров жашоосунда көпкө жутуна бербеген жупуну, жумшак мүнөз адам болгон. Анын чыгармалары, андагы каармандары да автор өңдүү жөнөкөй, жугумдуу болгон үчүн кыргыз адабиятына башкача чыйыр менен кирди.

Адабиятчы, журналист Абдыкерим Муратов Мурза Гапаров туурасында көп сөз кылгандардын бири:

- М. Гапаровдун "Айгүл-Тоо" деген чыгармасында Али деген каарманы алыскы булактан жолдун боюна суу алып келип коёт болгону. Ары-бери өткөндөр аны ичип, аны ким алып келгенине деле кызыкпай кете беришет. Бирок Алинин башкы милдети ал сууну да алып келип, кечке ары-бери өткөндөрдүн суусунун кандыруу. Көрдүңөрбү, бул жерде автор жөнөкөйлүк аркылуу адам деген эмне экендигин ачып берип атат.

Муратов М. Гапаровду Ош театры ачса, ал театрды М. Гапаров таанытканын айтты. Прозаик, драматург М. Гапаровдун пьесаларын Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры көп койгон. Бирок коюлбай калгандары андан да көп.

- Мурза акени кейиткен маселелер көп болгон. Маданиятка, адабиятка болгон мамиленин начардыгын көп сөз кылчу. Бир жолу баарын жыйыштырып Казакстанга кетип калсамбы деди. Кейиди…

Адабиятчы, журналист Абдыкерим Муратов белгилеп өткөндөй, Мурза Гапаровдун күчтүү делген чыгармаларынын көбү орус тилинде Казакстандын театрларында коюлган. Алар бүгүн да кыргыз сахнасына коюла элек. Бир сөз менен айтканда М. Гапаров кыргыз адабиятына жаңы стиль менен кирген автор. Ошол эле кезде ал изилдене элек автор. Бул туурасында калемдеши Мелис Абакиров:

- Кыргыз адабиятында өз стили бар классик жазуучулар үчөө гана. Алар: М. Элебаев, Ч. Айтматов жана М. Гапаров.

Калемдештери Мурза Гапаровду мыкты стилист, классик жазуучу дешет. Ал өзгөчө чыгыш адабиятын, анын ичинде жапон адабиятын, турмушун изилдеп, аны менен кыргыз турмушун жуурулуштуруп, кайра окурмандын алдына философияга ширелген жөнөкөй чыгарманы тартуулаган, кыялкеч автор болгон.

Мурза Гапаров 1936-жылы 22-мартта Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. Тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Ал 66 жаш курагында катуу оорудан каза болгон. Мурза Гапаровдун окурмандар көп биле бербеген дагы бир таланты - анын поэзиясы.

"Коштошуу"

Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Эңилип эшик ачып, төрүңө
төрөлөрдү отургузуп
Качангача кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтыңасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата-Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам… (2001-жыл, май)

XS
SM
MD
LG