Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Маршал Дустум Өзбекстандын Термез шаарына качты


Абдул Рашид Дустум
Абдул Рашид Дустум

Ооганстандык маршал Абдул Рашид Дустум Өзбекстандын Термез шаарына барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жергиликтүү Хамид аттуу журналистке таянып жазды.

Термез шаары өзбек-ооган чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жергиликтүү журналисттин айтымында, Дустумдун колу Мазари-Шариф шаарын талибдер алгандан кийин өзбек-ооган чегиндеги Аму дарыядагы Достук көпүрөсү аркылуу жекшембиге караган түнү Өзбекстанга киргизилген. Муну өзбек бийлиги азырынча расмий тастыктай элек.

Кечээ Мазари-Шариф шаары жайгашкан Балх провинциясынын губернатору, тажик диоспорасынын лидери Атта Мухаммад Нур "Твиттердеги" баракчасы аркылуу маршал Дустум менен коопсуз жерде экенин жазган.

Ал ооган өкмөттүк күчтөрү Мазари-Шариф шаарын согушсуз талибдерге бергенин жазып, маршал Дустум экөөнү талибдерге кармап берүү үчүн кутум уюштурулганын айткан.

Талибдер экинчи жолу чоң жоготуусуз Мазари-Шариф шаарын алды. Кыймыл биринчи жолу шаарды 1998-жылы алып, 2001-жылга чейин башкарышкан. Анда дагы шаарды коргоону Абдул Рашид Дустум жетектеген. 1998-жылы Дустум Өзбекстанга качып кирүүгө аракет кылган, бирок ошол кездеги президент Ислам Каримовдун буйругу менен Өзбекстанга киргизилген эмес. Дустум Түркияга качууга аргасыз болгон.

Дустум этникалык өзбек. Ал Ооганстандагы өзбек коомунун лидери. 4-августта Түркиядагы узак мөөнөттүү дарылануудан кийин Ооганстанга кайтып келген.

Маршал Ооганстандын саясий лидерлерин талибдерге каршы биригүүгө чакырып, сүйлөшүүнүн ордуна алардын коркунучун күч менен жок кылууга чакырып келген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG