Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

ЛЕОНИД БРЕЖНЕВДИН ТУУЛГАНЫНА 100 ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 19-декабрда Леонид Ильич Брежнев жүзгө чыкмак. Анын мезгили азыр сенектик доору деп аталганы менен, айрымдар аны стабилдүүлүк жана келечекке болгон ишеним заманы болчу деп эстейт.

Леонид Брежнев таланттуу бюрократ жана чыныгы коммунист болгон. Бюрократияга шыгың болбогондо, ал кезде бийликке жетүү мүмкүн эмес болчу, анын канчалык коммунист экенин болсо бир эле мисал көрсөтөт: Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан кезинде ал башка аял менен жашап калган жана согуштан кайтып келгенден кийин мурдагы аялына келип, аны менен ажырашып, үйдөн кеткени жөнүндө жарыялаган. Бирок партия комитети ага - эгер ал ажырашса, эч карьера болбой турганын билдиргенде, Брежнев сүйгөнүн таштап, кайра эски үй-бүлөсүнө кайтып келген жана өмүр бою ал биринчи жубайын сүйгөн.

Леонид Ильич бийликке 1964-жылы партиялык төңкөрүш аркылуу келгенин унутпаш керек, ал тактыда отурган 18 жыл ичинде советтик аскерлер Чехословакиядагы 1968-жылдагы "жибек революциясын" күч менен баскан жана премьер Алексей Косыгин баштайын деген экономикалык реформаларга жол берилген эмес.

Аны менен катар ракеталык куралды чектөө боюнча АКШ менен СССР ортосунда 1972-жылы тарыхый келишим да түзүлгөн жана Никита Хрущев учурунда Кытай менен бузулган мамиле оңолгон.

Бирок, анын бийлигинин экинчи жарымы бир адамга сыйынуу дооруна айланып, бийликке жаш саясатчылар келбей, экономика пландын чегинен чыга албай, чыныгы сенектик башталган. Брежневдин трибунадан айткан: "Советтик элдердин биримдиги азыр мурда болуп көрбөгөндөй бекем…" - деген сыяктуу сөздөрүнө карабастан, чыныгы турмушта андай болбогону карапайым калкты гана эмес, партиялык кызматкерлерди дагы ирээнжите баштаган жана алар өздөрү партиялык жыйындарда бирди сүйлөп, кухняда Брежнев жөнүндө анекдот айта баштаганы коомдун моралдык негиздерин бузган.

Ансыз деле карып калган Брежнев 1982-жылы Ташкенге сапарга келгенде, жардамчыларынын каршылыгына карабастан, авиазаводго да барган жана ал жерде эл чыгып туруп алган бийик жыгач тепкич кулап түшүп, Брежнев анын алдында калган. Ал кырсыктан кийин Брежнев оңоло алган эмес жана ошол эле жылы 10-ноябрда уктап жаткан кезинде дүйнөдөн кайткан.

Азыркы башаламан мезгилде айрымдар Брежнев доорун эстеп, биз өзүбүз билбестен коммунизм учурунда жашаган турбайбызбы деп эскерет:

-Брежнев алдындагы 18 жыл тынч мезгил болчу. Советтик адамдар бир советтик жумурияттан башкага эч нерседен коркпостон бара алчу. Биз үйлөрүбүзгө темир эшик орнотчу эмеспиз, терезелерибизди бекемдечү эмеспиз. Жаштар аскерге чакырылганда эч ким ыйлачу эмес, ырдап-бийлечү. Ал сенектик эмес эле, стабилдүүлүк доору болгон деп айтар элем, - дейт Татарстан тургуну Сергеева.

Мурдагы советтик жумурияттардын жетекчилери азыр чыныгы демократиялык тартип орното албай, өз бийлигин күчөтүү жана узартуу үчүн стабилдүүлүк керек деп айтканды жакшы көрөт. Бирок эң жакшы стабилдүүлүк Брежневдин мезгилинде болгон.

XS
SM
MD
LG