Линктер

жекшемби, 21-январь, 2018 Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстандын XX кылымдын башынан берки соңку жаңы тарыхындагы "актай барактарды" изилдеп чыгып, коомдук талкууга алып чыгуу демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстандын тарыхын жаңыча ыкмалар жана калыс методологиялык көз караш менен изилдөө көйгөйлөрү жаш адистерди санааркатууда.

Бул маселеге байланыштуу “Полис Азия” аналитикалык борбору “Өз тарыхын башкача өңүттөн түшүнүү” долбоорун ишке ашыруу алдында турат.

Долбоордун максаты – тоталитардык идеологиянын басымы аркасында коомдук-саясий турмуштагы тарыхка кирбей калган же ооз ачып, ачык айтууга мүмкүн болбой келген жагдайларды иликтеп, тизмектеп чыгуу жана башкаларды бул темаларды изилдөөгө шыктандыруу.

Тарыхка жаңыча көз караш

“Полис Азия” аналитикалык борбору баштаган долбоордун бирден-бир милдети катары ХХ кылымдын башынан берки Кыргызстандын тарыхынын изилденбей келген же болбосо толук эмес жана калыс эмес изилденген жактарын ачып чыгып, аны коомдук талкууга алып чыгуу болуп саналат.

Айрыкча Кыргызстандагы мамлекеттик архивдерде ачылбай турган материалдар же ачылса дагы коомчулукка толук жетпеген тарыхый фактылар талдоого алына турганы белгилүү болду.

Анда буга чейин айтылбай келген "ак тактар" жеке адам тагдырлары аркылуу документтештирилип, дарекке негизделип жарыяланмакчы.

Элери Битикчи
Элери Битикчи

Тарыхчы Элери Битикчи мындай ыкма тарыхтан сабак алып, андагы өксүктөрдү кайра кайталабаш үчүн маанилүү экенин айтты.

Элери Битикчи сталиндик репрессиянын башында турган адамдар кийин анын курмандыгы болгон тарыхый фактылар бар экенин мисал келтирди:

- Жакынкы эле тарыхтагы орчундуу окуялардан сабак албай жатабыз. Сталиндик репрессиянын айрым аткаруучулары саясий куугунтукту жана камоолорду жүргүзгөн болсо, кийин алар өздөрү репрессияга дуушар болгон учурлар болгон. Мына ошондой окуялардан кандайча сабак алыш керек? Азыр деле бизде мыйзамга жана коомдун кызыкчылыгына карап эмес, системага же башкаруучунун кызыкчылыгына иштеген учурлар жүрүп жатпайбы. Башына эч качан иш түшпөчүдөй болгон ал адамдар кийин кайра өз колдору менен курган системанын курмандыгы болуп жатышпайбы. 2010-жылы 7-апрелде канча адамдын каны төгүлдү? Андан сабак алдыкпы? Бийликтин мүнөзү өзгөрдүбү? Албетте, жок.

Актай барактар же бурмаланган "бурулуштар"

Изилдөөчүлөргө усулдук көмөк көрсөтүү жана кеңеш берүү үчүн тарыхчылар, философтор жана публицисттер тегерек үстөл жыйынына чакырылды. Анда ХХ кылымдын башындагы, аз иликтенген же иликтенсе дагы коомчулукка ачык жарыяланбай келген, ошондой эле бир тараптуу көз караш менен бурмаланып чагылдырылган тарыхый жагдайларды жана инсандарды тактап чыгуу менен улам жаңы коомдук талкууга алуу маселеси көтөрүлдү.

Айрыкча падышалык Орусиянын оторчулук саясаты, совет бийлигинин орношу, кулакка тартуу, жарандык согуш, басмачылык кыймыл жана сталиндик репрессия мезгили сыяктуу учурлардагы айрым бир көмүскө жагдайларды ачыкка чыгарып, толуктоо жагы зарыл экендиги белгиленди.

Көз жаздымда калган, тыюу салуунун айынан ачыкка чыкпаган же атайын бурмаланган фактылар менен түшүнүктөрдү коомдун талкуусуна чыгарып, ага баа берүү керектиги өзгөчө баса айтылды.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

Саясат таануучу Сейтек Качкынбай буга чейинки тарыхта "басмачылык" деген ат менен белгилүү кыймылга ушул күнгө чейин татыктуу тарыхый баа бериле электигин билдирди:

- Өзгөндөн Жаныбек казы деген тырмакчанын ичиндеги "басмачы" биринчилерден болуп кулакка тартылып, совет бийлигине жакпаганы үчүн жазаланган биринчи жабырлануучулардын катарында болгон. Бирок ал адамдын чынында ким болгону жана анын мына ошол учурдагы ишмердиги тууралуу ар кандай эмгектер жарыяланса да, ага толук тарыхый баа бериле элек.

Архивге жол жабык

Бирок мындай көз карашка айрым тарыхчылар макул эмес. Алар Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткен чейрек кылымда совет доорундагы тыюу салуудан улам "актай барактар" катары каралып келген тарыхый учурлар боюнча бир топ жаңы илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн мисал келтиришет.

​Бекназаров: Үркүн жакшы изилденген жок

1916-жылдагы кандуу окуяларда кырылгандардын сөөгү 11-августта Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат. Аны Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия уюштурууда.

Тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова тарыхый көз караш өзгөргөнү менен айрым учурларды изилдөө үчүн кээ бир архивдик материалдардын жашыруундуугу азыр деле бөгөт жаратып жаткандыгын кошумчалады:

- Таптактыр эле эч нерсе жасалбай, тарыхый изилдөөлөр совет доорундагыдай деңгээлде калды дегенден алыс болуш керек. Көп тарыхый ачылыштар болду. Эң башкысы, тарыхый көз караш өзгөрдү. Мисалы үчүн мына ошол "басмачылык кыймылга" карата тарыхый көз караш азыр башкача. Совет бийлиги тууралуу көптөгөн жаңы тарыхый маалыматтар жазылып чыкты. Бирок ошого карабастан, азыркы күнгө чейин көптөгөн архивдер жабык турат. Мисалы үчүн репрессия мезгилиндеги архивдер 1990-жылдары саал ачылып, бирок кайра тез эле жабылган.

2017-жылы 15-декабрда бул маселе боюнча өткөн адистик талкууда Кыргызстандын өткөн жана келечектеги бейнесин түзүүгө кимдер жана кандай жагдайлар таасир бере ала турганы жөнүндө кеңири сөз болду.

Айрыкча Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына таасир эткен инсандардын тарыхый ордун жана ролун тарыхый эс-тутум аркылуу калыбына келтирүү маселеси белгиленди. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 изилдөөчү тандала турганы белгиленди.

Алардын тапкан саамалыктары жана башка даректүү маалыматтары www.esimde.org коомдук интернет барагына жарыяланмакчы. Адистердин пикиринде, өлкөдөгү коомдук кеңири талкуу жана жаңы даректүү маалыматтарды байма-бай калайыкка тааныштыруу - Кыргызстандын коомчулугунун, өзгөчө жаштардын, заманбап тарыхый эс-тутумун бекемдөө үчүн өбөлгө болмокчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG