Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:06

Талибан эки ири шаарды басып алды


Талибан менен өкмөттүк күчтөрдүн салгылашуусу маалында болгон жардыруу. Кандагар шаары. 12-август, 2021-жыл.

Талибан кыймылы жума күнү Ооганстандагы аянты боюнча Кабулдан кийинки эле экинчи ири шаар Кандагарды басып алды.

Ошондой эле өлкө батышындагы Герат шаары бир нече күнгө созулган айыгышкан кармаштан кийин талибдерге өттү. АКШ элчиликтеги кызматкерлерин чыгарып кетүү үчүн Ооганстанга үч миң кошумча аскер жиберерин билдирди.

Талибан Кандагар менен Гератты ээледи

Соңку бир сутканын ичинде Талибан кыймылы Ооганстандагы беш провинциянын борборун басып алды. Анын ичинде аянты боюнча экинчи чоң шаар Кандагар жана батыштагы Герат калаасы дагы бар. Ошондой эле согушкерлер түштүктөгү Гилменд провинциясынын борбору Лашкар-Гахты да ээлешти. Бул шаар "апийим борборлорунун" бири катары аталып келет.

Талибдердин мындай чабуулунан улам Вашингтон АКШнын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлерин чыгарып кетүү үчүн Ооганстанга жакынкы 48 саат ичинде 3000 аскер жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби билдирди:

"Үч батальондо үч миң аскер болот. Алар Кабулдагы армияга кошулат. Азырынча ооган баш калаасында 650 аскерибиз бар".

Британия дагы өз жарандарын коопсуз чыгарып кетүү үчүн Ооганстанга 600 аскер жибере турганын билдирди. Коргоо министри Бен Уоллес 13-августта Ооганстанга кайра "Аль-Каида" сыяктуу террордук топтор кайтып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Талибдердин ийгилигинин себеби

Талибан кыймылы Ооганстандагы 34 аймак борборунун 14үн өз карамагына алды. Айрым эксперттер жоочулардын тез арада ийгиликке жетишин ооган армиясынын чабалдыгынан көрөт. Алардын бири "Демократияларды коргоо фондунун" илимий кызматкери Билл Рожионун айтымында, ооган өкмөтү армияга тиешелүү шарт түзүп берген эмес.

"Ооган армиясы көптөр коррупциялашкан деп эсептеген өкмөт үчүн согушуп жатат. Аскерлер аларга эч кандай ресурс бербеген, тиешелүү шарт түзбөгөн бийликти коргоо максатында согушууда. Көптөрүнө айлап, жылдап маянасын төлөшпөйт. Айрым учурда көмүскө базарда мунай, курал-жабдык сатып акча табышат. Кээде талибдерге да сатышат. Аскерлер талибдердин курчоосунда калганда аларга жардамга кошумча күч келбейт. Ошондуктан аларда өкмөт үчүн жанын аябай согуша турган мотивация деле жок. Бул Талибан кыймылынын өлкө боюнча ийгиликке жетип жатышынын негизги себеби", -дейт Рожио.

АКШ президенти Жо Байден бул жумада Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү чечими боюнча өкүнбөй турганын белгилеп, 20 жыл ичинде Вашингтон бул согушка бир триллион доллар сарптап, миңдей аскерин жоготконун кошумчалады. Ал эл аралык коалиция күчтөрү быйыл сентябрга чейин чыгарыларын апрель айында жарыялаган. Ошондон бери талибдер өз чабуулун күчөттү.

АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери Митч МакКоннел Вашингтондун Ооганстандан аскерлерин чыгаруу стратегиясын сынга алып, Байденди ооган күчтөрүнө кошумча жардам көрсөтүү милдеттенмесин алууга чакырды.

"Болбосо "Аль-Каида" менен "Талибан" 11-сентябрдагы терактын 20 жылдыгын Кабулдагы биздин элчиликти өрттөө менен белгилешет", - деди ал.

Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин ооган президенти Ашраф Гани менен сүйлөшүп, Вашингтон Ооганстандын коопсуздугуна жана туруктуулугуна мурдагыдай эле инвестиция саларын, ошол эле учурда саясий чечим табылышына кызыкдар экенин кошумчалашты.

Жыйынтыксыз сүйлөшүүлөр

2020-жылдын башында ошол кездеги АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кол койгон келишимге ылайык, талибдер Америка башында турган чет элдик күчтөргө кол салбоо милдеттенмесин алган. Ошондой эле алар Кабул менен тынчтык келишим түзүүгө макул болушкан.

Анткен менен Катарда улам башталган сүйлөшүү эч бир жыйынтык бере элек. Пакистандын премьер-министри Имран Хан талибдер Гани мамлекет башынан кетмейинче сүйлөшүүлөрдөн баш тартышканын бул жумада билдирди. Ооган бийлиги Исламбададды талибдердин лидерлерин колдоп келгенин сындап келишет. Пакистан мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG