Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

ТИМ: Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат


Кыргызстандын ТИМ имараты.
Кыргызстандын ТИМ имараты.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу 15-августта Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыга жакын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

“Министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга кылдат көз салып жатат. Кабулдагы элчилик кадимки тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болууда жана алардын коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүүдө”,- деп жазылган анда.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду курчоого алды. Учурда бийликти тынч жол менен талибдерге өткөрүп берүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарланууда.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов 15-августта "Азаттыкка" маек курду.

Азыр 20 кыргыз жараны калды. Баарынын колунда билети бар. 21-августка чейин учуп кетиши керек”,- деп айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG