Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

“Сенектик доорго” кечиккен кошок


Коммунисттик концлагер системасы - ГУЛаг тууралуу карикатура. Украина.
Коммунисттик концлагер системасы - ГУЛаг тууралуу карикатура. Украина.

Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин бул блогунда Кеңеш бийлиги заманында бийликте узак жылдар отургандарды көшөкөрлөнө мактап калчу көнүмүш адатка кайчы пикир билдирип, өткөн кылымдагы “сенектик доорго” арналган кечиккен кошогун сунуштап, “калпыстык кетип, бардыгын жаза албай калсам кечириңиздер” деп окурмандарынан көптөн-көп өтүнөт.

Адатта, тигил же бул инсан о дүйнөгө кетсе, кыргыздарда “маркум жөнүндө жалаң гана жакшы сөз айтуу керек” деген түшүнүк басымдуулук кылат.

Бирок кыргыз коомунда бул сыяктуу жагдайларда да сөз эркиндиги өзгөчө айырмалуу ыкма менен сакталганы да фолклордук мурастан дайын.

Маселен, кошок кошкон учурда көз карашын тайманбай айткан кээ бир кошокчулар жана төкмө акындар маркумдун адилет иштеринен тышкары, калайык үчүн белгилүү же көмүскө болгон калпыс иштерин деле санап өтүшчү. Айрым учурда “аялынын кошогу”, “койчусунун кошогу” деп да атап, кошоктун чыныгы авторун жашырып коюшчу. Ооба, минтип чындыкты айтуу көп учурда оңой эмес. Баарынан оңою – ичтен тынып калуу, чоң опур-топурдун чаңында сүрмө топту ээрчий илээлеп кадам шилтеп, мүңкүрөй илээлеп басуу...

Совет доорунда, айтылуу сенектик мезгилинде чейрек кылым бою Кыргызстандагы жападан-жалгыз Компартияны, атеисттик ири уюмду жетектеген инсан дүйнөдөн кайтты. Бейишке ишенди бекен, билбейм. Тозок бар деп ойлоду бекен, аны да билбейм.

Дал ушул кишинин бийлиги учурунда Кыргызстанда эмне жакшы иш болсо, анын бардыгын ушул кишинин ысымы менен байланыштырып айтып жүрүшөт. Дал ушул кишинин учурунда эмне жамандык болсо, анын бардыгын сырткы күчкө, атап айтканда, расмий коммунисттик Кремлге шылташып, “атаганат, аксакалдын колун бурабаганда, мындай болбос эле да...” деп шыпшынып калышат. Кайсынысы чындык? Эгерде бул жагы же тигил жагы чындык десең, дароо экинчи өңүтүн баса белгилегендер сизди бир тараптуулукта айыпташат.

Ыраматылыктын учурунда кандай жакшы иштер болду эле? Ал “элине кантип кызмат кылды”? Алыс барбастан, Кеңеш бийлиги доорунда жазылган расмий тарых китептерин, идеологиялык багыт берген Кыргызстан Компартиясынын (ККПнын) курултайларынын жана бул уюмдун Биринчи жана башка катчыларынын баяндамаларын, пост-кеңештик доордогу эскерүүлөрүн, аларга арнап дифирамба жазган калемгерлер чүргөгөн китеп же макалаларды окусаңыз эле жетишет.

ККПнын мурдагы катчыларын курулай мактаган популист саясатчылар болсо жок дегенде жер-жерлердеги "дүжүр чалдардын" – мурдагы жергиликтүү партократтардын назарына илингиси келет.

Эми мен коммунисттик Кремлди гана күнөөлөп, өз төбөлдөрүбүздү арачылап калышыбыз керек болгон өксүктөрдүн айрымдарына токтоло кетейин. Бардыгына “сенектик доору” күнөөлүү. Ала-тоолуктар эмес. “Сенектик доорундагы” кыйчалыш учурлар, алардын булагы – коммунисттик Кремл жооптуу. Ала-тоолуктар эмес.

Ушул Кремлдин айынан биз кыргыз тилин 1960-1989-жылдары өксүтүп келбедикпи. Эмнегедир Кремл Өзбекстанда өзбек тилин, Грузияда грузин тилин, Арменияда армян тилин, Балтика боюндагы жумурияттарда эстон, латыш, литва тилдерин чыңдаган экен да, Ала-Тоого келгенде эле “экинчи эне тилиңер ушул” деп орус тилин сүрөөнгө алып, кыргыз тилин жерип жатып калыптыр.

Ал гана түгүл, кыргыз тилинде жогорку математиканы сүйлөткөн Ракым Усубакуновду расмий Кремл кодулаптыр. Кыргызстандын расмий төбөлдөрүнүн буга эч тийешеси болбоптур.

Тарыхты жазууга келгенде, расмий Кремл Бишкектегилердин (ал кездеги Фрунзе шаарындагылардын) колун бурап, орто кылымдардагы Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхын бүтүндөй четке кактырган экен. Бул жобого каяша кылган тарыхчы Өмүркул Караевди “буржуазиялык тарыхчы Николай Аристовдун калпыс илимий жобосун колдойт” деп кыргызстандык коммунисттерге сындатып койгон экен. Ары карап ыйлап, бери карап буркурап жатып бечаралар сындашкан экен.

Расмий Кремл айтылуу кыргыз таануучу, өмүр бою кыргыз этнографиясын иликтеген Саул Абрамзонду да сындагысы келген экен, бирок анда да айлакерлик кылып, бул ишти ошол кездеги Биринчи катчынын колу менен жасаптыр.

1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүн тээ 1920-30-жылдары расмий Кремл ырайымсыз падышалык режимге каршы адилет күрөш деп санап келген, атайын илимий жана башка даректүү материалдарды да жарыялаткан. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, акырындап акыбал өзгөргөн тура. 1982-84-жылдары акыбал ушуга жетти дейсиз, профессор Кушбек Үсөнбаевдин 1916-жылкы элдик көтөрүлүш жөнүндөгү падышалык Орусиянын архивдик маалыматтарына негизделген калыс эмгегинин кол жазмасын (баса айтсак, басмадан чыга элек кол жазмасын) расмий Кремл баса калды. Кимдин колу менен? Албетте, түшүнүктүү... Бечара ККПнын жетекчилиги аргасыздан торго түшүп, тарыхчыны расмий Кремл унчуга электе эле айоосуз сындап бериптир.

Ал эми СССРдин Башмыйзамын койон жатагынан бери иликтеген укукчу Кубанычбек Нурбеков “Кыргызстандын СССРдин курамынан чыгууга укугу бар” деп кеңеш доорундагы Башмыйзамдын беренесине таянып жазып койгон эмгегин расмий Кремл кимдин колу менен жайлаган? Албетте, Биринчи катчы жетектеген жергиликтүү Компартиянын колу менен... Ботодой боздоп ыйлап жатып, бечаралар алиги расмий Кремлдин айтыла элек буйругун аткарышыптыр.

Жаңы муундун өкүлдөрү сурабай койбой турган нерсе ушул: “Эмне үчүн кээде коммунисттик Кремл сүйлөй электе эле, ишаара кыла электе эле, Бишкектеги төбөлгө берки жогорку жакка жага турган кадамдарды жасоо керек болгон?”

Муну советтик расмий тарыхта эч айтылбаган жагдайлар гана ачыктай алат, жаш муун.

Дал ошол доордо улуу курулуштар жана эмгектеги жеңиштер менен кошо эле “жел козулар”, кагаздагы ак пахта тоолору жана тамеки оромдору болгон. Дал ошол доордо сөз жүзүндө эмгекчилердин (жумушчу жана дыйкан табынын жана айдың тобунун) бийлиги орноп, иш жүзүндө партократтар телефон жана түздөн-түз оозеки буйруктары аркылуу башкарып турушкан. Бир далайына компартия мыйзамды бузуудан жалтайлаткан бөгөттүк жагдай болсо, башка бирөөлөр партиялык кызматка таянып алып, мыйзамды эркин бузушкан.

Партократтын маянасынын жүз сому кенчинин маянасынын беш жүз сомунан кубаттуу болгон, анткени партократ үчүн атайын "ички" дүкөндөр болгон, андагы товарларды чырак менен издесеңиз да, карапайым кишилер колдонгон чоң дүкөндөрдөн эч таба алчу эмессиз. Кээде чабандар үчүн көчмө дүкөндөр шаардык модачы айымдардын көзүн кызарткан кундуз жака палтолорду жайлоолорго чейин ташып кетишчү, акыры бул кундуз жака палтолор бери дегенде райкомдун катчысынын аялынын, ары дегенде – Бишкек менен Маскөөдөн келген текшерүүчүнүн "көрөр көзүнүн" далысын кышы бою жылытып калчу.

Катчылар (парткатчылар) өз кызматын сакташ үчүн (б.а. өздөрүнүн артыкчылыктарын өмүр бою узартуу үчүн) бар аргасы менен күрөшөөр эле. Айрымдары ондогон жылдар бою Кремлдин улам жаңы кожоюнунун эбин табаар эле. Ал үчүн өзгөчө демилгелүүлүк жана ийкемдүү көшөкөрдүк далаалаты талап кылынган.

"Кудай жалгап", Кремлдеги бир кожоюн төмөнкү тепкичтегилерди эч убара кылбай, 1964-жылдын тогуздун айынын 14үнөн ССКП БК Биринчи катчысы катары, ал эми 1966-жылдын чын куран (апрел) айынын 8инен тартып ССКП БК Башкы катчысы катары 1982-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 10уна чейин (акыркы деми чыкканча) тактысында туруктуу отуруп берген эле.

Орден, наамдарды алуу жагынан чемпион болгон бул инсанды анын өмүрүнүн соңку жылдары ар кыл жумурияттык коммунисттик курултайларда көбүрөөк мактоо боюнча бейрасмий жарыш жүргөнү эсте. Ким көбүрөөк анын ысымын атап алкаса, ошол киши өз ордунда узагыраак калчу жана зоболосу андан ары өсүшү үчүн жаңы кепилдик жаралчу.

Дал ушул доорду гана “сенектик доору” деп атоого болобу? Өтө талаштуу суроо. Бирок бул доордун так диагнозун коюуга мүмкүн: эки жүздүүлүк. Орусиялык диссидент-дарыгерлер (академик Андрей Сахаров жана башкалар) бул диагнозду сенектик доорундагы коомго эчак эле, бул коом өлүп жок боло электе эле таасын коюшкан. Башка бир айдыңдар бул коомду кыйыр жол менен, каймана тил менен сындап, ошол эле учурда анын расмий сыйлыктарына балкып жүрүштү.

Бул доор - сөз жүзүндө “өнүккөн социализм” кезеңи, элдик коомдун салтанаты, иш жүзүндө болсо - партиялык-бюрократтык номенклатуралык үстөмдүк доору болчу.

Биз ушул доордо туулуп-өстүк, билим-таалим алдык, дүйнөгө көз чаптырдык, далайыбыз Гагариндей болгубуз келди, далайыбыз жок дегенде райкомдун катчысы болсок экен деп эңседик, далайыбыз “Анжела Дэвиске эркиндик!” деп кыйкырып жүрдүк, далайыбыз сакманчы болдук, окууну таштап пахта тердик, далайыбыз жумушчулар жатаканасында өмүр бою жашадык, далайыбыз “Манас” дүйнөсүн сактадык, далайыбыз эне тилди жеридик, далайыбыз “кара тизмеде” кала бердик...

(Ушул жерден кыстара кетсек, “жел козу”, “атайын дүкөн”, “сакман”, “окууну таштап пахта терүү”, “кара тизме” сыяктуу Кеңеш доору үчүн кадыресе сөздөр жана сөз айкаштары жаш муундардын өкүлдөрүнө бейтааныш; буюрса, өзгөчө сөздүктөрдү, сатириктердин, Шайлообек акындын “Агындылары” сыяктуу чыгармаларын окуп, аңдашаар. Бир гана “жел козу” сөзүн түшүндүрө кетейин. Бул – жел үйлөтүлгөн желим козу эмес, чабан жүз тубар койдон 160 козу төлдөттүм деп баяндаса, бирок чынында жүз койдон 120 гана козу телчиктирилсе, мындагы калган 40 козу кагазда гана жашачу, аларды “жел козу” деп “тергеп” коюшчу).

“Кара тизмеде” же обочодо калбоо үчүн, албетте, компартияга мүчөлүккө өтүү керек болчу; ата-бабаң бек, бий, датка, манап, бай, ири соодагер, чоң молдо болсо да, өмүр баянды жакшылап оңдоп жазып, “кедей дыйкандын”, жок эле дегенде “орто дыйкандын” урпагы экениңди баса белгилешиң керек болчу. Бай-манап, кулак, буржуазиячыл, пантүркчү-улутчул ж.б. доолор менен айыпталып, 1920-30-жылдары куугунтукталгандардын урпактарынын бир даары “кара тизмеде” болду, айрымдары тегатын өзгөртүп, жалган турмушту баштан кечирди. Эми гана Чыңгыздын чоң атасы Айтмат – бай кишинин урпагы болгонун, Чыңгыздын таятасы – караколдук ири бай болгонун ачык билип жатабыз, эми гана мурдагы ККП катчыларынын биринин бабасы – айтылуу “заманачы” Калыгул Бай уулу экенин айтып жатабыз.

“Сенектик доорунда” кыргыздын мамлекети менен жазмасы мурда болгон эмес, улуу Ленин гана автономия берди, жазма түздүрүп берди деген жоболорду гана окуур элек. Ал кезде Барсбек каган, Эне-Сай Кыргыз каганаты, руна сымал жазмабыз болгону, тээ Өктөбүр ыңкылабына чейин эле кыргызча китептер жарыяланып келгендиги тууралуу маалыматтар китептердин сыртынан кайып кетчү экен.

Мына ушул “жарымы чын, жарымы жалган” доордо боор көтөргөндөрдүн бир далайы урпактары үчүн “жашыл килемди” азыркыга чейин төшөп кетишти. Далай партократтар каза болду, ККПнын өзү да 1991-жылдын аяк оона (сентябр) айында “шейит кетти”, коммунисттик расмий Кремл да жыгылып, жапайы капиталисттик (“жогортодон ийкемдүү башкарыла турган демократияга” таандык) Кремлге орун берди.

Бирок Ала-Тоодо мурдагы партократиянын мыкчегерлери өздөрүн туураган миңдеген жаңы өкүлдөрдү өстүрүп, аларды “-кратиянын” башка бир улантуучулары катары коомубузга мураска калтырды. Бул мураскорлор бирде “Алга, Кыргызстанга” жапырт киришти, башка бир учурда – бир эле күндө “Ак Жол” партиясынын туусун тутуп калышты. Эми, 2010-жылдан тартып, бюрократиялык эски машинанын бул улантуучулары кайсы партиянын этегин кармаарын чече албай, эси эки болуп, улам бир партияга кире качып жүрүшөт. Бирде атеист, бирде молдо боло калышат. Бирок алардын көөнүн уялаган идеологиясы – бирөө эле. Бул – эптеп-септеп бийлик түзүмдөрүндөгү майлуу жерлерден өзүнө же урпагына орун караштыруу.

Мурда “досуңдун ким экенин айт, сенин ким экениңди айтып берейин” деген накыл сөз бар эле. Аны азыр кээ бир замандаштарыбыз “кайсы партияларга мүчө болуп келгениңди айт, анан сенин ким экениңди айтып көрөйүн” деп башкача түзүп алышыптыр.

Мен "эсил кайран Түркмөнбашынын эрдигин Ашыгабаттын көчөсүндө ары-бери баскан кишилер 30 жылдан кийин кандайча эстешээр экен?" деп кээде ойлонуп калам. Азыр ал көчөлөрдө жалаң гана мактоо угулуп жаткандыр. Ал эми аны тирүү кезинде эле сындаган Худайберди Халлы сыяктуу түркмөндөрдүн чыгаан уулдары бозгунда жүрүшөт. Алар айтып жаткан чындык акыры эл-жерине жетээр...

А биздечи? “Демократиялык” делген Кыргызстанда тарыхый чындыкты толук айтып үлгүрдүкпү? Интернеттеги коомдук тармактардагы ар кыл ой-пикирлерди окуган соң, кыргыз коомунда тарыхый доорлорго акыйкат баа берүү далаалаты ургаалдуу жүрүп жаткандыгына күбө болуп турабыз деп айта алабыз.

Ушул узагыраак созулуп кеткен ой толгоомду – “сенектик дооруна” карата кара сөз түрүндөгү кечиккен кошогумду окуган соң, Эзопко окшошкусу келип, окшой албай калган жерлерим болсо, айоосуз сындап коюңуздар. Бирок макталбай турган жагымды мактай көрбөңүздөр. Мага ачуусу келип, кайсы-бир партияны алдыдагы шайлоодогу тизмеден сызып салгысы келчүлөргө шыбырай кетейин – мен (мурдагы октябрчы, мурдагы пионер, мурдагы комсомол, мурдагы КДКчы) азыр эч бир саясий партияга мүчө эмесмин...

XS
SM
MD
LG