Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Блинкен Ооганстандагы абалды Вьетнам согушу менен салыштырууларды четке какты


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалыктардын Кабулдан чыгып кетип жатышын Вьетнам согушуна салыштырган билдирүүлөрдү четке какты. Ал АКШнын Ооганстандагы миссиясы ийгиликтүү болгонун 15-августта ABC телеканалына курган маегинде билдирди.

"Бул Сайгон (Хошимин) эмес. Биз 20 жыл мурда Ооганстанга бир миссия менен барганбыз. Бул бизге [2001-жылы] 11-сентябрда чабуул койгон адамдардын маселесин чечүү болчу. Ал миссия ийгиликтүү болду", - деди ал.

Эстония менен Норвегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүн Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрүүгө үндөдү. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Замир Кабулов Москва мындай жыйынды уюштурууга аракет кылып жатканын айтты.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Ооганстандагы кризисти өкмөт өкүлдөрү менен талкуулай турган болду. Ал парламентти жайкы тыныгуусун токтотуп, сессия өткөрүүгө чакырды. 13-августта Жонсон Британия Ооганстанды таштап койбой турганын билдирген.

НАТО "Ооганстандын дүйнө менен байланышын камсыз кылуу үчүн Кабул аэропортундагы операцияларды улантууга жардам берип жатканын" жарыялады.

Ушул тапта "Талибан" кыймылы ооган баш калаасы Кабулду курчап турат. Талибдер Кабулга күч менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен кире турганын билдиришкен. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү талибдер менен бийликти өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатканын ырасташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG