Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:35

Өткөөл доордун үч залкары


Быйыл Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы.

Быйыл журт аталары, улут устаттары десек жарашкан Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев 120 жылдыгы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик масштабда белгиленип туру.

Эсилим, эгер кайра жаралсаң, биздин элде туула көр деп эңсегидей инсандарды эскерип отурабыз. Дайыма эстеп туруу, баркына жетүү, мурасын баалоо озуйпасы биздин мойнубузда. Көрүнгөн шылтоо издебестен, улуу инсандардын мамлекетти өнүктүрүү, эл жүгүн аркалоо сабагын алуу зарыл. Ушул инсандардын ишмердүүлүгү акыл, абийир, намыс, жоопкерчилик татаал кезеңде да ар кандай мамлекеттин багын ачарына далил боло алат.

Жусуп Абдрахманов (1901 – 1938) - биринчи республиканын биринчи премьер-министри. ХХ кылымдагы эң көрүнүктүү саясий ишмер. Борбордук Азиянын саясий тагдырын аныктаган окуялардын башында турган жана кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү процессин демилгөөчүлөрдүн бири. Өз республикасы гана эмес, коңшу казак журтун кырылуудан кашкөйлүгү менен сактап калган өкмөт башчы. Чыныгы саясий эрдик көрсөткөн инсан.

Касым Тыныстанов (1901 – 1938) - кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору. 24 жашында Кыргыз автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун кыргыз бөлүмүнүн катчылыгын жетектеген.

Касым Тыныстанов 1924-жылы "Окуу китебин" түзүп, андан соң "Чоңдор үчүн алиппени", "Эне тилибиз", "Социалдык-экономикалык сөздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" сыяктуу тилибиздин негизин түзгөн эмгектерди жаратат.

1919-1924-жылдар аралыгында жазган ырларын камтыган "Касым ырларынын жыйнагы" 1925-жылы Москвада басылган. Адабий чыгармачылыгынан тышкары элдик оозеки чыгармаларды, "Манас" эпосун жыйноого көңүл бөлүп, практикалык иштер менен катар бир нече көлөмдүү илимий макалаларды жазган. Кусейин Карасаев менен бирдикте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси болгон.

Кусейин Карасаев (1901-1998) – алгачкы кыргыз түркологу, лингвисти. Окумуштуунун 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү" кыргыз лингвистикалык илиминин башаты. Анын "Накыл сөздөр", "Камус наама" аттуу уникалдуу китептерин Чыңгыз Айтматов "Карасай сөздүк" деп атаган, ушул ат менен элге белгилүү. "Сабат ачкыч" деген китепчесин чыгарып, мугалимдер курстарын уюштуруп, аларга латын тамгасын үйрөткөн. Ал эми Ишеналы Арабаев экөөнүн чоңдор үчүн "Жаңылык" деген алиппе окуу китеби сабатсыздыкты жоюуда эң негизги окуу куралы болгон.

Илимпоз адабият жыйноо боюнча көп эмгек өтөгөн, башкасын айтпаганда да Ысык-Көлдөн айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди таап, борбор калаага алып келген. Ал Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип, чыгармаларын академиянын фондуна жаздырган. Кусейин Карасаев чыныгы полиглот (16 түрк тилин, араб, фарси, немисче билген) жана котормочу болгон. Ал Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джованни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон.

Доор алмашкан, заман аласалган кыйын кезең

Үч залкар инсан тууралуу кеп кылганда бактыга жаралган ошол муун кандай муун эле, кандай сапатка ээ эле, кандай миссия аткарган, кантип аткарган, кандай мурас калтырган, алардын эмгегин баалап, барктап, өрнөгүн улай алдыкпы деген суроолор дароо тартылат алдыбызга.

Быйыл суверендүү жана көз карандысыз кыргыз мамлекетинин жаңы шартта калыбына келишинин 30 жылдыгын белгилеп отурабыз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жана татаал. Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эң биринчилерден болуп мамлекет түзгөн.

Ушул мамлекеттүүлүктүн традициялары Евразиядагы кийин түзүлгөн мамлекеттерге үлгү, түрткү жана аймактагы элдердин тагдырына таасирин тийгизген фактор болгонун эч ким тана албайт. Кайран эл жылдызы жанган же ындыны өчкөн, жеңиш байрагын желбиреткен же жеңилүү ызасын тарткан, кең аймакты ээлеген же бучкактай тарыган, бактыга мол же таалайы колунан учкан ар кандай кезеңдерди башынан кечирди.

Өз алдынча мамлекетке, эгемендүүлүккө байыркы кыргыз элинин тарыхый укугу бар. Бирок да ушул укуктун ар дайым талаш аркылуу жүзөгө ашып, эркиндиктин кармаш менен келмеги мыйзамченемдүү. Эч ким эч качан эч бир улутка эркиндикти, көз карандысыздык менен мамлекеттүүлүктү тартуулабасы бышык. Мамлекеттүүлүк менен эркиндик кыргыздардын умтулган улуттук идеясы, узак тарыхый жолундагы пассионардык мотивациясы болгон. Өз алдынча эркин мамлекет, азат журт кыргыз элинин акыл-оюн бийлеп келген, руханий маданиятынын өзөктүү темаларынын бири, анын тагдырын аныктаган негизги фактор болгон. Ушул миссияны кыргыздардын ар бир мууну ар башка шартта, кырдаалга жараша ишке ашырууга аракетин кылып келген. Баарынын эле колунан келе берген эмес, кай бирлерине тарыхый кырдаал мүмкүнчүлүк бербептир. Ар бир муун акыл дараметине, жөндөмүнө, тарыхый контекстке жараша, түрдүү формада жана мазмунда ошол кымбат озуйпаны, улуттук максатты орундатууга аракетин кылган.

Ушул муундун ар бири кыйчалыш кезде эл керегине жарактуу инсандар. Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Кусейин Карасаев, Төрөкул Айтматов сындуу мамлекетчил инсандардын көйкашка мууну кылымдар бою кыргыздар умтулган идеяны доорго жараша орундата алган.

ХХ кылымдын башында мүмкүн болгон форматта жана масштабда кыргыз мамлекетин калыбына келтиришти. Орто Азиянын улуттук мамлекеттеринин көбү жаңы куралса, булардын багына мамлекетти кайра куруу озуйпасы жүктөлдү. Бирок, Орто Азиянын башка республикаларынан айырмаланып, кыргыз республикасын түзүү процесси бир аз кечигип башталды. Старттык позициясы кемирээк башталды. Калган республика лидерлеринен айырмаланып, кыргыз элитасы жаңы бекемделе баштаган социалисттик республикалардын саясий картасын чийүүгө алардан жашыраак кезде, калктын саны кыйла азайып аралашканы менен анын геосаясий конфигурациясын өзгөртө алды.

Ушул муун доор алмашкан, заман аласалган кыйын кезеңде дүйнөлүк ири жана кубаттуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгы канбаган, кусаматы кайтпаган Борбор Азиядагы түркүн элдин, калың журттун тагдырын аныктаган тарыхый окуялардын башында турду.

1916-жылдагыдай оор трагедияны баштан кечирип, бирок кайра бутуна турган элдер саналуу гана. Сынбаган шагы, көрбөгөн азабы калбаган, катуу сокку жеп, далай жеринен ажырап, туш-тушка чачырап, мүңкүрөй түшкөн кайран элдин Феникс кушу сымал кайра өз мамлекетин түптөп алмагы чанда кездешчү көрүнүш. Көтөрүлүш убагында кыргыздардын теңинен көбү кырылганын окумуштуулар белгилешет. Улуттук-боштондук көтөрүлүшү канды-булоон менен басылган соң мамлекеттүүлүк байрагын кайра булгалап, эркиндик асабасын көтөрүп чыгуу миссиясы кыргыздын чыгаан муунуна жүктөлгөн. Алар мамлекетти калыбына келтирүүнүн ары азаптуу, кооптуу, ары сыймыктуу күрөшүн башын баталгага коюп жүргүзөт.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн балдары

Мамлекетти калыбына келтирген муундун дээрлик баардыгы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн балдары, Үркүндү башынан кечирген. Биз мааракесин белгилеп жаткан Жусуп Абдрахманов, Кусейин Карасаев, Касым Тыныстанов 1916-жылы 15 жаштагы бала болгон.

Ошентип, алар элдин таалайына жаралган эрлер, журт бактысына туулган мыктылар. Баары тең кандуу жылдардын балдары. Таң алдында төрөлгөн балдар. Таң менен кошо аттанган жаш жигиттер 1916-жылдан аз убакыттан соң улуттук республика курууга белсенип киришет. Алардын 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү демилгеси орундалбай калып, 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном областын түзүп, эки жылдан соң Кыргыз автономиялуу советтик социалисттик республикасын курууга жетишет. Ал эми 1936-жылы толук Кыргыз ССРи түзүлөт. Айтмакчы, Кыргыз АССРнын 1929-жылкы Конституциясында (1-конституциясында) кыргыз тилинин мамлекеттик статусу так аныкталган.

Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун мууну кылымга тете эрдик кылган даңазалуу муун. Жаңы курман болгон менен адамды адам кылган, улутту улут кылган баалуулуктар садага чабылган эмес. Алар даяр мамлекетке кокус келген чиновниктер же даяр окуу жайларын башкарган мугалимдер эмес, мамлекетти жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келтирген жана ошол мамлекетти бекемдөөгө жанын сайган мамлекеттик жана саясий, маданий жана илимий ишмерлер, чыныгы интеллектуалдар.

Мындай улуу миссия таланттуу, эрктүү, көйкашка инсандардын маңдайына жазылса керек. Албетте, ар бири өзүнчө индивид болгон улуу инсандардын универсал мүнөздөмөсүн чыгаруу кыйын иш. Бирок окумуштуулар генийлердин жана чыгаан инсандардын өмүр жолу менен чыгармачылыгына мүнөздүү жалпылыктарды, мыйзамченемдүүлүктөрдү издеп келишет. Улуу адамдардын көбү жаш чагында эң көрүнүктүү иштерин жасап, мыкты чыгармаларын жаратканын белгилешет.

Чикаго университетинин психологдору Г. Уолберг, С. Рашер жана Дж. Пакерсон Леонардо да Винчи, Рембрандт, Галилей, Ньютон, Гегель, Наполеон, Дарвин ж.б. сыяктуу жүздөгөн мыктылардын 90% эң бийик интеллектке жана акылга ээ, 75% мезгилинен эрте жетилгенин, 90% оттон-суудан кайра тартпаган жүрөктүү, 75% өжөр, эмгекчил, эрки бекем, болгонун аныктап чыгышкан. Дизраэли, Жефферсон, Линкольн, Черчилль сындуу саясий ишмерлер чечен, сөзмөр, ар тараптуу өнүккөн, чыгармачыл инсандар болуптур. Мына ушул сапаттар биздин каармандарга да толук мүнөздүү. Алар жаңы доордогу жаңы форматтагы мамлекетти курган кезде жыйырманын тегерегиндеги жаштар эле.

Абдыкерим Сыдыков 31 жашында Тоолуу Кыргыз Республикасын түзөм деп жан үрөгөн, Жусуп Абдрахманов 25 жашында биринчи республиканын биринчи премьер-министри, Касым Тыныстанов 20 менен 30 жаштын аралыгында кыргыз тилинин синтаксисин, грамматикасын түзүп, атактуу поэмалары менен драмаларын, ырларын жазган, Ишеналы Арабаев "Алиппени" жана туңгуч окуу китептерин 30 жетпеген жашта жазган. Кусейин Карасаев көөнөргүс сөздүктөрүн 30-40 жаштын аралыгында түзгөн. Алардын көбү эми каруу-күчкө толуп, эми дагы бийик милдеттерди ишке ашыраарда репрессияланды. Алардын эң улуусу 50 жашында курмандыкка чалынды. Атылбай аман калгандары куугунтукка тушукту.

Черчилль демекчи, Британиянын эң атактуу саясий ишмери менен чыныгы элита өкүлү Абдрахмановду салыштыралы. Экөө тең чынжырлуу манаптын тукумдары. Абдрахмановдун ата-теги журт бийлеп жүргөн эл жакшылары. Черчилль герцог Мальборонун тукуму. Экөө тең университетте окубаган, классикалык билим алган эмес, бирок экөө тең академиляык билимге ээ замандаштарынан кыйла билимдүү болгон. Экөө тең сөзгө чечен, жазуучулук өнөргө ээ чыгармачыл инсандар болгон. Экөө тең коомго арналган сөздөрүн, китептерин өздөрү жазган, алардын жалданма спичрайтерлери болгон эмес. Болгону Черчилль узак жашап (90 жаш), кийин Нобель сыйлыгына арзыган чыгармаларды жазуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, ал эми Абдрахманов гүлгүн куракта – 37 жашында атылып кеткен.

Черчилль даяр мамлекеттин өкмөтүн кыйын кезеңде, 2-дүйнөлүк согуш учурунда башкарды, Абдрахманов үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү кураган мамлекеттин өкмөтүн жетектеди.

Ошол муун тууралуу кеп кылганда, алардын дагы бир өзгөчөлүгүн кыйгап өтө албайбыз. Мындай таланттуу, жаркын, жүрөктүү, масштабдуу инсандарды жана жаратман ишмерлер ар бир эле доордо жарала бербейт окшойт. Эл дайым муктаж. Бирок эл дайым андай инсандарды тандай албайт. Дайыма эле андай кашкөйлөр чыга бербейт экен. Заманда журт башына келе тургандарды тандоо критерийлери кедерине кеткенде аргымак болбосо да жарышта озуп чыкмалар болот тура.

Орус адабиятчысы Александр Дружининдин минтип белгилегени бар: "Ум человеческий одинаков во всех столетиях. Поколения людей не глупеют и не умнеют. Каждый век приносит нам один и тот же капитал, но иногда в слитках золота, иногда в груде мелкой монеты". Көрүнүктүү инсандардын тарыхый доорлорго туш келүү, бир доордо чулу алтындай түгөл жаралып, кай бир доордо азыраак болушун түшүндүрүү кыйын. Узак жол баскан ар бир элдин тарыхы татаал.

Устаранын мизинде оодарылган дүйнөдө элдин багына жаралган инсандар гана ошол элдин тарыхый мүдөөсүн, кыялын орундата алат окшобойбу. Генийлерге да тарыхый талап болмогу, алардын зарылчылыгы менен алардын жөндөмү дал келген учурларда Абдрахманов сымал чыгаандар жарк этип чыгат окшойт. Бирок тарыхый муктаждык да негизги фактор эмес. Андай муктаждык ар бир доордо болуп келген. Социалдык-маданий факторлордун бүтүндөй гаммасы, жыйындысы зарыл.

Үч залкар инсанды бириктирген нерсе

Социолог Макс Вебердин айтымында, улуу инсандар өткөөл доордо, бурулуш учурларда көбүрөөк жаралат экен. Ушул доордо гана тарыхый муктаждык даана сезилип, алдында турган милдетти сезген, түшүнгөн жана аткарууга жарактуу инсандардын тобу аренага чыгат. Шекспир улуу инсандар 3 типке бөлүнөт, бирөөлөрү гений болуп төрөлөт, экинчилерине атак-даңк буюрат, ал эми үчүнчүлөрү улуулукка өзү жетет. Биздин макаланын каармандары ошол улуулукка өзү жеткендердин катарына кирген, карандай эмгеги менен доор жүзүн аныктаган инсандар.

Албетте, алар кокус жаралганы жок. Байыркы элдин мыкты сапаттарынын мураскору, улуттук каада-салттарга, акыл-билимге, даңктуу бабалардын жөрөлгөлөрүнө сугарылган, орошон үлгүлөргө тарбияланышкан. Абрахманов акылман саясатчы катары тарыхый процесске шайкеш алдына ири максаттарды коюп, аны ишке ашыруунун жолун туура тандай алганы үчүн республика форматын тандаса, Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаев кыргыз тилин чыныгы мамлекеттик тилге айлантуу процессинин башында турду. Эки окумуштуу тил илиминин, лингвистиканын аталары десек аша чапкандык болбос.

Үч залкар инсанды бириктирген нерсе – мамлекеттүүлүк миссиясы. Ошол муун алгачкылар, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-интеллектуалдык окуялардын анабашы. Сөздүн тике маанисинде жол баштоочулар болушкан. Мамлекет чек ара, армия, бийлик институттары гана эмес, тил, маданият, билим, улуттук акыл-эс. Дүйнөдө эки жүздөй мамлекеттин мамлекеттик тили ошол мамлекетти түзгөн, ошол мамлекетке атын берген, титулдуу улуттун эне тили болгон өлкөлөр ашып кетсе 30 пайызын түзөт. Калгандарынын мамлекеттик тили англис, орус, француз, орус, араб, испан тилдери.

Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев дал ушул маданий, интеллектуалдык миссияны өтөгөн. Касым Тыныстанов түзгөн синтаксис, морфология, орфография, грамматика азыркы адабий тилибиздин бекем пайдубалы. Өз эне тилинде сүйлөй алган, улуттук адабияты бар эл гана улуттук мамлекет түзө аларын Тыныстанов баштаган агартуучулар мууну эң жакшы билген. Түрк, алардын байыркысы кыргыздар рун, грек, арамей, согду, манихей, латын жазууларын пайдаланган, кийин араб, латын, кирилицца тамгаларынын улам бирине кыска убакытта өтүп, жазуу реформасын башынан өткөргөн. Жазуу реформалары, арабча, латын жана кириллица тамгасына өтүүдө жазуу жана сүйлөө эрежелерин түзүү, аны калың журтка жеткирүү машакатын алар эң сонун аткарган.

Алар жараткан синтаксис, орфография, грамматика, жазуу жана сүйлөө эрежелери азыркы кыргыз тилинин илимий негизи. Алар жазма адабияттын пайдубалын түптөгөн окумуштуулар. Зат атооч, ат атооч, толуктооч, бышыктооч, айкындооч – не деген так түшүнүктөр, тилдин татаал кубулуштарын чагылдырган таамай аныктамалар, сөз касиетин чагылдырган, сөз жаратуу, айтуу, жазуу жана түшүнүү процесстерин билдирген табылгалар. Орто Азиянын түрк тилдүү элдери үчүн жазуу эрежелери, тил илиминин калыптанышы орток процесс. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Кусейин Карасаев тил илиминин орток эрежелерин жараткан окумуштуулар, орток лингвистиканын аталары. Кыргыз алиппеси, жазмасы, жазуу эрежелерин казак агайиндерибиз да пайдаланган. И. Арабаев, К. Карасаев жана К. Тыныстановдун эмгеги боордош элдердин илими, жазмасы, адабияты үчүн үлгү эмгек. Дал ошондуктан алар аймакка таандык, орток баатырлар, орток инсандар. Бүтүн муун, бүтүн доор, бүтүн процесс катары караш керекпиз. Бизге кандай баалуу болсо, боордош казактарга да ошондой баалуу инсандар.

Мааракеси белгиленип жаткан залкарлар чыныгы үзөңгүлөштөр. Балким ич ара пикир келишпестиктер болгондур. Баа бере албайбыз, бүгүнкү күндүн астанасынан туруп, кечээки заман баштан өтпөгөн соң, алар минтпей коюптур дешке акыбыз жок. Журт талаш, ырыс талаш, элдин эртеңки таалайын талашта пикирлеш, санаалаш, үзөңгүлөштөр. Аларга коюлган көп айыптын ичинен улутчул деген айып бир эсе туура коюлган кине болчу. Ооба. Алар сөздүн чыныгы маанисинде улут үчүн башы канжыгада, каны көөкөрдө эле. Улут намысы, анын эркиндиги деп күрөшкөн муундун кашкөй өкүлдөрү.

Таалайлуу адамдар. Карапайым пенде, катардагы инсан, карабашыл жан бойдон өмүр кечиргенде не болмок? Элине кызмат кылуу бактысына ээ, көздөгөн мүдөөсүнө жетүү таалайына ээ жашоо кечиришти. Өмүрү текке кетпеген кайран инсандар.

Ушул муундун адабиятта жана көркөм өнөрдөгү образдары жарала элек. А балким кийинки муун жаратар алар тууралуу эл тамшангыдай чыгарма.

Ошолор мурастаган иштин баркына жетип, баалай алдыкпы, уланттыкпы? Бул ар бирибиздин алдыбыздагы оор суроо. Алар мураска калтырган өлкөнү гүлдөтүп жиберген күнү да биз алар алдында милдеттүүбүз.

Мааракесин белгилеп жатабыз. Жакшы. Бирок да маараке учурунда гана кеп кылып, аш-тойдон соң унута түшмөй адатыбызга салганда эми дагы бир он жылдыктан соң эстемегибиз бар. Даңазалуу ошол муун эми да эли-журтуна, Ала-Тоосуна кызмат кылып жатат. Арбагы менен, ариети менен. “Мекендешиме катта” Касым Тыныстановдун 1925-жылы Москвада жарык көргөн жыйнагындагы “Ала-Тоо” ырынан цитата келтирдим эле. Мекенге болгон сезим толгонуусун ушунча күчтүү поэтикалык тил менен берген үчүн, эми да ар бир тыштагы кыргыз ырдаса жарашчудай кайрыктар. Арманга, үмүткө, муңга, кусалыкка, санаага толгон саптар. Ишенимге, киндик каны тамган, кишиликке жанган жерге сүйүүнү, Ала-Тоону жердеген элге урматты, кызмат кылууга дилгирликти билдирген ыр.

Ушул үч залкардын, улут устаттарынын мааракелери тарых алдында, ата-арбак алдында биздин кымбат жоопкерчиликти эске салып, элге кызмат кылуунун ыйык салтын эстетип, журт башын бириктирип, келечекке көз чаптыртып, далай нерсени ойго салып турат.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG