Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

“Талибандын” үрөй учурган зомбулугу


Газни шаарындагы талиб жоочусу. 14-август, 2021-жыл.

Ооганстандагы жайкын тургундар талибдерден эмне үчүн кооптонот? Борбор Азияда интеграциянын жаңы барагы ачылабы? Орусияда улутчул риторика эмнеге күчөп жатат? Дүйнөлүк басма сөзгө баяндамадан окуңуз.

Дүйнөлүк медиа Ооганстандагы соңку кырдаал жана “Талибан” кыймылынын улам бир шаарды басып алып жатканы тууралуу байма-бай жазып жатат.

Ооганстандагы зомбулук

Америкалык The Wall Street Journal басылмасы 12-июндагы макаласында Ооганстандагы уруштун көпчүлүктүн көз жаздымында калып жаткан өңүтүнө токтолуп, талибдер адам укугуна азыртадан эле шек келтирип жатканына көңүл бурду. Макалада айтылгандай, “Талибан” кыймылы өз карамагына өткөн аймактардагы мамлекеттик кызматкерлерге жана аскерлерге тийбей турганын жарыялаганы менен ооган армиясынын өкүлдөрүн өлүм жазасына тартып, жашы жете элек өспүрүм кыздарды никеге турууга мажбурлап жатат.

Макаланын автору Саид Шах ислам дининин суннит багытын карманган талибдер Ооганстандын Газни провинциясынын Малистан районун байырлаган хазар улутундагы шиит азчылыктарына ырайымсыз мамиле жасаганына көңүл бурган. Ал жазгандай, июль айында талиб жоочулары райондогу айылдардын биринде үймө-үй рейд өткөргөн. Жоочулар 40 жаштагы Вазирдин үйүнө кирип келип, ок ата баштаган. Вазир ич тушуна ок жеген жеңесине жардам берейин деп эңкейе бергенде талибдердин огу анын башынын чыкый тушунан кирип, сол көзүнөн чыгып кеткен. Үй-бүлөсү Вазирди он сааттай жол жүрүп, ооруканага алып барып, аман сактап калганы менен келиндин көзү көрбөй калган. Мээси жабыркагандыктан кыймыл-аракети да чектелип калган. Акыры Вазирдин үй-бүлөсү Кабулга качып келген. Бирок алар талибдер эмне үчүн кол салганын алигиче түшүнө албай келишет.

Мындан тышкары The Wall Street Journal басылмасынын макаласында Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз провинциясындагы тынчсыздануу жараткан дагы бир окуя тууралуу сөз болот. Маалыматка ылайык, жакында бул аймакта талибдер айыгышкан салгылашуудан кийин колго түшкөн онго чукул ооган аскерлерин өлүм жазасына тарткан. Кийин жергиликтүү тургундар аскерлердин сөөгүн жерге берүүгө даярдап жатканда бир туткундун көзү оюлуп, экинчи жоокердин кулагы кесилгенин көрүшкөн. Нимроздогу бул окуя тууралуу видео, сүрөттөр интернетке тарап кетип, көпчүлүк тургундардын үрөйүн учурган.

Ал эми июнь айынын ортосунда түндүктөгү Тахар провинциясынын Рустак айылында талибдер жума намазында жергиликтүү тургундарга кайрылып, 15 жаштан өткөн өспүрүм кыздар жана жашы 40ка жете элек жесир келиндер жоочуларга турмушка чыгышы керектигин жарыялаган. Макалада талибдердин мындай талабынан коркуп, 15 жаштагы кызы менен Кабулга качып келген атанын окуясы да баяндалган.

Герат провинциясындагы качкындар. 8-июль, 2021-жыл.
Герат провинциясындагы качкындар. 8-июль, 2021-жыл.

“Эксперттердин айтымында, жоочуларга аял таап берүү талабы “Талибандын” зомбулугу алар 1990-жылдары бийликте турган учурга салыштырмалуу күчөгөнүн көрсөттү. Мындай аракет Сирия менен Иракта аялдарды чоң масштабда сексуалдык кулчулукка кириптер кылган “Ислам мамлекети” террордук тобунун таасирин күбөлөп турат”, - деп жыйынтыктады макаласын Саид Шах.

“Талибан” кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид аскерлер өлүм жазасына тартылганы жана жаш кыздар никеге турууга мажбур болгону тууралуу кабарларды четке каккан.

Борбор Азия интеграция илгерилейби?

The Diplomat басылмасы 12-августта “Борбор Азия лидерлеринин үчүнчү жыйыны: Регионалдык тартипти орнотууга багытталган кичинекей кадамбы?” аттуу макаласын жарыялады. Анда Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттеринин Түркмөнстандын Аваза шаарында 5-6-августта өткөн саммитинин жыйынтыгына басып жасалган.

Автор Филиппо Коста Буранелли Түркмөнстандагы саммитке Борбор Азиянын беш президентинин баары катышканын, бул жолугушуу лидерлерге Ооганстан жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепети тууралуу бир топ регионалдык маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк бергенин белгилеген.

“Борбор Азиядагы президенттердин жолугушуулары конкреттүү жыйынтык болбогону үчүн жана көбүнчө церемониалдуу мүнөзгө ээ болгону үчүн көз жаздымда калып келет. Бирок чөлкөмдөгү учурдагы кырдаалдан жана Борбор Азияда орун алган соңку окуялардан улам бул саммит өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгилеген автор.

Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттери Түркмөнстанда.
Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттери Түркмөнстанда.

Ал биринчиден, Борбор Азия лидерлеринин жыйынга чогулганын өзү эле маанилүү болгонун жазып, бул аракет чөлкөмдө көп тараптуу мамиле солгун болсо да токтоп калбаганын көрсөткөнүн белгиленген.

“Ооганстанда кырдаал курчуп, чөлкөмдө COVID-19га чалдыккандар көбөйүп, экономикалык абал кыйынчылык жаратып жаткан шартта жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжалдан кийин регионалдык лидерлер ички саясатка артыкчылык берип, бейформал жолугушууну дагы жылдырып кое алмак. Өзгөчө Жапаров менен Рахмон чогуу отуруп, бейформал сүйлөшүүгө катышканы кыйынчылыктарга карабастан бери дегенде мунаса табуу процесстери бар экенин каңкуулайт”, - деп жазылган макалада.

Автор соңку жолугушуунун Түркмөнстанда өткөнүн экинчи маанилүү жагдай катары көрсөткөн. Макалада айтылгандай, Борбор Азия лидерлеринин саммити мурда белгиленгендей Кыргызстанда эмес Түркмөнстанда өткөнүнүн эки болжолдуу себеби бар. Биринчиси, чөлкөмдөгү лидерлер кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин нейтралдуу өлкөдө жолугууну туура көрүшү мүмкүн. Экинчиси, Түркмөнстан өзү да регионалдык процесстерге жигердүүрөөк катышууну көздөп жатышы ыктымал.

Макаланын автору лидерлердин бирдиктүү билдирүүсү мурдагыларынан айырмаланып прагматикалык мүнөз ээ экенин, анда экономика, транспорт, илим жана дипломатия тармактарындагы конкреттүү чаралардын белгиси бар экенин айткан. Ошол эле учурда ал Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуядан кийин сунуштаган жаңжалдарды алдын алуучу механизмдер билдирүүдө жок экенин, деги эле анда чек ара чатагы тууралуу сөз болбогонун кошумчалаган.

Автор Борбор Азия президенттеринин саммитин регионалдык тартипти орнотууга багытталган кадам катары мүнөздөгөнү менен лидерлердин сөздөрү иш менен бекемделиши керектигин белгилеген.

Орус саясатчылары Борбор Азияны бутага алды

12-августта “Новая газета” басылмасы Борбор Азиядагы орус улутундагы жарандардын жана орус тилинин абалына байланыштуу Орусиядагы саясий талкууларга көңүл буруп, көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда Орусияда сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында улут картасы менен ойноого аракет кылгандар бар экени, Казакстан менен Кыргызстан “орус тилдирүүлөрдү басынтты” деген дооматка кабалып жатканы жазылган.

“Бир нече күн катары менен орусиялык пропаганда Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикаларды тебелеп-тепсеп жатат. Тил маселесине байланыштуу Кыргызстан менен Казакстанда болгон бир нече окуядан кийин кийин орусиялык саясатчылар бул республикаларда улутчулдук гүлдөп-өсүп жатканы жөнүндө айта башташты жана бул өлкөлөрдүн бийлигине кайрылып, эгер мындай окуялар кайталанса, студенттер үчүн квотаны кыскартуу же эмгек мигранттарын өлкөдөн чыгаруу сыяктуу жооп чаралары болорун убада кылышты. Казакстан менен Кыргызстандын бийлигинин актануу аракети ынандырарлык эмес. Бирок бул республикалардагы улуттук чыңалуунун деңгээлин Москва өзү тынымсыз жогорулатып келет”, - деп айтылат макалада.

Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрүп жатат. 10-август, 2021-жыл. Сүрөт Жириновскийдин "Телеграм" каналынан алынды.
Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрүп жатат. 10-август, 2021-жыл. Сүрөт Жириновскийдин "Телеграм" каналынан алынды.

Макаланын авторлору Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володиндин, депутат Владимир Жириновскийдин кескин билдирүүлөрүнө түрткү берген Кыргызстандагы жана Казакстандагы окуяларды тизмектеп берген. Маселен, июль айында Ысык-Көлдө тогуз жаштагы бала сабалып, аны улай Бишкекте орус тилинде сүйлөгөнү үчүн тейлөөчү кыз ыдык көргөн.

Актау шаарында казак калкынын өкүлүнө орой мамиле кылганы үчүн кечирим сураган орус аялдын видеосу тараган. Мындан тышкары Казакстандагы дүкөндөрдө иштегендердин казак тилин билүү деңгээлин текшерген топтун аракети тартылган видеолор да талкуу жараткан.

“Новая газетанын” макаласына Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору, антрополог Сергей Абашин пикирин билдирген. Анда Абашин Кыргызстандагы эки окуя турмуштук мүнөзгө ээ экенин эске салган жана аларды курчутуу орус саясатчыларынын кызыкчылыгына туура келерин билдирген. Ал сентябрдагы шайлоого чейин аз убакыт калганын, Орусиядагы Володин жана Жириновский сыктуу саясатчылар элдин көңүлүн бурунуу көздөрүн белгилеген. Ошол эле учурда эксперт Орусиядагы нааразылыкты бир гана шайлоо менен түшүндүрүүгө болбой турганын кошумчалаган.

"Биз барган сайын бийлик өкүлдөрүнөн орус цивилизациясы, орус эли, Украинадагы жана башка региондордогу орус тилдүүлөргө өзгөчө камкордук жөнүндө көбүрөөк угуп жатабыз. Бул риторика акыркы эки жылда күчөгөнү талашсыз. Ал тургай мындай өзгөртүүлөр өткөн жылы Орусиянын Конституциясына киргизилген. Бир жагынан, бул улутчулдук идеясы “биз кайда болбосун, орустарга, орус тилдүү адамдарга (Орусиянын жарандарына эмес, орустарга) кам көрүшүбүз керек” деген маанини берет. Экинчи жагынан, бул империялык идея. Анткени анын артында башка өлкөлөргө байкоо салып туруу, аларга эмнени туура, эмнени туура эмес кылып жатышканын айтып туруу ниети жатат. Бул акыркы мезгилде күч алган чоң идеологиялык бурулуш », - деди Сергей Абашин.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG