Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Үркүндү эскерген жөө жүрүш жыл сайын уюштурулмай болду


Кыргыз Сай.
Кыргыз Сай.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүндү эскерүү иш-чарасы өттү. Эскерүү жүрүшүн “Тосор коому” уюму уюштурганын жетекчиси Тыныбек Жукешов “Азаттык” радиосуна 15-августта билдирди.

Жукешовдун айтымында, трекинг түрүндө уюштурулган акцияга 50 чакты адам катышты, алар жалпысынан 27 чакырым жерди жөө басып өтүштү:

“Биздин Тосор айылыбыздын жанында Кыргын Сай деп аталган жер бар. 1916-жылы ошол жерде 300-500 адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн экен. Элди тарыхыбыздын ошол барактарына кызыктыруу үчүн трекинг түрүндө уюштурдук. 14-августта өткөрдүк. Көлдүн жээгинен баштап Кыргын Сайга чейин барып, жыт чыгарып, куран окудук”.

Жүрүштүн катышуучулары.
Жүрүштүн катышуучулары.

Жукешов мындай жүрүштөрдү жыл сайын өткөрүп туруу, башка ашууларга да баруу пландалып жатканын, бул жолку акцияга "Эсимде" уюмунун өкүлдөрү катышканын кошумчалады.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

Жүрүштүн катышуучулары.
Жүрүштүн катышуучулары.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Жүрүштүн катышуучулары.
Жүрүштүн катышуучулары.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG