Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:29

Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караш


СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин (Совнарком) Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (ОГПУ) тарабынан өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалгандар.

Өзбекстандын Жогорку соту басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актады. Бул Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур. Кыргызстанда дагы изилдөөчүлөр арасында, коомчулукта совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар - басмачылык тууралуу карама-каршы пикирлер көп.

Укуктук баа берүүнүн максаты эмне? Кыргызстанда басмачылык кыймыл канчалык изилденген жана тарыхый баасын алганбы? "Арай көз чарай" талкуубузда ушул маселеге кайрылабыз. Талкууга коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев, Ош университетинин доценти, басмачылык кыймылды өз алдынча изилдеген окумуштуу Жолдошбек Бөтөнөев катышты.

- Алмаз мырза, суроону сизден баштасак. Басмачылык кыймылдын өкүлдөрүн актап, укуктук баа берүүнүн максаты эмне? Алар реабилитацияга муктажбы? Бул эмне үчүн керек?

Алмаз Кулматов: Биринчиден, өткөн тарыхтын бурмаланган, жазылбай калган, так аныктамасын ала элек окуяларга кайра көз чаптыруу, бүгүнкү күндүн позициясынан баа берүү - табигый көрүнүш. Идеологиялык, саясий дагы максаттар болот. Өзбекстанда алдыда президенттик шайлоо болгону жатат. Коңшу өлкөдө президент алмашкандан кийин демократиялык институттарды калыптандырабыз, сөз эркиндиги деген баалуулуктар бизге дагы тиешелүү деген тезистерди айтылып баштаган.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Азыркы президенти ошондо либералдык көз карашка ыктаганын далилдегиси келип жатпайбы. Басмачылык кыймыл боюнча талкуулар Өзбекстанда мурда Ислам Каримовдун тушунда эле башталган. 1995-жылы Өзбекстан Улуттук илимдер академиясында эки жыл катары менен бир нече талкуулар өтүп, резолюция кабыл алышкан. Муну "Улуттук боштондук кыймылынын көрүнүшү" деп аныктама беришкен. Бирок баары эмес, албетте. Маселен, Бабаханов деген окумуштуусу муну бир беткей идеалдаштырууга болбойт деп чыккан. “Муну этият колдонолу, ошол мезгилдеги алардын ураан-чакырыктары Өзбекстандын суверенитетине, жалпы Борбор Азиядагы стабилдүүлүккө шек келтире турган жагдайлар бар” дегендей ойлорун айткан. Кыскасы, жалпы Борбор Азия чөлкөмүндө Анжиян көтөрүлүшүн, 1916-жылдагы көтөрүлүштү, кулакка тартуу, коллективдештирүү, басмачылык деп аталган кыймылдарга,1937-жылдагы кандуу репрессияга жаңы баа, жаңыча көз карашта аныктама берүү маселеси бардык республикаларга мүнөздүү. Өзбекстан биринчилерден болуп басмачыларды актоо жөнүндө укуктук баа берип жатат. Демек, Башкы прокуратурасынын демилгеси менен болгон мамлекеттик саясат да. Биз дагы биринчилерден болуп 1916-жылды Улуттук боштондук көтөрүлүшү деп, 100 жылдыгын белгиледик.

Талкуунун аудиосун толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:48 0:00
Түз линк

- Басмачылык кыймылды бир беткей эркиндик, өз алдынчалуулук үчүн күрөшкөн деп баалоо туурабы? Жолдошбек мырза, буга кыргыз окумуштуулары тарыхый баасын бере алдыбы?

Жолдошбек Бөтөнөев: Ачык айтканда, биз дагы деле кылчактап Орусиянын көзүн карап олтурабыз. Бизде илимий изилдөөлөр дээрлик жок. Маселен, Өзбекстанда Рустам Шамсутдинов деген Анжиян мамлекеттик университетинде иштеген окумуштуунун эле репрессия, кулакка тартуу, басмачылык боюнча 20-30дай эмгеги бар. Ал мамлекеттик деңгээлде колдоого ээ болуп, Украинага барып, Орусиянын атайын кызматынын архивдерине чейин изилдеген.

Басмачылык кыймылдын таралуу географиясын карсак, Кыргызстандын түштүк аймагында – Фергана өрөөнүндө болуп жатпайбы. Бирок бизде ошону илимий жактан изилдеп, жеткиликтүү талдаганга жарамдуу эмгектер жок.

Ош мамлекеттик университетиндеги басмачылык кыймылга арналган сүрөт көргөзмөдөн. 16-ноябрь, 2016-жыл.
Ош мамлекеттик университетиндеги басмачылык кыймылга арналган сүрөт көргөзмөдөн. 16-ноябрь, 2016-жыл.

Буга баа бериш үчүн терең изилдеш керек. Өзбекстан, Тажикстан, Орусиянын архивдерин казуу зарыл. Ошолорду талдап, анан агын ак, карасын кара деген изилдөөчү жок болуп жатат. Баягы эле советтик тарыхнаамада жазылган боюнча, “этият мамиле кылалы” деп жалтактап келебиз.

Бул багытта биз кошуна өлкөлөрдөн артта калдык. Алар Жогорку сотко чейин берип, коркпой-үркпөй эле, Орусия менен мамилесин бузбай эле, илимий далилдерди таап, актоого киришти. “Сот жараяны болгон эмес, тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен эле атып салган” деп айтып жатат. Бизде деле ошондой көрүнүш болгон. Менде басмачы, аткезчи деп айыпталып атылган 100дөн ашуун кишинин архивдик маалыматтары бар. Алар тууралуу китепти даярдап, басмага берип жатабыз.

- Басмачылык кыймылдар орустардын ак гвардиячылары менен биргеликте аракеттенген учурлары дагы болгон экен. Сырткы күчтөрдүн шыкактоосу, диний факторлор да айтылып жүрөт. Рыскул мырза, муну тарыхый жактан изилдөөдө кыргыз окумуштуулары бир беткей кетип жаткан жокпу?

Рыскул Жолдошев: Саясий жактан актоо – бийликтин укугу. Илимде болсо, бул кыймылдын пайда болуу себебин, ошол кыймылга катышкандар эмнени көздөгөн, кандай саясий максаттарды көздөгөнүн обьективдүү талдоо менен баа бере алабыз. Эгемендик алгандан бери жаңы изилдөөлөр болуп жатат. Мындай да, тарыхчылардын деле субъективдүү талдоосунун негизинде талаш-талкуулар жүрөт да.

Рыскул Жолдошев.
Рыскул Жолдошев.

Акыркы жолу тарыхчылар тарабынан “Кыргызстан тарыхынын” академиялык басылышы жарык көрдү. Мында басмачылык кыймылга “Улуттук боштондук кыймыл” деген баа берилген. Буга баа берүүдө кыймылдын өзүнүн тарыхына токтололу. Ал кантип башталды? Жөн эле совет бийлигине каршы жапайы кишилер чогулуп алып, элди тоноп баштаган эмес. Биринчи кезекте кыймылдын башталышы – саясий эркиндик үчүн. Басмачылык кыймыл - 1919-20-жылдардын соңуна чейин элдик көтөрүлүш катары, 1921-жылдан кийинки мезгил болсо, кыймылдын ири уюшмалары талкалангандан кийин, майда топторго бөлүнүп, алар айрым кезде жан багуу айласы менен каракчылык, зөкүрлүккө өтө баштаган мезгил. Муну советтик пропаганда менен элге каршы кыймыл катары көрсөтүлүп, азырга чейин коомдо талаш пикир бар.

- Биз азыр совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу жалпылап айтып жатабыз. Кыймылдын мүдөөсү бир болгонбу, социалдык базасы кандай эле? Бул жөнүндө тарыхчылардын пикири кандай?

Алмаз Кулматов: Муну этаптарга бөлүп талдашыбыз керек. Качан башталганы деле алигиче талаштуу эмеспи. Булардын бирдиктүү идеологиялык концепциясы болгон эмес. Демек, бул бир аймак менен чектелбей турган, өз алдынча мамлекет куруунун ар кайсыл формада, ар кандай масштабда, ар кайсыл жылдарда көп улуттуу эл катышкан, башчыларынын саясий көз карашы ар кандай болгон күрөш деп, жалпылаштырып атоого болот. Бирок жиликтеп, талдап чыкпасак болбойт. Тышкы күчтөрдүн байланыштары бар. Мунун баарын архивдерден алып чыгып, калыс изилдөө керек. Эч ким буга тыюу салган жок.

Кеп, буга баа бергенде келчегибизди ойлошубуз керек. Басмачылыкта жихадчылык идеясы да болгон, негизги кыймылдаткычы болгон. Азыр ислам фанатизми кулач жайып турган шартта бир беткей идеалдаштыруудан дагы алыс болушубуз керек.

Баа берүүдө анын идеологиялык, саясий куну болот. Кызылдар дагы кандуу булоон түшүрүп, террор кылган. Анан эл баш ийбей жатса... Ал эми басмачылар дагы “каапырдын сөзүн сүйлөйсүң” деп, элди кыйнаган. Бул эми кармаш, жарандык согуш. Эгерде ушунун баары ачыкка чыкса кандай болот? Ушуну дагы эске алууга туура келет. Кеп геосаясий маселеде эмес, кеп өзүбүздүн ички маселеде.

Жолдошбек Бөтөнөев.
Жолдошбек Бөтөнөев.

-Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин басмачылык кыймылга катышкандардын урпактары же изилдөөчүлөр болобу, кайсыл бир кишини актап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган учурлар барбы?

Жолдошбек Бөтөнөев: Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүнөн бир кишинин урпактары документ чогултуп, кайрылам деп жүргөнүн билем. Анын баласы бардык документтерин чогултуп, сотко, прокуратурга кайрылам деп жүргөн эле. Эки жыл болду көзү өтүп кетти. Архивдик материалдары менин колумда бар. Мындайлар, ошол изилденсе, документтерин колго алсак дегендер көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG