Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кыргыз архивинин арманы жана үмүтү


Кыргызстан архивдик материалдарды сактап калуу, аларды санариптик форматка өткөрүү боюнча инвесторлордун жардамына муктаж.

Өкмөт үч жылдан бери өз каражаты менен Мамлекеттик архивдеги баалуу документтердин жоголуу коркунучуна учураган бөлүгүн сактап калуу аракетин көрүп келет. Учурда Кыргызстандагы тарыхый документтерди сактоочу негизги архив мекемелеринде документтерди сактоочу жайлардын шарттары талаптагыдай эмес.

Шып тиреген таңгакталган кагаздар сакталган кенен имарат Мамлекеттик архивдин саясый материалдар сакталган бөлүмү. Аталган мекеменин мындан башка да бир нече бөлүмдөрү бар. Бизди Мамлекеттик архивдин адиси Нургүл Кожобекова баалуу документтер сакталган жай менен тааныштырды:

- Мында учурда 1924-жылдан берки мамлекеттик иш кагаздар сакталып турат. Биз көрүп турган биринчилерден болуп заманбап технологиянын жардамы менен сактап калууга даярдалган 10-бөлүм. “Кыргыз облустук комитетинин бүткүл документтери,”- деп аталат, тактап айтканда, мында 1924-жылдан баштап 1937-жылга чейинки пленумдардын, курултайлардын, конференциялардын материалдары, стенограммалары, анан токтомдор сакталуу. Бул документтер өтө керек. Бүгүнкү күндө алардын сапаты аябай начарлап баратат. 1927-жылга чейинки айрым документтер көрүнбөй баштады.

Архивдеги кагаз документтер абдан эле эскирген
Архивдеги кагаз документтер абдан эле эскирген

Мындагы документтердин арасында 1937-жылдагы репрессия курмандыктарынын ар биринин жеке маалыматтары тиркелген иш кагаздар да бар экен. Адистин айтымында, ХХ кылымдын башындагы кагаздар жыл өткөн сайын өз сапатын жоготуп, упурай баштайт. Бул жерде турган документтердин алды 90 жылдан бери сакталып келет. Ал эми техникалык мүнөздөмө боюнча сакталган кагаздар сексен жылдан ашкандан кийин пайдаланганга жарабайт. Ошондуктан аны тез арада кайрадан жаңыртуу зарыл:

- Латынча да жазылгандар бар. Мына бул иш кагазы 1925-жылкы экен. Алар үлбүрөгөн кагаздар менен жазылган. Булардын ичинде жазуусу таптакыр көрүнбөй калгандары да бар. Ушул документтердин баарын Кудай буйруса санарипке өткөрүп алсак дурус болот эле. Биздин бөлүмдөгү архивдин көлөмү 600 миң барак. Биз биринчи баскычта быйылкы жылы жүз миң баракты өткөрүп алганы турабыз.

Буга чейин Кыргызстанда башкы архив баштаган мекемелердин бири да өздөрүндө сактаган документтерди заманбап сактоого өткөргөн эмес. Азыркы мезгилде алар турган бөлмөлөр бирде ысып, бирде муздап кетип, анын айынан баалуу документтердин сапаты бузулуп жатат:

- Бул жерде термометр илинип турат. Жылуулук 25 градус, нымдуулук 19 болушу шарт. Бирок ал температура дайыма эле бирдей болуп сакталбай, айрым документтердин сапатына зыян келтирүүдө. Жайында бул бөлмө ысып кетет.

Архивде сакталган документтер
Архивде сакталган документтер

Мамлекеттик архивдин жетекчиси Орунбай Ахмедов үч жыл мурун президенттин жардамы менен сапатын жогото баштаган документтерди сканерлөөчү аппарат алынганын, учурда Кыргызстан боюнча андай аппараттын саны бешөө гана экенин, төртөө муктаж болгон облустардагы архивдерге берилгенин айтты:

- Бул эми толук түрдө санарипке өтүү эмес. Азырынча болгону сканерлеп эле жатабыз. Эми топтолгон материалдарды акырындап санарипке өткөрүшүбүз керек. Биздин атайын программабыз бар. Өкмөт өткөн жылы 23-декабрда өзүнүн 626-буйругу менен бекитип берди. Эми программага ылайык баарын бүтүрөбүз.

Анткен менен Ахмедов кабыл алынган программанын каражат жагы чечилбей жатканын жашырган жок:

- Өкмөт башчыбыз Каржы министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу боюнча департаментке бизге бюджеттик эмес булактардан акча тартуу боюнча тапшырма берген. Орусия менен бул долбоорлорду ишке ашырабыз деген ойлор бар эле. Бирок өткөндө болгон өкмөттөр аралык комиссияда болбой калды. Буйруса ушул жылы долбоорубузду ишке ашырабыз.

Мамлекеттик архивдеги материалдарды санарипке өткөрүү боюнча сунушталган долбоордун суммасы 27 миллион сом деп эсептелген.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG