Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Өзбекстанда "басмачылар" актала баштады


СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин (Совнарком) Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (ОГПУ) тарабынан өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалгандар.

Өзбекстандын Жогорку соту басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актады.

Совет бийлигине каршы чыккан деген негизде камалган бул адамдар өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалып, көпчүлүгү ошол жактан кайтпай калган. Бул иштер басмачылыкка карата эки ача көз карашка карабастан, талдоочулар Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур болгонун белгилешти.

Соттун соңку чечими

Өзбекстандын Жогорку соту 25-августта 1923-1938-жылдары мурдагы СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин (Совнарком) Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (ОГПУ) тарабынан өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалган 115 кишинин ишин карап, аларды актоо өкүмүн чыгарды.

Жогорку сот өкүмүн резолюциялык бөлүмүндө актоо өкүмү чыккан адамдарды буга чейин репрессиянын акталбай калган курмандыктары деп тапты.

Бул иштерди сотто кайра кароого өзбек президентинин “репрессия курмандыктарын изилдөө” тууралуу жарлыгы негиз болгон. Ага ылайык, ал репрессияны териштирүү үчүн алты иш козголгон. Анда совет доорунда “басмачылар”, кийин эгемендиктин башында орус оторчулугуна каршы күрөшкөн улуттук-боштондук кыймылынын башчылары деп айтылгандар да бар.

Өзбекстандык жазуучу жана тарыхчы Нобижон Бокий азыр ошол кезде басмачылыкка айыпталгандардын бардыгын актоого жол ачылганын билдирди.

“Ошол мезгилде ал күчтүү адамдардын көпчүлүгү 20-25 жаштардагы жигиттер болгон. Алардын эң эле жашы чоңураагы, жалгыз гана Мадаминбек отуз жаштан бир аз өтүп калган учур болгон. Ал жаш жигиттерде бул жактын саясаты туура, тигил жактыкы туура эмес” талдап, тандап отургандай убакыт болгон эмес. Заман ошондой эле. Босогого душман келип, жихад башталып кетти. Алар эл-жерди коргош керек деген ураан тайманбай чыгышты. Каардуу мезгилдин, жоокерчилик учурдун курмандыктары болду. Ошондуктан тигиндей-мындай деп отурбастан алардын бардыгын актоо керек. Бүттү. Чыгыштыбы? Болду. Алардын бардыгы баатыр. Алар жогортон бирөөнүн буйругун күтүп отурган эмес”.

Мезгилдин мыйзамдары. Каракчыларын кантип актайбыз?

Соттун актоо өкүмүндөгү тизменин башында Иброгимбек корбашы деген ат менен белгилүү Ибрагимбек Чакабаев турат. Советтик тарыхчылар аны Түркстандагы басмачылык кыймылдын башчысы деп сыпаттаган.

Жогорку соттун өкүмүндө Иброгимбек корбашынын жана аны менен бирге 1932-жылы атууга кеткен 16 кишинин иштери анда сотто каралбай эле өлүм жазасына тартылганы көрсөтүлгөн. Алардын жаза чарасы тергөөчүнүн чечими менен эле ишке ашканы белгиленди. Бул актоо өкүмүндө 115 кишинин ар биринин иши тууралуу кеңири маалымат жок.

Өзбекстандык башка бир тарыхчы Шухрат Эргашев совет доорунда баары “басмачы” деп караланса, эми бардыгын тең актаган жараян башталып кетишинен кооптонот.

Тарыхчы Эргашев басмачылык кыймылга тарыхый баа берүү менен чектелүү керек деди:

“Басмачылардын арасында бардыгы эле жүз пайыз басмачы болгон эмес. Арасында түшүнүктүүлөрү да болгон. Алар мекендин эгемендигин ойлоп, анын боштондугу үчүн күрөшүү идеясы менен чыккандары дагы бар эле. Бирок ошол эле кезде арасында ошол мезгилден пайдаланып калуууну көздөгөн каракчылар дагы болгон. Азыр эми кайра бардыгын жалпылап туруп эле судьялык кылып, “бул жагы ак болгон, тигил тарабы кара болгон” деп бир жактуу чекит коюп, чечим чыгарып салганга болбойт. Жапырт актоо жараяны башталганы туура эмес. Алар советтик мыйзамды бузуп, советтик мыйзамдар менен соттолуп, жазаланган. Азыр биз алардын ишин кайрадан алып чыгып, көз карандысыз Өзбекстандын мыйзамдарынын кайсы бир беренелери менен актап жатабыз. Андай көз караш менен барсак, анда азыр бүткүл тарыхты кайрадан карап чыкканга туура келет”.

Ташкендеги бул сот жараяны совет доорундагы басмачылыкка айыптоону актаган Борбор Азиядагы алгачкы окуя болуп калды. Ага “басмачылардын” айрым урпактары катышып, кээ бирөөлөрү көзүнө жаш алганы тууралуу сот залынан тартылган видео тасма тарады. Өзбекстандын Жогорку соту чыгарган өкүмүндө акталгандардын урпактарына акчалай кенемте төлөө жана алардын ата-бабаларынын “басмачылар” деген аталышын жокко чыгаруу боюнча маселени ачык бойдон калтырды.

Кыргыз тарыхындагы бузула элек дың

Ал эми Кыргызстанда басмачылыкка айыпталып, камалган, өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалгандардын саны Өзбекстандагыдан аз эмес. Эгемендиктин алгачкы жылдары тарыхтын бул актай барактары изилденип барып кайра токтоп калган.

ОшМУнун доценти, басмачылык кыймылды өз алдынча изилдеген жаш окумуштуу Жолдошбек Бөтөнөев мамлекетте тарыхты тактоо саясаты жок экенин айтып, ошондуктан Кыргызстан бул маселени эмнегедир көз жаздымда калтырып келе жатканын айтты:

“Бизде басмачылык кыймылдын башында тургандарга, кулакка тартылгандарга жана репрессия курмандыктарына укуктук жана саясий баа бериле элек. Биз муну кыргызстандык тарыхчылар, уялбай-этпей эле моюнга алуубуз абзел. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында бизде Мадамин-бек, Жаныбек-казы, Жусу-казы, Аман-палван, Мойдун-бек, Көр-Шермат, Гаип паңсат, Баястан, Айтмерек-корбашы сыяктуу жана башка басмачылык кыймылдын бир топ көрүнүктүү башчылары болгону ырас. Бирок бизде ушул күнгө чейин алардын тарыхтагы так орду изилденип, так аныктама бериле элек. Алардын ошол кездеги ролу, элге кылган пайдасы жана зыяны тууралуу ар кандай маалыматтар болгону менен так изилдөөлөр жүрүп алардын ишине баа бериле элек. Мунун бардыгы бизде тарыхты тактоо боюнча саясаттын жоктугунан болуп жатат. Бул багытта биз кошуна өлкөлөрдөн артта калдык”.

Совет бийлигине каршы басмачылык кыймыл өзгөчө Фергана өрөөнүндө, Кыргызстандын түштүгүндөгү кеңири жайылганы белгилүү. Буга большевиктер менен дашнак (армян кошууну) кошуундарынын Кокон автономиясын кандуу-булоон талкалоосу негиз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG