Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Гаитидеги зилзала 300дөн ашуун кишинин өмүрүн алды


Гаити.
Гаити.

Гаитинин жарандык коргонуу агенттиги 14-августта Кариб деңизинде болгон 7,2 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 304 адамга жеткенин, кеминде 1800 киши жаракат алганын билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, өлүмдөрдүн көбү өлкөнүн түштүгүндө болгон, куткаруучулар жабыркаган үйлөрдүн, мейманканалардын жана чиркөөлөрдүн урандыларынан көптөгөн адамдарды коопсуз жерге алып чыгышкан.

Премьер-министр Ариэль Генри бүт өлкө үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык Кызматы билдиргендей, жер титирөө борбор шаар Порт-о-Пренстен 125 чакырымдай батышта, жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 8:30 чамасында катталган.

Жер титирөө Порт-о-Пренс шаарында катуу сезилди, бирок ал жерде чоң зыян келтирилген эмес. 11 жыл мурун болгон 7 баллдык жер титирөө Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн урандыга айлантып, болжол менен 300 миң кишинин өмүрүн алган.

Өткөн айда президент Жовенел Мойзе өлтүрүлгөндөн кийин өлкө саясий башаламандыкка кептелген.

Гаити COVID-19 эпидемиясына каршы да күрөшүүдө. Ал тапта Грейс тропикалык бороону Гаитиге 16-августтун кечинде жетет деп болжолдонууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG