Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ысык-Көлдө Үркүн окуялары эскерилди


Үркүндүн курмандыктарына арналган мемориал. Каракол шаары.
Үркүндүн курмандыктарына арналган мемориал. Каракол шаары.

“Тосор коому” бирикмеси 15-августта Үркүн окуяларын эскерип, жөө жүрүш уюштурду. Аталган уюм 2021-жылдын август айынын экинчи жарымынан тарта жыл сайын жөө жүрүш өткөрө турган болду. Бул тууралуу уюмдун төрагасынын милдетин аткаруучу Тыныбек Жукешов билдирди.

“Тосор жана Тамга айылдарынын ортосунда Кыргын-Сай деген жерде 1916-жылы орус жазалоо отряды көл өрөөнүнөн колго түшүрүлгөн кыргыздарды жок кылган. Биз ошол ата-бабаларыбыз каза тапкан жерге келип, аларды эскердик, алар баскан жолдор менен жөө жүрүш кылдык. Бул окуя кыргыздын тарыхындагы эң кайгылуу окуя, жүздөгөн адамдарыбыз өлтүрүлгөн жыл”,- деди ал.

Кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири - Үркүнгө быйыл 105 жыл болду. 1916-жылдагы каргашалуу окуялар жыл сайын августтун биринчи жумасында эскерилет. (KS)

XS
SM
MD
LG