Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:13

Убадасын бузган талибдердин согуш ыкмасы


"Талибан” согушчулары "Батыш аймакка" кирген Гератта.

Талибан кыймылынын Дохада отурган саясий жетекчилери Ооганстандагы түзүмдөрүн, жер-жерлерде согушуп жүргөн жоочуларын тикелей башкара алышпагандай таасир калтырат.

Талибан кыймылы учурда Ооганстандын теңине жакынын ээлеп алды. Дохадагы сүйлөшүүлөрдө айтылган саясий өкүлдөрдүн убадалары аткарылбай калганы турат.

Саясий маселелер боюнча делген комиссия 2020-жылдын февралында Кошмо Штаттар менен тынчтык келишимди талкуулап жатканда Талибан кыймылы адам укугуна урмат менен мамиле кыларын, ээлик кылган жерлерине чет элдик согушкерлерди киргизбөөгө убада беришкен.

Иш жүзүндө теңирден тескери кетип, Ооганстанда чет элдик согушкерлер жүрүшкөнүн жакында эле "Азаттыктын" тажик жана ооган редакциялары ырасташты, журналисттер четтен келген жоочулар ооган жеринде жайнап жүргөнүн жарыя кылышты.

Уруштарга миңдеген чет элдиктер катышууда, алардын басымдуу көпчүлүгү пакистандыктар, Талибан туусунун алдында согушуп жаткандар жалгыз эле алар эмес.

Ал арада Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жакында эле Газни, Кандагар, дагы башка провинцияларга кол салган талибдер ооган өкмөтү менен кызматташкан деген шек менен басып кирген жерлеринде аскер, полиция кызматкерлерин, ошондой эле жөнөкөй жарандарды кармап, дарга асып жок кылышканын билдирди.

Талибдер ооган өкмөтү менен кызматташкан деген шек менен басып кирген жерлеринде аскер, полиция кызматкерлерин, ошондой эле жөнөкөй жарандарды кармап, дарга асып жок кылышканын билдирди.

Мындай кабарлар Талибан ээлик кылган жерлерде кыймыл жетекчилери тарабынан дайындалган талаа командирлери менен көмүскө губернаторлорго Дохадагы саясий офисте отургандардын таасири жок деле окшойт деген күмөн саноо жаратат.

"Талибандын башкаруусу менен тескеп туруусу жөнүндөгү маанилүү маселеден кабарыбыз жок. Дохадагы Талибан кыймылынын жетекчилери ооган өкмөтү менен кандай бүтүмгө келер экен, жер-жерлердеги уруштарды алар канчалык башкара алат? Азыр баары ушул суроолорго назар оодарып калышпадыбы", - дейт Ооганстандагы коопсуздук маселелери боюнча аналитик Тед Каллахан.

Үстөмдүк жана тескөө

Талибандын расмий өкүлү Забиулла Мужахид "Азаттыктын" суроолоруна берген жообунда кыймылдын жетектөөчү түзүмү кандай экенине токтолуп, Дохадагы саясий маселелер боюнча комиссия соңку күндөрү көп жерлерди басып алган согушкерлерди тике көзөмөлдөй албасын ырастады.

Мужахид "Азаттыкка" жолдогон электрондук катында Дохада жайгашкан саясий офис талибдердин улук башчысы Малави Хибатулла Ахунзаденин алдындагы министрлер кабинетинин жыйырмага жакын комиссия менен офистеринин бири гана экенин белгиледи.

Мужахиддин ырасташынча, Талибан жетекчилиги курамындагы бир гана орган – Согуш иштери боюнча комиссия кыймылдын аскердик уруштарын көзөмөлдөйт. Башкаруунун райондук деңгээлинен провинцияларга чейинки куралдуу кагылыштардын баарын тескөө ошол комиссияга таандык.

Мухажид улук Ахунзада талибдердин диний, саясий жана согуш маселелери боюнча "эң жогорку авторитети" болуп эсептелинерин, анын үч орунбасары бардыгын кошумчалады.

Саясий маселелер боюнча орунбасар Абдул Гани Барадар Молдо Саясий маселелер боюнча комиссияны, Дохадагы Талибан кыймылынын сүйлөшүүлөргө катышуучу тобун жетектейт.

Түштүк провинциялар башчылары боюнча орунбасар Мухаммад Якуб Молдо - Талибан кыймылын негиздөөчү ыраматылык Мухаммад Омор Молдонун уулу.

Талибдердин согушкерлери "Чыгыш аймакта".
Талибдердин согушкерлери "Чыгыш аймакта".

Ахунзаданын Чыгыш провинциялар боюнча орунбасары Сиражуддин Хаккани "Хаккани түйүнү" деген түзүлүштүн башчысы.

Мужахид талибдердин аскердик иерархиясы согуш иштери боюнча комиссиянын ээлигинде турарын, ал жерде Якуб менен Хаккани үстөмдүк кыларын белгиледи.

Башкаруунун бул иерархиясы райондук деңгээлден башталат, ар бир талаа командири провинциалдык башкаруучуга көз каранды, ошонун кол алдында.

Мужахид "Азаттыкка" регионалдык жети "топ" бардыгын, алардын ар бири жок дегенде үчтөн провинциалдык башкаруунун үстүндө экенин белгиледи. Мужахид регионалдык "топторду" Согуш иштери боюнча комиссия жетекчисинин эки орунбасары тескей турганын маалымдады. Алардын бири талибдердин "Батыш аймагы" делген 21 провинция үчүн жооптуу. Экинчи орунбасар "Чыгыш аймагына" кирген 13 провинцияга көз салып турат.

Талибандын согуш иштери боюнча комиссиясы басып алган жерлерге кайсы "губернаторлор", провинция, райондордогу көмүскө өкмөткө кимдер дайындалганын тескеп турат.

Зарыл эволюция

Аналитиктердин баамында, 2001-жылдан тарта Талибан жетекчилик түзүмүнүн акырындап өзгөрүшү жер-жерлерден чыккан чачкын куралдуу согушкерлерди бир топ уюшулган саясий жана согуштук кыймылга бириктирүү зарылдыгынан келип чыккан.

Жетекчиликтеги олуттуу өзгөрүүлөр 2013-жылы кыймылдын негиздөөчүсү Омор Молдо өлгөндөн кийин бири-бирине атаандаш талиб топторунун ыйкы-тыйкылыгын токтотуу амалында жасалган.

Иш жүзүндө бул түзүмдөр пуштундардын уруулук бөлүнүшүнө негизделген, узак жылдар токтолбой жүрүп келген бийлик күрөшүнүн жыйынтыгы.

Кыймылдын бир тарабы Омордун уулун Талибандын кезектеги эң жогорку жетекчиси катары колдоп чыккан. Анын колдоочулары Ооганстандын батыш жана түштүк аймактарында арбын. Тарапташтары кыймылдын жогорку консультативдик жана талибдердин башкаруу кеңешинде - "Кветта Шура" деген аталышта көбүрөөк белгилүү "Рахбари Шурада" дагы бир топ.

Экинчи тарабында — Чыгыш Ооганстан менен Пакистандагы "Хаккани тармактарына" байланышкан талибдердин корбашчылары турат.

Бул Пакистандын түндүк-батышында "Пешавар Шура", ошондой эле Пакистандын Түндүк Вазиристанындагы уруулар тобу жайгашкан жерде "Миран Шах Шура" деген ат менен белгилүү топтор бекем чырмалышкан топ.

2019-жылы АКШнын (USIP) Дүйнө институту жүргүзгөн изилдөөдө Омор Молдо каза болгондон кийин куралдуу топтордун арасындагы келишпестиктерди токтотуу үчүн талибдер башкаруу түзүмүн кыйла өзгөрткөнү белгиленген.

Изилдөөдө талибдер кыйла кабелтең аскердик жана саясий кыймылды түзүп "оголе көп аймактарды басып алып, ал жерлерге өз башкаруусун орнотууга жетишкени" айтылат.

Буга жетиш үчүн Талибан кыймылын көмүскөдөн башкаруу системасы киргизилген. Мындай кадам ар кошкон куралдуу топтордун аскердик жетекчилерине басып алган жерлерине көмүскө өкмөттүн "кызмат адамдарын" дайындоого шарт түздү.

АКШнын Дүйнө институтунун изилдөөсүндө Талибандын көмүскө башкаруусу "туруктуу жана системдүү эместиги" белгиленген. Анын натыйжасында "айрым командирлердин жергиликтүү салтка жана Талибандын жамааттагы күч-кубатын эсепке алган" ар кандай эреже, жол-жоболор иштелип чыккан.

Изилдөөдө кыймылдын негизги эреже-шарты тууралуу мындай деп айтылган: "Оголе көп катышуучулар - Талибан кыймылынын жетекчилигинен тарта жергиликтүү командирлерге чейин Ооганстандагы кыймылдын саясий линиясын аныктоодо жана калыптандырууда чечүүчү ролду ойношту.

Талибандын саясий багытын иштеп чыгууда баары эсепке алынган, текши борборлоштуруу же борборго баш ийбөөчүлүк бирдей каралган, жетекчилик иштеп чыккан эреже-шарттарды жер-жерлердеги командирлер менен согушкерлер деле иштеп чыга алышат, эреже баарына бирдей".

Азыркы Талибан - баарынан үмүтүн үзүп, ачууга буулугуп турган оогандык.
Тед Каллахан.

Каллахандын айтуусунда, Ооганстандын келечегин аныктоочу негизги суроо Талибан кыймылы мындан ары да башкаруунун ушундай түзүмүн сактап, тескеп турууга чыдамы жетеби дегенге барып такалат, өлкөнүн келечеги мына ушуга байланыштуу.

Талибандын күчү дагы топтоло береби же таканчык таба албай ыдырап кетеби, жергиликтүү талаш-тартыштардан ары көтөрүлө албай, улуттук [деңгээлге] жете албай калабы?", - деп Каллахан суроо коёт.

Азыркы маалдагы Талибан

"Эгер жөнөкөй сөз менен мүнөздөй турган болсок, азыркы Талибан - баарынан үмүтүн үзүп, ачууга буулугуп турган оогандык", - дейт Каллахан "Азаттыкка" курган маегинде.

Анын айтуусунда, оогандыкка эч тиешеси жок миңдеген Талибан жоочулары урушта жүрөт.

"Булар азыр пуштундун этно улутчул кыймылы болбой калышкан. 1990-жылдарга салыштырмалуу кыйла ар кыл болуп калган", - деген Каллахан.

Тажикстандык согушкер Ооганстандын түндүк позициясында.
Тажикстандык согушкер Ооганстандын түндүк позициясында.

Америкалык Демократияны коргоо фондунун (FDD) ага илимий кызматкери Билл Роджио 2020-жылы Дохада келишим түзүү кезинде талибдер берген убадага ишенбейт. Талибдер адам укугун урматтап, ээлик кылган жерлеринде чет элдик жоочулардын болушуна жол бербейбиз дешкен.

Демократияны коргоо фондунун Long War Journal журналынын улук редактору Роджионун пикиринде, ушу тапта Талибан Ооганстан Ислам Эмирлигин орнотуп, ислам укугунун катаал түшүнүктөрүн ооган калкына күчтөп киргизүү аракетин жасоодо.

Роджио ушу таптагы Талибан менен 1990-жылдардын соңунда Ооганстандын көпчүлүк аймактарын каратып алган кезиндеги Талибандын ислам режиминин айырмасы чоңдугун жакшы билет.

Талибандын көпчүлүк согушкерлерин оогандыктар түзөт. Ал жерде оогандыктар үстөмдүк кылат. Бул маселе сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен кыйла татаал, арасында Пакистан менен Ооганстанда жайгашкан "Хаккани түйүндөрү" сындуу согушчул топтор бар", - деди Роджио "Азаттыкка" курган маегинде. - Этникалык көп өзбектер, тажиктер, түркмөндөр, айрым жерлерде оогандашып кеткен этникалык хазарлар жүрөт - алардын баары Талибандын бир бөлүгү. Кийинки жылдары Талибан чачкын жамааттардын тилин таап, катарына тартууга жетишти. Бүгүнкү Талибан менен 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарга каршы жасалган террордук актыларга чейинки Талибандын ортосунда оңурайган айырма жатат".

Талибдердин катарында согушуп жүргөн жанкечтилердин арасында "Ал-Каиданын" бир бөлүгү эсептелген Жакынкы Чыгыштан келген, Пакистан менен Борбор Азиялык согушкерлер толтура.

Роджионун айтуусунда, Ооганстанда талибдердин катарында согушуп жүргөн жанкечтилердин арасында "Ал-Каиданын" бир бөлүгү эсептелген Жакынкы Чыгыштан келген, Пакистан менен Борбор Азиялык согушкерлер толтура.

Дагы айтсак, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына байкоо салуу жана аналитикалык колдоо тобунун баяндамасында Ооганстанда согушуп жаткан Талибандын болжол менен 85 миңдей согушкерлеринин 10 миңдейи чет өлкөлөрдөн келип согушуп жүргөн жанкечтилер экени белгиленген.

Согушкерлердин 6500гө чамалуусу - Пакистан жарандары, калгандары болсо Борбор Азиядан, Чеченстандан же Жакынкы Чыгышта калган "Ал-Каиданын" мүчөлөрү.

БУУнун байкоочулар тобунун бүтүмү боюнча, талибдердин башкалар ["Ал-Каида"] менен алакасынын чок ортосунда — "Хаккани тармактары" турат. Идеологиялык шайкештикке негизделген бул эки топтун байланышы буга чейин эле тыгыз болчу, согушчул топтордун өкүлдөрү менен никелешип, жалпы күрөштө чогуу кан төгүп, байланыш-катыштарын бекем чыңдап алышкан.

"Азаттыктын" тажик редакциясынын эксклюзивдүү репортажында Талибан Ооганстандын түндүгүндө чек арага жакын басып алган беш райондун башчысына Тажикстандан барган согушкерлердин командирин дайындаганын документтер менен ырасталган.

Махди Арсалон деген ат менен белгилүү 25 жаштагы согушкерлердин башчысы Тажикстандын Рашт өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Шербегиён деген кыштакта эрезеге жеткен. Арсалон менен согушкерлерин Ооганстанда "тажик талибдери" деп коюшат.

Чын-чынына келгенде, алар мындан он жыл илгери Дүйшөмбү өкмөтүн алып түшүү үчүн мурдагы тажик оппозияциясы негиздеген "Жамаат Ансаруллах" согушчулар тобунун мүчөлөрү.

"Жамаат Ансаруллах" - Тажикстанда тыюу салынган террорчул топ.

"Азаттыктын" кабарчылары Ооганстандын түндүк-батышында өзбек согушкерлери жүрүшкөнүн маалымдашты, булар Өзбекстанда тыюу салынган "Өзбекстандын ислам кыймылы" (ӨИК) менен байланыштагы топ.

Абдул Гани Барадар Дохадагы сүйлөшүүлөрдө талибдер тобун жетектейт.
Абдул Гани Барадар Дохадагы сүйлөшүүлөрдө талибдер тобун жетектейт.

Бадгис провинциясынын губернатору Хоссамуддин Шамс "Азаттыкка" Ооганстандын түндүгү менен батышынын айрым жерлеринде өзбек согушкерлери Талибандын уруштарын башкарып жүргөнүн билдирген.

Шамстын айтуусунда, болжол менен өзбек согушкерлеринин 80 үй-бүлөсү 2018-жылы Пакистандын Бадгис провинциясынан көчүп келип Ооганстандын Бала-Мургаб районунда жайгашкан.

Губернатор өзбек талибдеринин көбү Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлеринин балдары экенин айтты, алар 2001-жылы Тахар провинциясында Түндүк альянсына каршы согушкан Талибан кыймылына көмөк көрсөткөнү үчүн 2001-жылдын аягында Пакистанга качууга мажбур болушкан.

Ооганстандын түндүктөгү коңшулары Борбор Азиядан чыккан Талибан жоочулары жыйынтыгында жерине кайтып, козголоңдорду уюштуруусунан кооптонууда.

Ооганстандын түндүгүндөгү атайын максаттагы америкалык күчтөрдүн мурдагы кеңешчиси Каллахандын ырасташынча, талибдердин катарында эч кандай чет элдик согушкерлер жок деген билдирүүлөрү "чындыкка дегеле коошпойт".

"Ушу тапта талибдер басып алган жерлерин башкарууга согушкерлери жетишсиз болгондуктан, алар четтен келген лашкерлерди пайдаланууга мажбур болуп жаткандай таасир калтырат. Ортодо мунаса табылгандай болуп турат. Талибдердин түндүктөгү ыкчам чабуулдарына чет элдик согушкерлер катышканы тууралуу маалыматтар чыгууда, себеп дегенде, көп учурларда оогандык, пакистандык согушкерлердин саны жетишсиз болуп калууда", - дейт Каллахан.

Каллахандын айтуусунда, Бээжин Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясындагы уруштарга талибдер Кытайдын түндүк-батышындагы этникалык уйгурларды пайдаланышынан кооптонуп отурат.

Нангархар провинциясындагы согушкерлер.
Нангархар провинциясындагы согушкерлер.

Каллахан Талибандын катарында чет элдик согушкерлер бардыгын танып, моюнга албайт деп эсептейт:

"Кытайдын болочок Ооганстандагы ролуна үмүтү чоң. Бээжиндин бийлик кимде болуп каларын эсепке алып - азыркы ооган өкмөтүнө да, Талибанга да назар оодарып, этият мамилени карманып турат. Ошон үчүн кимиси бийликке келсе ошонусу менен кызматташууга даяр. Талибан менен коюн-колтук алышкан чет элдик согушкерлер, өзгөчө уйгур согушкерлери Кытайдын Талибан менен болчу мамилесин салкындатат".

Талибан ооган коопсуздук күчтөрүнө өч

Сыртынан караганда Талибан жоокерлеринин саны жана технологиялык кубаттуулугу жагынан Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнө тең келе албастай көрүнөт.

Бирок аналитиктерде шек жараткан дагы бир жагдай бар, Ооганстанда башка бир учурлар, анан да кагазда жазылгандын баары эле турмуштук реалдуулукка туура келбеген жайы бар.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, Коргоо министрлигине баш ийген аскерлерди, Ички иштер министрлигинин карамагындагы полиция күчтөрдү кошкондо баарысы биригип келип Талибандын активдүү согушкерлерине караганда, болжол менен үч эсе көп.

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча америкалык атайын башкы инспектор Конгресске жолдонгон соңку баяндамасында оогандык коопсуздук күчтөр аскери, атайын күчтөр, аскер-аба күчтөрү, полиция менен чалгын офицерлери чогулуп 370 миң кишини түзөрүн кабарлаган.

Виржиния штатынын Арлингтон шаарындагы CNA иликтөө уюмунун коопсуздук боюнча эксперти Жонатан Шроден ооган өкмөтүнүн колунда болжол менен 180 миңдей аскер кызматкери бардыгын айтат.

Ооганстанга акча Кошмо Штаттардан келет, 2001-жылы Талибан бийлиги кулатылгандан бери 83 миллиардга жакын доллар ооган коопсуздук күчтөрүн кубаттандырууга, техникалык жабдууга, окутууга жана колдоого жумшалган.

Ооганстан аскерлери Кошмо Штаттардан бронетехника, аскердик учактарды, артиллерия, кол салуучу куралдарды, түнкүсүн көрсөтчү көз айнектерди, ошондой кишиси жок учуучу аппараттарын алган.

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын башкы инспектор ооган куралдуу күчтөрүндө аскер учактары бардыгын, алардын саны 167 учактан, ошондой эле тик учактардан турарын маалымдады.

Анткен менен кийинки эки жылдыкта Кабулга берилген аскердик куралдар менен ушу тапта урушка жарай турган курал-жарактардын болушу – ортолук айырмасы чоң.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Black Hawk тик учагынан түшүүдө.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Black Hawk тик учагынан түшүүдө.

Учурда оогандык аскерлердин абалы, жарак-жабдыктары тууралуу маалыматтар жашыруун.

Анткен менен расмий эмес маалыматтарга таянып, ооган өкмөтүнө жана бийликти колдогон ыктыярчыларга берилген куралдардын кыйласы жарабай калган же чабуулдарын уламдан-улам күчөтүп жаткан Талибандын колуна түшүп кеткен деп болжолдоого болот.

Роджио менен Каллахан согушта күчөп жаткан Талибандын колундагы курал-жарактардын баары Ооганстандын өзүнөн табылган, тартылып алынган деп эсептешет. Алардын айтуусунда, согушкерлер жакында эле өкмөттүк күчтөрдөн тартып алган курал-жарактар менен аскердик техникалардын баары батыш өндүрүшүнөн чыккан, ошол эле кол салуучу куралдар, автоунаалар жана түнкүсүн көрсөтчү көз айнектер убагында ооган аскерлерине берилген.

Согуштук жарак-жабдыктарга 1980-жылдары ооган-совет урушунан кийин өлкөдө калып калган ок атуучу куралдар, жеңил жабдуулар, тактап айтканда, советтик АК-47 автоматы, реактивдүү гранатометтор менен минометтор да кирет.

Талибан кыймылы боюнча эксперт Антонио Жустоцци талибдер ушу тапта зениттик жана танкка каршы куралдарды колдонууга аракеттенип жатышканын билдирди.

Талибдер өтө коркунучтуу куралдарды жеңил ракеталарды, өзүн жардырып ийчү жардыргычтарды колдонушат.

Эксперттер жергиликтүү жашыруун базарлар талибдерди курал-жарак жагынан камсыздап турарын айтышат.

Пакистандан ташылып келген химиялык жер семирткичтер Ооганстандын түштүгүндө да, чыгышында да талибдердин кол менен жасап алчу жардыргыч заттарга айланууда.

Бирок да Пакистандын, Ирандын, ошондой эле Орусиянын расмий өкүлдөрү Кабул менен АКШнын куралдуу күчтөрүнүн ооган талибдерин курал-жарак менен жашыруун камсыз кылып турат деген айыптоосун четке кагып, аларга эч кандай колдоо көрсөтүлбөгөнүн айтып келет.

Макаланын түп нускасы РСЕ/РС казак кызматынын сайтында.

Макаланы даярдоого "Азаттыктын" ооган редакциясынын кабарчылары катышты, коопсуздук чараларынан улам алардын аты жазылбады. Ошондой эле "Азаттыктын" тажик редакциясынын материалдары да пайдаланылды.

Автор: Рон Синовиц. Англисчеден Алиса Вальсамаки которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG