Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кабул: "Талибандын" өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшөт


Кабулдагы ооган аскери. 15-август, 2021-жыл.
Кабулдагы ооган аскери. 15-август, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт.

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.

"Талибан" кыймылы учурда баш калаа Кабулду курчап турат. Бир нече саат мурда талибдер ооган баш калаасына күч менен эмес, тынч жол менен кире турганын жарыялашкан.

Ооган президентинин басма сөз кызматы Кабулдун айланасындагы бир нече аймакта ок атышуу болуп жатканын, коопсуздук күчтөрү эл аралык өнөктөштөр менен бирге шаарды көзөмөлдөп турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG