Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Кулакка тартуу саясаты жана сүргүн


Украинада сүргүндө жүргөн кыргыз балдар.

“Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз.

Буга чейин жашырын-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз. Трагедияны алдын алуунун бирден-бир жолу - көмүскөдөгү тарыхты, сынган тагдырларды эскерүү.

Жеке адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдырларынан гана өлкөнүн бурмаланбаган тарыхын көрүүгө болот. Бир адамдын таржымалы бир доордун саясатын, ал мезгилдеги кылмыштарды, керек болсо ошол доордун бүтүндөй мазмунун чагылдырып бере алат.

Өткөн кылымдагы cовет өлкөсү тарабынан өз жарандарына болгон эң чоң кылмыштардын бири - кулакка тартуу саясаты. Аталган саясат миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, тагдырын талкалады.

Тоталитардык режимдин адам тагдырын сыноого салган аёосуз саясаттарынын бири коллективдештирүү мезгилиндеги кулакка тартуу саясаты жана социалдык негизде жүргүзүлгөн депортациялар жүз миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоосун башка нукка салды.

Бул саясаттын башы тээ 1918-жылы 8-ноябрда Лениндин "... эгер кулак бүтүн бойдон кала берсе, эгер биз дүйнө жегичтерди жеңбесек, жок кылбасак, анда сөзсүз түрдө падыша жана капиталист кайра келет" деген сөзүнөн башат алат.

ОГПУнун кулактарды тап катары жок кылуу чаралары жөнүндө No44/21 1930-жылдын 2-февралындагы буйругу.
ОГПУнун кулактарды тап катары жок кылуу чаралары жөнүндө No44/21 1930-жылдын 2-февралындагы буйругу.

Ошол миллиондордун тагдырына балта чапкан саясат Ыманбектин үй- бүлөсүн дагы айланып өткөн эмес. Токтобай уулу Ыманбек азыркы Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун жогорку өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Ыманбектин төрөлгөнү бешенесине оор тагдыр жазылып, бардар үй-бүлөдө төрөлсө дагы, балалыгынан эл башына түшкөн оор кезеңдерге күбө болду.

Оторчулук саясаттын запкысы, 1916-жылдагы Үркүн окуялары, 1917-жылдагы революциялардан кийинки оор абал, коллективдештирүү мезгилиндеги кыйынчылыктар өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүнө туура келди.

Ыманбек 1930-жылы 15 баласы, жакын туугандары менен кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалган. Ыманбектин ошол 15 баласынан эң кенже уулу төрт жашаар Асанкадырды гана жылкычысы Такырбаш тонуна орой качып, тай казандын астына катып, балага зар кемпири экөө уул кылып багып алып, кийин өзүнө каттатып алыптыр.

Такырбаш ата.
Такырбаш ата.

"Өмүрүмдө жолуктурган эң муңдуу адам"

Асанкадырдын небереси Лазат Такырбашованын чоң атасы тууралуу эскерүүсү:

- Асанкадыр атам 1996-жылы 25-сентябрда 70 жаш курагында бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Сөөгү Көл-Төр айылына кире бериштеги мүрзөдө жерге берилген. Ыраматылык энем чоң атам бир күн мурун таң заарда туруп, атын токуп алып, эл-жерди кыдырып келип, эртеси төшөгүнөн турбай калганын айтчу.

“Жарыктык, көрсө, ошол күнү баары менен коштошкон экен. Асан кайгы, баласаак киши болчу”, - деп эскерчү энем.

Асанкадыр ата жана Шарипа апа.
Асанкадыр ата жана Шарипа апа.

“Сен өмүрүңдө жолуктурган эң муңдуу адам ким эле?”- деп сурап калды менден жакында эле бирөө. Мындай суроону чынында күтпөгөм. Адамда бир кем болот эмеспи. Көйгөйүн айткан да көп.

Бирок, ошол замат көз алдыма чоң үйдүн чөнтөк бөлмөсүндө жалгыз отуруп алып, үн чыгарып обон созбой эле комузду муңканта черте берген кара-тору кичине абышка тартыла түштү. Көрсө, мен чоң атамды комузу жана муңдуу күүсү менен эстеп калган экенмин.

Кадыр ата мектепте скрипка чертип жаткан учуру.
Кадыр ата мектепте скрипка чертип жаткан учуру.

Чоң атам ошол күүсүн черткенде тээ 1930-жылдары "кулак" деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалып кеткен туугандарын жокточу экен деп коём эми.

Ара жолдо сөөгү көмүлбөй калган ата-энесин, бир туугандарын, ар жакка чиедей тарап кетип, дайыны чыкпай калган бир боорлорун эстечү экен деп коём. Ошондон улам “бооруң бүтүн болсун” деп бата берчү экен деп коём илгеркилер.

Асанкадыр ата неберелери менен.
Асанкадыр ата неберелери менен.

Ыманбек уулу Кадыр. Бөтөн жерден ата журтка узак жол

Сүргүндүн азап-тозогун көрүп, бөтөн жерде он эки жыл күн көрүп, 1941-жылы гана Украинадан бир туугандардын бири Кадыр, сүргүнгѳ айдалган чоң үй-бүлөдөн жалгыз ата журтуна аман кайтып келген.

"Галифе шым, хром өтүкчөн бул карыя менин эсимде. Кат-сабаты жоюлган, китеп-гезит окуган, орусча кыйын сүйлөчү эле", - деп эскерет небереси Лазат Такырбашова.

Балдардын ыйы, ата-тегинен, очогунан куулуп жаткан энелердин көз жаштары Кадыр атанын балалык эсинде түбөлүккө сакталып калган. Андагы тогуз жашар баланын эскерүүлөрүндө бийлик күчтөрү элди, анын ичинде ата-энесин, бир туугандарын жөө-жалаңдатып, кээ бирин араба сүйрөтүп, азыркы Балыкчыны көздөй айдап баратканда Ыманбек эки улуу кызы - Сонунбүбүнү жана Салиманы күйөөгө качырган. Салиманы Тоңдун азыркы Каракоо айылына, Сонунбүбүнү Казакстанга турмушка узатуу алардын өмүрүн сактап калуунун бирден бир жолу экенине Ыманбек атанын көзү жеткен.

Ыманбектин балдары: Асанкадыр, Салима жана Кадыр.
Ыманбектин балдары: Асанкадыр, Салима жана Кадыр.

Фрунзеде куугунтукталган кулактарды вагондорго салып жатканда, ызы-чуу, кымгууттан эки бир тууганы табылбай калганын, ата-энеси Ыманбек байбичеси менен, улуу агалары жолдо каза таап, сөөктөрү талаада калганын Кадыр ата эң чоң муңу катары эскерчү. Депортациялоону жүзөгө ашыруу максатында совет бийлиги жүк ташуучу вагондорду колдонушкан. "Кулак" деп сүргүнгө айдалгандар толтурулган вагондордо дем аларга аба жетпей, жүргүнчүлөр жайкысын ысыктан, кышкысын сууктан абдан кыйналышкан.

Вагондордогу санитардык-гигиеналык шарттар чака менен чектелгенин, салттуу үй-бүлөдө жашаган кыргыз аялдары үчүн бул жагдай өтө оор болуп, заңдан чыккан жыт депортацияланган адамдардын кордугун жана азап-тозогун кыйла күчөткөнү жөнүндө Кадыр ата арман менен айтып берчү экен. Суунун жана тамак-аштын жоктугунан көпчүлүк адамдар көздөгөн жерине жетпей жолдо каза болушкан. Поезддерди куралдуу аскерлер коштоп, качып кетүүгө аракет кылган адамды атып салууга буйрук берилген.

"Украинанын Херсон облусуна жеткенде бир үй- бүлөдөн өзү менен төрт бөбөгү - Табыш, Стал, Кенжакун, Өжөр тирүү калып, алар бала бакчага, өзү интернатка өткөрүлгөн экен. Көздөшүп жүрүп эле кийин таппай калган бөбөктөрүн эстегенде Кадыр атанын үнү каргылданып, каңырыгы түтөп кетчү", - деп эскеришет неберелери.

Бир боорлорунан ажырап калган Кадыр атаны балдар үйүндө иштеген украин аял "сирота" деп жалооруп, башынан сылап, мээримин төкчү экен.

"Сирота деген бөтөн жердеги менин ысымым го деп ойлочумун", - деп айтып калчу Кадыр ата.

Аргасыз көчүрүлгѳн кыргызстандыктардын көпчүлүгү Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында отурукташкан. Азыр бул аймак Херсон облусуна карайт. Кадыр ата дагы Чалбасы айылындагы балдар үйүндө Асанкан Жумакматов, Касымакун Малиевдер менен чогуу окуп, бир интернатта чоңойгон.

Тарыхтын кескин барактары адамдардын бөтөн жерде жашап, кубанып, жергиликтүү маданияттан жана жергиликтүү элден жаңы нерселерди үйрөнгөндүгүн четке какпайт. Украина ар дайым ар түрдүүлүгү жана байлыгы, анын ичинде музыкалык маданияты, ар кандай күүлөрү, аспаптары менен белгилүү. Кыязы, ошол алыскы мектеп-интернатта Кыргызстандан айдалып, сүргүндө жүргөн балдар өзүлөрү үчүн жаңы музыкалык маданиятты жана музыкалык аспаптарда ойноону ачышкан.

Бекеринен Асанкан Жумакматов Херсон районунун Чалбасы айылында сүргүндө жүрүп, Кадыр ата менен биргеликте окуп, келечекте Кыргызстандын чегинен тышкары белгилүү дирижёр болуп калбагандыр. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин улгайып калган Кадыр ата балдардын кучагында скрипкада ойноп жатканын көрөбүз.

Кадыр ата.
Кадыр ата.

Көкүрөгүн өйүгөн арман

Кадыр ата Украинада Валентина деген орус кызга баш кошот. Бир уулдуу болуп, уулунун атып Талип коюшат. Орус жубайы уулун "Толик" деп чакырарын эскерүүлөрүндө айтчу экен. Кадыр ата Экинчи дүйнөлүк согуш башталган соң, туулган жерине кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жолго аттанат.

Жубайы улгайган энесин таштап кете албай, уулу Талип менен калып калат.
Кадыр ата өмүрүнүн аягына чейин уулум, бир боорлорум издеп калабы деп орустардын "Жди меня" телекөрсөтүүсүн калтырбай көрчү экен.

"70 жыл жашоомдун жарымын жашоо деп эсептебейм"- деп айтчу эле деп эскерет келини Бурулсун эже. Бир боорлору кандай тагдырга туш болгонун, өлүү-тирүүсүн билбей калганы өмүрүнүн аягына чейин көкүрөгүн өйүгөн экен.

"Асанкадыр атам да, Кадыр атам да Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан эмес. Ал кезде совет бийлиги “кулактын баласы”, “спецпереселенец” деп согушка чакырбай койсо керек. Кадыр атам согуш мезгилинде айылда жалгыз сабаттуу адам болгондуктан, кампага эсепчи болуп дайындалып, жазгы үрөндү эл ачкачылыктан өлө баштаганда таркатып жиберип, он жыл абакта отуруп чыкканы да бар. Анысына деле эч качан өкүнбөсө керек. Бул адамдардын согушу башка эле", - деп эскерет Лазат Такырбашова (Асанкадыр атанын небереси).

Кадыр Ыманбек уулу абактан чыккан соң мектепте мугалим болуп иштеп, Сталинден кийин бираз жумшарган совет мамлекетинде тынч жашоосун уланткан. Бирок “кызыл империянын” кылыктарынан тарткан запкысы, жакындарынан айрылуунун муңу ичинде кала берген.

1954-жылы үйлөнүп, он эки балалуу болгон. Азыркы учурда он эки баласынан тараган небере, чөбөрө, жек-жааты өзүнчө бир урукка айланган. Кадыр ата 2006-жылы дүйнө менен кош айтышкан.

Маек куруп, атасы, чоң аталары жөнүндѳ айтып берген Жаныбек Такырбашовго, жубайы Бурулсун эжеге жана небереси Лазатка "Эсимде" аянтчасынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Алагөз кызы Гүлзат

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG